Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 19-марты № 135
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 595 "Бодо малдын жана жылкылар түркүмүндөгү жаныбарлардын иштетилбеген терилерин ташып чыгууга ташып чыгуу (экспорттук) бажы алымдарынын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Бодо малдын жана жылкылар түркүмүндөгү жаныбарлардын иштетилбеген ашыкча терилерин натыйжалуу пайдалануу, соода жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана алардын топтолушуна байланыштуу экологиялык тобокелдиктерди азайтуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 595 "Бодо малдын жана жылкылар түркүмүндөгү жаныбарлардын иштетилбеген терилерин ташып чыгууга ташып чыгуу (экспорттук) бажы алымдарынын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Бодо малдын (буйволдорду кошкондо) же жылкылар түркүмүндөгү жаныбарлардын жүндүү же жүнсүз, кабатталган же кабатталбаган иштетилбеген (бууга кармалган же туздалган, кургатылган, күлдөнгөн, пикелденген же башка ыкма менен консервацияланган, бирок ийленбеген, пергамент үчүн иштетилбеген же андан ары иштетүүгө кабылбаган) ЕАЭБ ТЭИ ТН 4101 товардык позициясындагы терилерине ташып чыгуу (экспорттук) бажы алымынын ставкасы төмөнкүдөй белгиленсин:
- 2025-жылдын 31-декабрына чейин бажы наркынан 5%, бирок 1000 кг үчүн 50 евродон кем эмес өлчөмдө;
- 2026-жылдын 1-январынан тартып бажы наркынан 10%, бирок 1000 кг үчүн 100 евродон кем эмес өлчөмдө.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |