Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ЖАРАНДЫК АВИАЦИЯ МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН БУЙРУГУ
2025-жылдын 18-марты № 01
«Авиациялык персоналга күбөлүк берүү жөнүндө. КРАЭ-1» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-марттагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна ылайык, ошондой эле Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) стандарттары жана сунушталуучу тажрыйбасы менен максимум бирдейликти камсыз кылуу максатында, буйрук кылам:
1. Тиркемеге ылайык, «Авиациялык персоналга күбөлук берүү жөнүндө. КРАЭ-1» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин мамлекеттик жана расмий тилдеринде бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигине:
- ушул буйрукту аткарууга кабыл алсын;
- күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн ушул буйрукту мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жана электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн;
- катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйрук мамлекеттик жана расмий тилдерде «Эркин Тоо» газетасына жарыяласын.
3. Кыргыз Республиканын министрликтери, ведомстволору, жарандык авиация уюмдары жана окуу борборлору «Авиациялык персоналга күбөлүк берүү жөнүндө. КРАЭ-1» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин аткарууга кабыл алсын.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине күчүн жоготту деп табуу сунушталсын:
- 2016-жылдын 27-январындагы № 1 «Авиациялык персоналдарга күбөлүк берүү жөнүндөгү. КРАЭ-1» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин буйругу;
- 2017-жылдын 9-октябрындагы № 2 «2016-жылдын 27-январындагы № 1 Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин «Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндөгү буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин буйругу;
- 2021-жылдын 27-январындагы № 24 «Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин (КРАЭ-1) талаптарынан четтөө жөнүндө, 2.1.10.3 - пунктунан - «60 жашка чыккан экипаж мүчөлөрүнүн укуктарын чектөө тууралуу» Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин буйругу.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө директордун орун басары К.Т. Төлөгөновго жүктөлсүн.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 21-мартындагы № 21 (3677) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |