Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ормон Хан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектүү IV сессиясы
2025-жылдын 28-февралы № 4/3
Таза суу башаттарын, ички чарбалык ирригациялык, мелиоративдик системаларды Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө
Ормон-Хан айыл аймагынын муниципалдык менчикте турган таза суу башаттарын, СПАларды, БДР, БСРлерди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү туралуу айыл өкмөтүнүн сунушун угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин2024-жылдын 29-апрелиндеги Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө № 207 Токтомун, Кыргыз Репспубликасынын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө Мыйзамынын 10-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ормон-Хан айыл аймагынын муниципалдык менчикте турган таза суу башаттарын, ички чарбалык ирригациялык, мелиоративдик системаларды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууда тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р. Жолдошбеков |