Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 28-октябрындагы № 15-1
«Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2022-жылдын киреше бөлүгүнө кошумча кирешени планга киргизүү жөнүндө”
Айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгүн өзгөртүү жөнүндөгү айылдык Кеңештин бюджет-финансы жана экономика маселелери боюнча ТК нын корутундусун угуп,талкуулап сессия токтом кылат :
1. 2022-жылга кошумча түшүүчү,Салык агенти төлөөчү киреше салыгы-11111100, 650,0(алты жүз элүү миң) сом, 200,0 (эки жүз миң) сом акча каражаты жана 2022-жылдын башынан калган 170 000(бир жүз жетимиш мин)сом акча каражаттарын 2022-жылдын планына киргизип 2022-жылдын планына коюп берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Аксы башкармалыгынан суралсын.
2. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн кошумча киреше 650,0 (алты жүз элүү миң) сом акча каражаты төмөндөгү тартипте: Жылгын айылындагы курулуп жаткан күрөш залынын имаратына курулуш материалдарды алып берүү үчүн 70111-(башкаруу аппараты) разделинин 22221200-(учурдагы чарбалык максаттар үчүн башка предметтерди жана материалдарды сатып алуу)беренесине 10,0(он миң) сом; айыл өкмөттүн эски эксковаторунун ремонтуна запастык бөлүктөрдү алып берүү үчүн 22141200-(запастык бөлүктөрдү алуу) беренесине 30,0(отуз мин) сом; аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө материалдык жардам катары көмүр менен камсыз үчүн 22141100-(таш көмүрдү сатып алуу)беренесине 20,0(жыйырма миң); айыл аймагындагы мектептерди көмүр менен камсыз кылуу үчүн 709-(билим берүү тармагы) разделинин 22141100-(таш көмүрдү сатып алуу) беренесине 530,0(беш жүз отуз миң) сом; С.Айтиев атындагы Кызыл-Туу орто мектебине жана М.Барпиев атындагы Жылгын орто мектебине келген компьютерлерди туташтыруу үчүн 22154900-(товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү ) беренесине 60,0(алтымыш миң) сом акча каражаттары олтурулгузулсун.
3. 2022-жылдын башынан калган калдык 170 000(бир жүз жетимиш мин) сом акча каражаты Жылгын айылындагы курулуп жаткан күрөш залынын имаратына курулуш материалдарын алып берүү үчүн 70111-(башкаруу аппараты) разделинин 22221200-(учурдагы чарбалык максаттар үчүн башка предметтерди жана материалдарды сатып алуу) беренесине чегерилсин.
4. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн кошумча киреше 200,0 (эки жүз миң) сом акча каражаты, Жылгын айылындагы курулуп жаткан күрөш залынын имаратына курулуш материалдарын алып берүү үчүн 70111-(башкаруу аппараты) разделинин 22221200-(учурдагы чарбалык максаттар үчүн башка предметтерди жана материалдарды сатып алуу) беренесине отургузулсун.
5. Жогорудагы акча каражаттарын мыйзамдаштыруу жана максаттуу пайдалануу жагы каржы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет-финансы жана экономика маселелери боюнча ТК төрагасы Д.Арстанбековго жүктөлсүн.
7. Аталган токтомду расмий веб-сайтка жарыялоо жана КР ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кенештин жооптуу катчысы Ж.Шайдиевага тапшырылсын.
Төрага |
| Б.Төрөбеков |