САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Сайдыкум айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги XVI - сессиясы
2023-жылдын 09-февралындагы № 13
Сайдыкум айыл өкмөтүндөгү муниципалдык бош жаткан жерлерди натыйжалдуу пайдалануу менен элдин социалдык экономикасын көтөрүү үчүн Хажир-Абад айылындагы муниципалдык менчиктеги 3000 кв.м жер тилкесине тоок ферма куруу жөнүндө
Сайдыкум айыл аймагынын жергиликтүү экономикасынын өнүктүрүү багытын өркүндөтүүнү көздөп, айыл аймактардын жергиликтүү экономикасын өнүктүрүү үчүн жумуш орундарды түзүү максатында, Сайдыкум айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл өкмөтүндөгү муниципалдык бош жаткан жерлерди натыйжалдуу пайдалануу менен элдин социалдык экономикасын көтөрүү үчүн, Сайдыкум айыл аймагынын тургундардын жалпы жыйындын протокулунун чечиминин негизинде, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Хажир-Абад айылындагы муниципалдык менчиктеги 3000 кв.м жер тилкесине тоок ферма куруу үчүн бөлүнүп берилип жана долбоорун даярдалып, Жалал-Абад областтык өнүктүрүү фондуна конкурска сунуштоо жагы, Сайдыкум айыл өкмөтунө милдеттиндирилсин.
2. Сайдыкум айыл өкмөтүндөгү Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Хажир-Абад айылындагы муниципалдык менчиктеги 3000 кв.м жер тилкесине тоок ферма куруу үчүн материалдардын жана жумуштардын көлөмү көрсөтүлгөн смета жана башка тийиштүү документтерди даярдоо үчүн келишимдин негизинде 250.000 сом өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен бөлунүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасынын убактылуу милдетин аткаруучу: |
А.Ж.Маматсаева |