САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Сайдыкум айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги XVIII - сессиясы
2023-жылдын 17-апрелиндеги № 2
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Хажир-Абад айылынынын тургундарынын арызы жөнүндө
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Хажир-Абад айылындагы №10 Фрунзе мектебинин жер аянтынан кичи машыгуу залын салууга 900 м. кв жер аянтын бөлүп берүү маселеси боюнча Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Хажир-Абад айылынынын тургундарынын арызын угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Хажир-Абад айылындагы №10 Фрунзе мектебинин жер аянтынан кичи машыгуу залын салууга 900 м. кв жер аянты бөлүнүп берилсин жана пайдаланууга бекитилсин.
2. Тийиштүү документтерин даярдап берүү жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сайдыкум айылдык Кеңешинин төрагасынын убактылуу милдетин аткаруучу: |
А.Ж.Маматсаева |