САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Сайдыкум айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги XVIII - сессиясы
2023-жылдын 17-апрелиндеги № 1
Сайдыкум айыл өкмөтүндөгү Чоң-Курулуш айылындагы айыл чарба багытындагы №174-контурдагы 75,0 га жер жөнүндө
Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз XVIII – сессиясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 22.06.2007-жылдагы №243-Токтому менен бекитилген Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби жөнүндөгү типтүү жобосуна ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча мыйзамдуу жагы каралып, аукционго коюу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө өздөрүнө түз берүү жагы жер боюнча комиссияга сунушталсын.
2. Токтомдун аткарылышын аткаруу жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жолдошовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сайдыкум айылдык Кеңешинин төрагасынын убактылуу милдетин аткаруучу: |
А.Ж.Маматсаева
|