Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 18-марты № 133
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 "Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жол-жоболорун өркүндөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 "Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелеринде:
- 155-пунктта "нотариалдык күбөлөндүрүлгөн" деген сөздөр алып салынсын;
- 1551-пункттун биринчи абзацынын биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Чет өлкөлүк жарандардын, чет өлкөлүк юридикалык жактардын имаратка, курулмага менчик укугун каттоо тиешелүү келишимдин жана/же укук белгилөөчү документтин негизинде жүргүзүлөт.";
- 1552-пункттун биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Чет өлкөлүк жарандардын, чет өлкөлүк юридикалык жактардын жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугун каттоо жер участогун убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө укук белгилөөчү документтин негизинде жүргүзүлөт.";
- 1553-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1553. Эгерде "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана ипотекалык макулдашуунун күчүнөн улам чет өлкөлүк банкка, адистештирилген финансылык-насыя мекемесине ипотекалык кредит боюнча өндүрүп алуунун эсебинен жер участогуна менчик укугу өтсө, каттоо карточкасында экинчи бөлүмдө чет өлкөлүк жарандардын, чет өлкөлүк юридикалык жактардын менчик укугу катталат. "Токтотуу" графасында калктуу конуштардын чегиндеги жерлерди, ошондой эле айыл чарба багытындагы жерлерди кошпогондо, менчик укугу үч жылдан кийин токтотулууга тийиш экендиги жөнүндө белги коюлат.
Калктуу конуштардын жана айыл чарба багытындагы жерлердин чегиндеги жерлерге "Токтотуу" графасында менчик укугу эки жылдан кийин токтотулууга тийиш экендиги жөнүндө белги коюлат.
Жергиликтүү каттоо органы чет өлкөлүк банктын жана адистештирилген финансылык-насыя мекемесинин менчик укугу катталган күндөн тартып отуз жумуш күндүн ичинде жергиликтүү мамлекеттик администрацияга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына менчик укугу катталгандыгы жөнүндө билдирүүнү берет. Мындай каттоо тууралуу билдирүү эркин формада түзүлөт.";
- 1554, 1556-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 22 (3678) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
КР Министрлер Кабинетинин2025-жылдын 10-ноябрындагы № 733 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ