Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ормон Хан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектүү IV сессиясы
2025-жылдын 28-февралы № 4/4
Стадион участкасындагы жердин категориясын
которууга макулдук берүү жөнүндө
Ормон-Хан айыл аймагынын Кочкор айылынын Стадион участкасында №391 контурунда жайгашкан 0,90 га жер аянтын «айыл чарба багытандагы айдоо жерлер» категориясынан «өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга макулдук берүү туралуу айыл өкмөтүнүн сунушун угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ормон-Хан айыл аймагынын Кочкор айылынын Стадион участкасында №391 контурунда жайгашкан 0,90 га жер аянтын “айыл чарба багытандагы айдоо жерлер» категориясынан «өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга макулдук берүү.
2. Токтомду аткарууда тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р. Жолдошбеков |