Загрузка документа…
ТҮП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Түп айылдык кенешинин ХХIX-чакырылышынын
IV – cессиясы
2025-жылдын 21-январындагы №17
Түп айыл аймагында катуу таштанды калдыктарын чыгаруу боюнча тарифтерге өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-беренесинин
2-пунктунун 4,11-бөлүмчөлөрүнүн негизинде, Түп айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын IV – cессиясы токтом кылат:
1. Түп айыл аймагында жашаган тургундар үчүн Кыргыз
Республикасынын Бюджеттик Кодексинин №48-беренесинин “Калктуу конуштардын таштандыларын чыгаруу үчүн жыйым” 9-пунктуна ылайык 24 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Түп айыл өкмөтүнө караштуу Түп муниципалдык коммуналдык
тиричилик чарбасы” мекемесине катуу тиричилик ташатандыларды (КТК) чыгаруу боюнча тарифтерине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
· 1 кожолука (жеке жактарга):
- 1айга - 100сом, багаар-көрөөрү жок жалгыз бой карыларга акысыз.
- келишимдин негизинде 1 контейнерге – 300сом
· Мекеме, уюмдарга:
- Ар бир кызматкерге 1 жылга – 200сом
· Коммерциялык жактарга:
- Чоң соода түйүндөрү жана ашканаларга 1 контейнер алуу үчүн
1 тапшырыкка - 500сом
- Кичине соода кылуучу түйүндөргө, чач тарач, павильондорго ар бир жумушчу адамга 1 айга – 200 сом
3. Бул токтомду маалымат-массалык каражаттарына жарыялап,
Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин каттоосунан өткөрүү жооптуу катчы Ж.Ишембаевага милдеттендирилсин.
Төрага Абдымамбетов А.Б.