Редакцияот 10.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Сайдыкум айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги XVII - сессиясы

 

2023-жылдын  10-мартындагы № 2

 

 Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Кызыл-Ай айылдык Маданият үйүнүн жанынан 270 кв.м жер тилкесин  муниципалдык менчикке алуу жөнүндө

 

                  Сайдыкум айылдык Кеңшинин VIII чакырылышынын  кезексиз XVII сессиясы, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Кызыл-Ай айылынын тургундарынын жазган арызынын негизинде, Кызыл-Ай айылдык Маданият үйүнүн жанынан жер тилкеси 3-02-05-1001-0958 сыр белгиси менен катталган бөлүнгөн жер аянты 270 кв.м жер тилкесине дарыкана куруу үчүн жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Кызыл-Ай айылдык Маданият үйүнүн жанынан жер тилкеси 3-02-05-1001-0958 сыр белгиси менен катталган бөлүнгөн жер аянты 270 кв.м жер тилкесине дарыкана куруу үчүн жер ажыратылып берилсин.

2. Тийиштүү иш-кагаздарын (АПШ жана ИТШ) даярдап берүү жагы Базар-Коргон райондук шаар куруу Архитектура башкармалыгынан суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жолдошовго милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк  боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасынын

убактылуу милдетин аткаруучу: 

 

 

   А.Ж.Маматсаева.