Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 25-февралы № 86
Саламаттык сактоо системасынын бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндө
Бирдиктүү төлөөчү тутумунда медициналык-санитардык жардамды каржылоо методдорун өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндө", "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасында каржылоо ченемдерин түзүү тартиби 1-тиркемеге ылайык;
2) Коомдук саламаттык сактоо уюмдарын каржылоо ченемдерин түзүү тартиби 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдары алуучу каражаттарды пайдалануу жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
1) коомдук саламаттык сактоо уюмдарын кошпогондо, саламаттык сактоо системасында жүргүзүлгөн каржылоо эсептөөлөрүн 2025-жылга өзгөрүүсүз калтырсын;
2) коомдук саламаттык сактоо уюмдарын 2025-жылы каржылоо эсептөөлөрүн ушул токтомго ылайык жүргүзсүн;
3) саламаттык сактоо системасын 2026-жылы каржылоо эсептөөлөрүн ушул токтомду эске алуу менен жүргүзсүн;
4) бул токтомду ишке ашырууну тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттин чегинде жүргүзсүн;
5) бул токтомду аткаруу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-майындагы № 184 "Саламаттык сактоону программалык негизде каржылоо жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 300 "Бирдиктүү төлөөчү тутумундагы медициналык-санитардык жардамды каржылоо методдорун оптималдаштыруу жөнүндө" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-февралындагы № 53 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 300 "Бирдиктүү төлөөчү тутумундагы медициналык-санитардык жардамды каржылоо методдорун оптималдаштыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июлундагы № 350 "Саламаттык сактоо жаатында ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-мартындагы № 209 "Адистештирилген жардам берген саламаттык сактоо уюмдарын Бирдиктүү төлөөчү системасындагы каржылоого которуу жөнүндө" токтому;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 645 "Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылууга карата мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлгөн медициналык кызмат үчүн кошумча төлөм жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-майындагы № 221 "Кыргыз Республикасынын коомдук саламаттык сактоо уюмдарында ченемдик каржылоону киргизүү чаралары жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун экинчи, үчүнчү абзацтары;
8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 356 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-майындагы № 221 "Кыргыз Республикасынын коомдук саламаттык сактоо уюмдарында ченемдик каржылоону киргизүү чаралары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү анын 1-пунктунун 1-пунктчасын, 3-пунктунун 2, 3, 6-пунктчаларынан тышкары, расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |