САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Сайдыкум айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги XVII - сессиясы
2023-жылдын 10-мартындагы № 1
«Сейдикум-Тазалык» муниципалдык ишканасынын таза суу жөнүндө
Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз
XVII -сессиясы, Сайдыкум айыл аймагындагы таза суу пайдалануучулардын бардыгы суу эсептегичке (водомер) өтүү маселесин угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз XVII – сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл аймагындагы таза суу пайдалануучу ар бир абонент өзүнүн эсебинен 2023-жылдын 15-марттан баштап, 15-июнга чейин суу эсептегичке (водомер) өткөрүлсүн.
2. Бекитилген тарифтин негизинде иш алып баруу жагы “Сейдикум-Тазалык” муниципалдык ишканасынын башчысы А.Жакыповго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жолдошовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасынын убактылуу милдетин аткаруучу:
|
А.Ж.Маматсаева |