Сравнение редакций…
|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 86 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдары алуучу каражаттарды пайдалануу жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо саламаттык сактоо уюмдарын каржылоо жана алардын бул каражаттарды пайдалануу маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыккан.
2. Ушул Жобонун колдонулушу Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын (мындан ары - Мамлекеттик кепилдиктер программасы) ишке ашыруучу саламаттык сактоо уюмдарына жайылтылат жана төмөнкүлөр тарабынан каржыланат:
1) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган) тарабынан республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен;
2) милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү аткаруу органы (мындан ары - ММК чөйрөсүндөгү аткаруу органы) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (мындан ары - ММК фонду) бюджетинин каражаттарынын эсебинен.
3. Ушул Жобо коомдук саламаттык сактоо уюмдарына жана бюджеттик классификациянын чыгымдар беренелери боюнча каржылануучу уюмдарга жайылтылбайт.
4. Республикалык бюджеттин каражаттары Мамлекеттик кепилдиктер программасын жана башка максаттуу программаларды аткарууга жумшалат.
5. Атайын каражаттар саламаттык сактоо уюмдарында акы төлөнүүчү медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн, юридикалык жана жеке жактарга көрсөтүлүүчү мыйзамдарда тыюу салынбаган башка кызматтардын эсебинен түзүлөт.
6. ММК фондунун бюджетинин каражаттары милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларын аткарууга жана максаттуу иш-чараларга жумшалат.
7. Кошумча төлөм каражаттары саламаттык сактоо уюмдарына амбулаториялык жана стационардык деңгээлде Мамлекеттик кепилдиктер программасын каржылоо көлөмүнөн тышкары келип түшөт.
8. Республикалык бюджеттин, ММК фондунун, кошумча төлөмдүн каражаттары жана саламаттык сактоо уюмдарынын атайын каражаттары ушул Жобого ылайык пайдаланылат.
2-глава. Республикалык бюджеттин каражаттары
9. Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен саламаттык сактоо уюмдарында акы төлөө медициналык-санитардык жардамды каржылоо ченемдери боюнча жүргүзүлөт:
1) стационарлардын жана жалпы дарыгердик практика борборлорунун (мындан ары - ЖДПБ) стационардык бөлүмдөрүнүн деңгээлинде ар бир дарыланган учур үчүн;
2) үй-бүлөлүк медицина борборуна (мындан ары - ҮМБ) жана ЖДПБнын, наркологиялык жана тери-венерологиялык кызматтардын амбулаториялык бөлүмдөрүнө катталган ар бир адам үчүн жан башына ченем боюнча;
3) медициналык тез жардам кызматынын күнү-түнү күзөтү үчүн;
4) стоматологиялык бейтапканалар тарабынан көрсөтүлүүчү ар бир тейлене турган адам үчүн жан башына ченем боюнча;
5) кургак учукка каршы кызматта: медициналык жүктү ташуу үчүн, кургак учук менен ооруган бейтапты дарылоо ийгиликтүү аяктагандыгы үчүн, тиешелүү аймакта кургак учукка каршы программаларды координациялоо функциялары үчүн;
6) амбулаториялык деңгээлде психикалык бузулуу учурларын башкаруу үчүн.
10. Саламаттык сактоо уюмдарынын деңгээлиндеги атайын каражаттар акы төлөнүүчү медициналык кызматтарга баалардын прейскуранты боюнча, демөөрчүлүк жардам, белгилүү бир долбоорлорду аткарууга гранттар түрүндө юридикалык же жеке жактардан түшкөн каражаттардан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттардын түшүүлөрүнөн түзүлөт.
3-глава. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары
11. ММК фондунун бюджетинин каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
1) бардык төлөөчүлөр тарабынан төлөнүүчү милдеттүү медициналык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн;
2) жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу чегерүүлөрүнүн, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана башка органдардын максаттуу субсидияларынын;
3) кайрымдуулук фонддорунун, эл аралык уюмдардын жана жарандардын төгүмдөрүнүн;
4) милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасында келишимдик милдеттенмелер талаптагыдай аткарылбагандыгынын натыйжасында белгиленген тартипте өндүрүлгөн каражаттардын;
5) милдеттүү медициналык камсыздандыруу полистерин сатып алуу үчүн калктан жана уюмдардан түшкөн каражаттардын;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык республикалык бюджеттен төлөнүүчү калктын айрым социалдык жактан аялуу категорияларын милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдөрдүн;
7) пайдаланылышы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын.
12. Милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрү алардын келип түшкөн булагына карабастан, ошондой эле башка акча каражаттары казыналык эсептерде топтолот жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү аткаруу органынын максаттарына жана милдеттерине ылайык пайдаланылат.
13. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынын пайдаланылбаган калдыктары кийинки финансылык жылга өтөт, алып коюуга болбойт.
14. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү акы төлөө менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарында жүргүзүлөт:
1) стационарлардын жана ЖДИБнын стационардык бөлүмдөрүнүн деңгээлинде ар бир дарыланган учур үчүн;
2) жан башына ченем боюнча ҮМБга жана ЖДПБнын амбулаториялык бөлүмдөрүнө катталган ар бир камсыздандырылган адам үчүн.
15. Жеке менчик формасындагы саламаттык сактоо уюмдары тарабынан Кыргыз Республикасынын камсыздандырылган жарандарына көрсөтүлүүчү медициналык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө төмөнкүдөй түрлөрдө жүргүзүлөт:
1) стационарлардын деңгээлинде ар бир дарыланган учур үчүн акы төлөө;
2) саламаттык сактоо уюмдарында амбулаториялык деңгээлде тейленүүчү камсыздандырылган ар бир жаран үчүн каржылоонун жан башына ченеми;
3) дарыкана мекемелери Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарына берген дары препаратынын ар бир түрү үчүн ордун толтуруу суммасы.
4-глава. Кошумча төлөм каражаттары
16. Кошумча төлөм каражаттары белгиленген өлчөмдөгү жеңилдиктерге укугу жок жарандар тарабынан саламаттык сактоо уюмунун кассасына төлөнөт.
17. Лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөр (базалык лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөрдү кошпогондо) үчүн амбулаториялык деңгээлде кошумча төлөм медициналык кызмат көрсөтүүлөргө баалардын прейскуранты боюнча төлөнөт.
18. Медициналык кызмат көрсөтүүлөргө баалардын прейскуранты Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
19. Саламаттык сактоо уюмдарында стационардык дарыланууда медициналык кызматтар үчүн кошумча төлөмдүн деңгээли саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган тарабынан саламаттык сактоонун мамлекеттик секторун каржылоонун көлөмүнө жараша иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
20. Стационардык деңгээлде кошумча төлөмдүн деңгээли оорунун профилине, жолдомонун болушуна, стационардын түрүнө жараша аныкталат жана минималдуу, орточо же максималдуу деңгээлдеги кошумча төлөмгө бөлүнөт.
21. Кошумча төлөмдү төлөө жана кайтарып берүү эрежелери саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
22. Саламаттык сактоо уюмдары тарабынан калктан кошумча төлөм катары алынган каражаттар мамлекеттик бюджетке алынууга жатпайт.
5-глава. Саламаттык сактоо уюмдарынын каражаттарды пайдаланышы
23. Мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдары республикалык бюджеттин каражаттарын жана атайын каражаттарды персоналды жана бейтаптарды медикаменттер, тамак-аш менен камсыздоого, саламаттык сактоо уюмдарынын инфраструктурасын күтүүгө жана башка чыгымдарга жумшайт.
24. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары жана кошумча төлөмдөр мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдары тарабынан төмөнкүлөргө жумшалат:
1) 20% кошумча эмгек акыга, анын ичинде социалдык чегерүүлөргө;
2) 80% дарылоо-диагностикалык процессине жана бейтаптардын тамактануусуна байланышкан иш-чараларга, медициналык жабдууларга, саламаттык сактоо уюмдарында бейтаптардын болуу жана аларды кароо шарттарын түзүү үчүн башка предметтерди жана материалдарды, товарларды сатып алууга.
6-глава. Эсепке алуу жана отчеттуулук
25. Саламаттык сактоо уюмдарындагы каражаттарды эсепке алуу жана отчеттуулук Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бекиткен бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн тартибине ылайык жүргүзүлөт.
26. Саламаттык сактоо уюмдарына түшкөн каражаттар республикалык жана атайын каражаттар үчүн ар бирине өзүнчө казыналык эсепте, милдеттүү медициналык камсыздандыруу жана кошумча төлөм каражаттары үчүн бирдиктүү казыналык эсепте эсепке алынат.
27. Каражаттарды пайдалануу үчүн саламаттык сактоо уюмдары каржылоо булактары боюнча бөлүү менен бөлүштүрүү планын өз алдынча түзөт жана бекитет.
28. Республикалык бюджеттин каражаттары жана атайын каражаттар боюнча бөлүштүрүү планы саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органга белгиленген тартипте берилет.
29. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу жана кошумча төлөм каражаттары боюнча бөлүштүрүү планы макулдашуу жана жалпылоо үчүн аткаруу органынын милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү аймактык башкармалыктарына берилет.
30. Бардык булактар боюнча отчеттуулук төмөнкүлөр боюнча берилет:
1) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган аныктаган тартипте республикалык бюджеттин каражаттары жана атайын каражаттар боюнча;
2) милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү аткаруу органынын аймактык башкармалыктарына милдеттүү медициналык камсыздандыруу жана кошумча төлөм каражаттары боюнча.
|
| 3-тиркеме |
|
|
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 86 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдары
алуучу каражаттарды пайдалануу жөнүндө
жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 287 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Республикалык бюджеттин каражаттары
3-глава. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары
4-глава. Кошумча төлөм каражаттары
5-глава. Саламаттык сактоо уюмдарынын каражаттарды пайдаланышы
6-глава. Эсепке алуу жана отчеттуулук
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо саламаттык сактоо уюмдарын каржылоо жана алардын бул каражаттарды пайдалануу маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыккан.
2. Ушул Жобонун колдонулушу Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын (мындан ары - Мамлекеттик кепилдиктер программасы) ишке ашыруучу саламаттык сактоо уюмдарына жайылтылат жана төмөнкүлөр тарабынан каржыланат:
1) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган) тарабынан республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен;
2) милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү аткаруу органы (мындан ары - ММК чөйрөсүндөгү аткаруу органы) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (мындан ары - ММК фонду) бюджетинин каражаттарынын эсебинен.
3. Ушул Жобо коомдук саламаттык сактоо уюмдарына жана бюджеттик классификациянын чыгымдар беренелери боюнча каржылануучу уюмдарга жайылтылбайт.
4. Республикалык бюджеттин каражаттары Мамлекеттик кепилдиктер программасын жана башка максаттуу программаларды аткарууга жумшалат.
5. Атайын каражаттар саламаттык сактоо уюмдарында акы төлөнүүчү медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн, юридикалык жана жеке жактарга көрсөтүлүүчү мыйзамдарда тыюу салынбаган башка кызматтардын эсебинен түзүлөт.
6. ММК фондунун бюджетинин каражаттары милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларын аткарууга жана максаттуу иш-чараларга жумшалат.
7. Кошумча төлөм каражаттары саламаттык сактоо уюмдарына амбулаториялык жана стационардык деңгээлде Мамлекеттик кепилдиктер программасын каржылоо көлөмүнөн тышкары келип түшөт.
8. Республикалык бюджеттин, ММК фондунун, кошумча төлөмдүн каражаттары жана саламаттык сактоо уюмдарынын атайын каражаттары ушул Жобого ылайык пайдаланылат.
2-глава. Республикалык бюджеттин каражаттары
9. Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен саламаттык сактоо уюмдарында акы төлөө медициналык-санитардык жардамды каржылоо ченемдери боюнча жүргүзүлөт:
1) стационарлардын жана жалпы дарыгердик практика борборлорунун (мындан ары - ЖДПБ) стационардык бөлүмдөрүнүн деңгээлинде ар бир дарыланган учур үчүн;
2) үй-бүлөлүк медицина борборуна (мындан ары - ҮМБ) жана ЖДПБнын, наркологиялык жана тери-венерологиялык кызматтардын амбулаториялык бөлүмдөрүнө катталган ар бир адам үчүн жан башына ченем боюнча;
3) медициналык тез жардам кызматынын күнү-түнү күзөтү үчүн;
4) стоматологиялык бейтапканалар тарабынан көрсөтүлүүчү ар бир тейлене турган адам үчүн жан башына ченем боюнча;
5) кургак учукка каршы кызматта: медициналык жүктү ташуу үчүн, кургак учук менен ооруган бейтапты дарылоо ийгиликтүү аяктагандыгы үчүн, тиешелүү аймакта кургак учукка каршы программаларды координациялоо функциялары үчүн;
6) амбулаториялык деңгээлде психикалык бузулуу учурларын башкаруу үчүн.
10. Саламаттык сактоо уюмдарынын деңгээлиндеги атайын каражаттар акы төлөнүүчү медициналык кызматтарга баалардын прейскуранты боюнча, демөөрчүлүк жардам, белгилүү бир долбоорлорду аткарууга гранттар түрүндө юридикалык же жеке жактардан түшкөн каражаттардан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттардын түшүүлөрүнөн түзүлөт.
3-глава. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу
каражаттары
11. ММК фондунун бюджетинин каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
1) бардык төлөөчүлөр тарабынан төлөнүүчү милдеттүү медициналык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн;
2) жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу чегерүүлөрүнүн, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана башка органдардын максаттуу субсидияларынын;
3) кайрымдуулук фонддорунун, эл аралык уюмдардын жана жарандардын төгүмдөрүнүн;
4) милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасында келишимдик милдеттенмелер талаптагыдай аткарылбагандыгынын натыйжасында белгиленген тартипте өндүрүлгөн каражаттардын;
5) милдеттүү медициналык камсыздандыруу полистерин сатып алуу үчүн калктан жана уюмдардан түшкөн каражаттардын;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык республикалык бюджеттен төлөнүүчү калктын айрым социалдык жактан аялуу категорияларын милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдөрдүн;
7) пайдаланылышы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын.
12. Милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрү алардын келип түшкөн булагына карабастан, ошондой эле башка акча каражаттары казыналык эсептерде топтолот жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү аткаруу органынын максаттарына жана милдеттерине ылайык пайдаланылат.
13. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынын пайдаланылбаган калдыктары кийинки финансылык жылга өтөт, алып коюуга болбойт.
14. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү акы төлөө менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарында жүргүзүлөт:
1) стационарлардын жана ЖДИБнын стационардык бөлүмдөрүнүн деңгээлинде ар бир дарыланган учур үчүн;
2) жан башына ченем боюнча ҮМБга жана ЖДПБнын амбулаториялык бөлүмдөрүнө катталган ар бир камсыздандырылган адам үчүн.
15. Жеке менчик формасындагы саламаттык сактоо уюмдары тарабынан Кыргыз Республикасынын камсыздандырылган жарандарына көрсөтүлүүчү медициналык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө төмөнкүдөй түрлөрдө жүргүзүлөт:
1) стационарлардын деңгээлинде ар бир дарыланган учур үчүн акы төлөө;
2) саламаттык сактоо уюмдарында амбулаториялык деңгээлде тейленүүчү камсыздандырылган ар бир жаран үчүн каржылоонун жан башына ченеми;
3) дарыкана мекемелери Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарына берген дары препаратынын ар бир түрү үчүн ордун толтуруу суммасы.
4-глава. Кошумча төлөм каражаттары
16. Кошумча төлөм каражаттары белгиленген өлчөмдөгү жеңилдиктерге укугу жок жарандар тарабынан саламаттык сактоо уюмунун кассасына төлөнөт.
17. Лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөр (базалык лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөрдү кошпогондо) үчүн амбулаториялык деңгээлде кошумча төлөм медициналык кызмат көрсөтүүлөргө баалардын прейскуранты боюнча төлөнөт.
18. Медициналык кызмат көрсөтүүлөргө баалардын прейскуранты Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
19. Саламаттык сактоо уюмдарында стационардык дарыланууда медициналык кызматтар үчүн кошумча төлөмдүн деңгээли саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган тарабынан саламаттык сактоонун мамлекеттик секторун каржылоонун көлөмүнө жараша иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
20. Стационардык деңгээлде кошумча төлөмдүн деңгээли оорунун профилине, жолдомонун болушуна, стационардын түрүнө жараша аныкталат жана минималдуу, орточо же максималдуу деңгээлдеги кошумча төлөмгө бөлүнөт.
21. Кошумча төлөмдү төлөө жана кайтарып берүү эрежелери саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
22. Саламаттык сактоо уюмдары тарабынан калктан кошумча төлөм катары алынган каражаттар мамлекеттик бюджетке алынууга жатпайт.
5-глава. Саламаттык сактоо уюмдарынын
каражаттарды пайдаланышы
23. Мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдары республикалык бюджеттин каражаттарын жана атайын каражаттарды персоналды жана бейтаптарды медикаменттер, тамак-аш менен камсыздоого, саламаттык сактоо уюмдарынын инфраструктурасын күтүүгө жана башка чыгымдарга жумшайт.
24. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары жана мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын кошумча төлөмдөрү төмөнкүлөргө багытталат:
1) 40 %га чейин кошумча эмгек акыга, анын ичинде социалдык чегерүүлөргө;
2) 60 %дан кем эмеси дарылоо-диагностикалык процесске жана пациенттердин тамак-ашына байланышкан иш-чараларга, медициналык жабдууларга жана бейтаптардын саламаттык сактоо уюмдарында болуу шарттарын түзүү үчүн башка чыгымдарга, буга көмүр сатып алууга жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө кеткен чыгымдар кирбейт.