Загрузка документа…
ТҮП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Түп айылдык кенешинин ХХIX-чакырылышынын
кезексиз cессиясы
2025-жылдын 28-февралындагы №35
Түп айыл аймагынын 2025- жылдын 1-январына бош калган акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2.2.-пунктунун негизинде жана Түп айылдык кеңешинин бюджет, экономика, ишкердик, тышкы экономикалык байланыш, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын жана Түп айыл өкмөтүнүн башчысынын долбоорун угуп жана талкуулап, Түп айылдык кеңешинин ХХIX -чакырылышынын кезексиз сессиясы токтом кылат:
бюджетинен 2025- жылдын 1-январына бош калган акча каражаттары төмөнкүдөй бөлүштүрүлсүн:
2025-жылга карата подрядчиктерге болгон карыз, калдык:
- “Би Корпорейшн” ЖЧКна Түп айылындагы үстү жабык кичи футбол аянтчасынын ПСДнын бүткѳрүүгѳ - 105 200 сом,
- “Тянь Шань Инвест Строй” ЖЧКна Түп айылындагы үстү жабык кичи футбол аянтчасынын (курулушу аяктаган учурда) бүткѳрүүгѳ - 500 000 сом
- “Электро Визард” Түп айылындагы борбордук кѳчѳлѳрдү жакшыртууга (түнкү жарыктантыруу столбаларын алмаштырууга ж.б. жумуштарына ) – 1 500 000 сом
Сунушталган багыттарга:
- Түп айылдык аймагында жайгашкан (Түп,Шаты,Бирлик) 4-мектепке, 2-бала бакчаларга ар бирине 2-даанадан атайын видеокѳзѳмѳл орнотууга -12 камера*137500 сомдон, баардыгы - 822 000 сом
- Ак сакалдар сотунун мүчѳлѳрүнѳ материалдык колдоо ирээтинде эмгек акы - 86 000 сом,
- Түп айыл ѳкмѳтүнүн алдында уюшулган Түп МКТЧна келе турчу атайын адистештирилген техникалардын 2 айдоочусуна жана кичи автобустардын 2 айдоочусуна 10 айга каралуучу эмгек маянасына
- 600 000 сом.
- Түп айылынын квартал башчыларына эмгек акысына - 180 000 сомду
- Түп айыл ѳкмѳтүнүн алдында уюшулган Түп МКТЧна атайын адистештирилген атайын техникалардын (поливоуборочная машина и телескопичка) кызматтарын тѳлѳп берүүгѳ - 400 000 сом
- Түп райондук архитектура башкармалыгына Түп айыл аймагында салына турчу чоң курулуш объектилеринин тиешелүү курулуш иш кагаздарына (ПСД) жана тиешелүү иш кагаздарын даярдап бүткѳрүүгѳ - 866 400 сом
- Бирлик айылынын трансформатор алууга - 380 000 сом
- Айылдык кеңешке микрофондорду алууга - 500 000 сом
- Алыскы жайыттарга көчө турган малчыларга күйүүчү май менен жардам берүүгө - 30 000 сом
- Түп айылындагы 3 саатык бала бакчага оюнчуктарды алып берүүгө – 20 000 сом.
- Түп айылындагы социалдык мекемелер жайгашкан кѳчѳлѳргѳ кум-шагыл тѳшѳп түздѳѳ жумуштарына - 800 000 сом
Баардыгы: 6 789 600 (алты миллион жети жүз сексен тогуз миң алты жүз ) сом
Ч.Э.Джузеновго, көзөмөлдөө жагы Түп айылдык кеңешинин бюджет, экономика, ишкердик, тышкы экономикалык байланыш, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага А.Б.Абдымамбетов