Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ормон Хан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектүү IV сессиясы
2025-жылдын 28-февралы № 4/9
И. Арабаевдин эстелигин орнотуу жөнүндө
Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталардын бири Ишеналы Арабаевдин эстелигин Кочкор айылында жайгашкан И.Арабаев атындагы орто мектебине орнотууну сураган депутат Э.Эрмекованын сунушун жана маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталардын бири Ишеналы Арабаевдин эстелигин Кочкор айылында жайгашкан И.Арабаев атындагы орто мектебине тиешелүү жер аянтына орнотууга макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууда тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы Б.Акишовго.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы милдеттендирилсин Айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р. Жолдошбеков |