Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ормон Хан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектүү IV сессиясы
2025-жылдын 28-февралы № 4/2
Калктуу конуштардын таштандыларды
ташып чыгаруу үчүн жыйымын киргизүү жөнүндө
Калктуу конуштардын таштандыларды ташып чыгаруу үчүн калктуу конуштардагы бир түтүнгө, мекеме ишканаларда жана жеке ишкерлерде иштеген кызматкерлерге бир эсептик көрсөткүчтөн (бир эсептик көрсөткүч 100 сом) кем эмес жыйымын карап, киргизүү тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын Кочкор району боюнча башкармалыгынын катынын негизинде даярдалган айыл өкмөтүнүн сунушун угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ормон-Хан айыл аймагына караштуу айылдарындаташтандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымы бир түтүнгө бир жылга 100 сом болуп бекитилсин.
2. Ормон-Хан айыл аймагына караштуу айылдарындаташтандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымы мекеме ишканаларда жана жеке ишкерлерде иштеген ар бир кызматкерге бир жылга 100 сом болуп бекитилсин
3. Токтомду аткарууда тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы Б. Акишовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р. Жолдошбеков |