Загрузка документа…
ТҮП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Түп айылдык кенешинин ХХIX-чакырылышынын
V – cессиясы
2025-жылдын 7-февралындагы №28
“Түп муниципалдык коммуналдык-тиричилик чарбасы”
мекемесин кайра уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 65-беренесин жетекчиликке алып жана 51-беренесинин 1-пунктунун, 54-беренесинин 9-пунктунун негизинде Түп айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын V – cессиясы токтом кылат:
1. Түп айыл аймагындагы жергиликтүү маанидеги маселелерди
натыйжалуу жана ыкчам чечүү, ошондой эле өз аймагынын чектеринде экономикалык өнүгүүнү стимулдаштыруу максатында “Түп муниципалдык коммуналдык-тиричилик чарбасы” мекемеси кайрадан уюштурулуп жаңы муниципалдык ишкана түзүүгө макулдук берилсин.
2. Жаңы түзүлгөн муниципалдык ишкананын уюштуруучусу
болуп, Түп айыл аймагынын айыл өкмөтү белгиленсин.
3. Муниципалдык ишкананы түзүп жана андан ары иш алып баруу
жагы Түп айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Э.Джузеновго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду маалымат-массалык каражаттарына жарыялап,
Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин каттоосунан өткөрүү жооптуу катчы Ж.Ишембаевага милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү өзүмө калтырам.
Төрага Абдымамбетов А.Б