Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 17-марты ПЖ № 93
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:
- I бөлүмдүн 1-главасында:
жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары, Министрлер Кабинетинин мүчөсү (министр, мамлекеттик комитеттин төрагасы)";
тогузунчу абзацта "Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары - башкармалыктын начальниги," деген сөздөр алып салынсын;
он биринчи абзац "Президенттин Администрациясынын өз алдынча бөлүмүнүн башчысынын орун басары," деген сөздөрдөн кийин "Президенттин Администрациясынын канцеляриясынын начальнигинин орун басары - сектордун башчысы," деген сөздөр менен толукталсын;
он үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Президенттин Администрациясынын бөлүмүнүн башчысынын орун басары (башкармалыктын курамында, башкармалыктагы борбордун курамында), Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнүн орун басары, Президенттин Администрациясынын өз алдынча секторунун башчысы, Жогорку Кеңештин Аппаратынын бөлүмүнүн башчысынын орун басары";
- II бөлүмдүн 4-главасынын 11-пунктунда:
"Башкы кызмат орду" тобунун "Б-Б" категориясында "Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басарынын кеңешчиси" деген сөздөр алып салынсын;
"Улук кызмат орду" тобунун "У-А" категориясында "Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басарынын жардамчысы" деген сөздөр "Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын жардамчысы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө жободо:
- 19-пункттун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 26-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"26. Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары болот, ал Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин сунушу боюнча Президент тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоого жооптуу болгон Президенттин Администрациясынын башкармалыгынын начальнигинин кызмат ордун айкалыштырат.
Президенттин Администрациясынын Жетекчиси жок болгон мезгилде жана анын тапшырмасы боюнча анын милдеттерин Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары аткарат.
Президенттин Администрациясынын Жетекчиси жана Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары бир убакта жок болгон учурда Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин милдеттерин Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары аткарат.";
- 27-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи абзац менен толукталсын:
"- ушул Жободо каралган ыйгарым укуктарга кошумча катары Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарына ыйгарым укуктарды берет, ага өзүнүн ыйгарым укуктарынын бир бөлүгүн өткөрүп берет;";
- 271-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"271. Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары:
- Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тапшырмаларын аткаруу боюнча Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүн координациялоону жана өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат;
- Президенттин Администрациясынын түзүмүн жана штаттык санын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- Президенттин Администрациясынын Жетекчиси жок мезгилде жана анын тапшырмасы боюнча анын милдеттерин аткарат;
- Президенттин Администрациясынын баш ийгендигине карабастан түзүмдүк бөлүмдөрүнө, мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына белгиленген компетенциянын чегинде тапшырмаларды берет;
- белгиленген компетенциясынын чегинде Президенттин Администрациясына жүктөлгөн маселелерди чечүү үчүн комиссияларды жана жумушчу топторду түзөт;
- Президенттин жана Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тапшырмасы боюнча Президенттин Администрациясынын ишинин айрым кадрдык, уюштуруучулук жана башка маселелерин, Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан ага берилген ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат, тиешелүү тескемелерди чыгарат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 272-пункт менен толукталсын:
"272. Президенттин Администрациясынын компетенциясына кирген абдан маанилүү маселелерди коллегиалдуу кароо үчүн Президенттин Администрациясында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коллегиясы (мындан ары - коллегия) түзүлөт.
Кызмат орду боюнча коллегиянын мүчөлөрү болуп Президенттин Администрациясынын Жетекчиси (коллегиянын төрагасы), Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары жана Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктери саналат.
Коллегия жөнүндө жобону жана анын курамын Президенттин Администрациясынын Жетекчиси бекитет.";
- 28-пунктта:
биринчи абзацта "Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктери" деген сөздөр "Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары, Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктери" деген сөздөргө алмаштырылсын;
үчүнчү абзац "Президенттин Администрациясынын Жетекчиси" деген сөздөрдөн кийин "жана Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары" деген сөздөр менен толукталсын;
төртүнчү абзац "башкармалыктын начальнигинин" деген сөздөрдөн кийин "Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары менен макулдашылган" деген сөздөр менен толукталсын;
бешинчи абзац "тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин" деген сөздөрдөн кийин "Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары менен макулдашылган" деген сөздөр менен толукталсын;
- 5-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын кеңешчилери жана жардамчылары";
- 31-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"31. Президенттин кеңешчилери жана жардамчылары Президент тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын кеңешчилери жана жардамчылары Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын жардамчысы, спичрайтерлер Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын сунушу боюнча Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын кеңешчилери жана жардамчылары, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын жардамчысы (мындан ары - кеңешчилер жана жардамчылар), спичрайтерлер ушул Жободо, башка актыларда жана Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тапшырмаларында, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын жана Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын тапшырмаларында белгиленген компетенцияга ылайык иштейт.";
- 33-пункттун үчүнчү абзацы "Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына" деген сөздөрдөн кийин ", Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарына" деген сөздөр менен толукталсын;
- 34-пунктта:
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын актыларын, тапшырмаларын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тапшырмаларын мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын талаптагыдай аткаруусун контролдоо боюнча ишке катышат;";
бешинчи абзац "Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларын" деген сөздөрдөн кийин ", Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарын" деген сөздөр менен толукталсын;
алтынчы абзац "Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын" деген сөздөрдөн кийин ", Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 361-пунктта:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"361. Президенттин Администрациясынын кызматкерлерине (Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарын, Президенттин кеңешчилерин жана жардамчыларын, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Мамлекеттик катчынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын жана Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын кеңешчилерин жана жардамчыларын кошпогондо) төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлат:";
тогузунчу абзацта "жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын" деген сөздөр ", Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 17-февралындагы № 50 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгынын 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 21-мартындагы № 21 (3677) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |