Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ормон Хан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектүү IV сессиясы
2025-жылдын 28-февралы № 4/6
Ормон-Хан паркына тиешелүү жерге септик курууга
макулдук берүү жөнүндө
Ормон-Хан айыл аймагынын Ормон-Хан паркына тиешелүү 0,40 га жер тилкесине пландалып жаткан М.Садыков атындагы стадиондун реконструкциясына байланыштуу септик курууга макулдук берүү туралуу айыл өкмөтүнүн сунушун угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ормон-Хан айыл аймагынын Ормон-Хан паркына тиешелүү 0,40 га жер тилкесине пландалып жаткан М.Садыков атындагы стадиондун реконструкциясына байланыштуу септик курууга макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууда тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р. Жолдошбеков |