Редакцияот 17.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Сайдыкум айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги XVIII - сессиясы

 

2023-жылдын  17-апрелиндеги  № 3

 

Сайдыкум айыл өкмөтүндөгү №52-Кесиптик лицейге Чоң-Курулуш айылындагы айыл чарба багытындагы №174-контурдагы 75,0 га жерден 5,0 га жер берүү жөнүндө

 

Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын  кезексиз XVIII – сессиясы, Сайдыкум айыл өкмөтүндөгү №52-Кесиптик лицейдин директору О.А.Бегматовдун арызы жана Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жолдошовдун билдирүүсүнө негиз, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Чоң-Курулуш айылындагы айыл чарба багытындагы эски №174-контурдагы 75,0 га жерден 5,0 га жер №52-Кесиптик лицейге берүү маселесин угуп жана талкуулап,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Сайдыкум айыл өкмөтүндөгү  №52-Кесиптик лицейге, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Чоң-Курулуш айылындагы айыл чарба багытындагы эски №174-контурдагы 75,0 га жерден 5,0 га жер берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын аткаруу жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жолдошовго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк  боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасынын

убактылуу милдетин аткаруучу

 

 

 А.Ж.Маматсаева