Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ормон Хан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектүү IV сессиясы
2025-жылдын 28-февралы № 4/1
Пайдаланууга берилген турак жайлардын
имараттарына төлөм киргизүү жөнүндө
Пайдаланууга берилген турак жайлардын имараттарына Ормон-Хан айыл аймагы боюнча төлөмдү киргизүү туралуу Мамлекеттик салык кызматынын Кочкор району боюнча башкармалыгынын катынын негизинде даярдалган айыл өкмөтүнүн сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 379, 380, 409 беренелерин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ормон-Хан айыл аймагы боюнча пайдаланууга берилген турак жайлардын имараттарына Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин талаптарына ылайык 1 чарчы метр аянтка 8 сом 41 тыйын сомдон ашпаган төлөм киргизилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Р. Жолдошбеков |