Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 28-октябрындагы № 15-2
Социалдык обьектердин кышка даярдыгы жөнүндө
Аксы районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги он бешинчи сессиясы социалдык,билим берүү, маданият, спорт тармагы боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп,талкуулап токтом кылат:
1. Социалдык обьектердин кышка даярдыгы толук эместиги белгиленсин.
2. М.Барпиев атындагы №19- жалпы орто билим берүүчү мектебиндеги жылуулук системасындагы кемчиликтер тез арада,10 күндүк мөөнөттө,айыл окмот жана мектеп директорлору тарабынан жоюлсун.
3. Э. Арстанбаев атындагы №18- жалпы орто билим берүүчү мектебиндеги жылуулук системасындагы жана башка курулуш иштери толук бүткөрүлбөгөндүгүнө жана кетирген кемчиликтерине байланыштуу тийиштүү органдарга кайрылуу жагы айыл өкмөт башчысы Т.Алимбековго мимлдеттендирилсин.
4. Социалдык обьектердин кышка даярдыгын контролдоо жагы айылдык кенештин социалдык,билим берүү, маданият, спорт тармагы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын .
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кенештин төрагасынын орун басары Д.Шатманалиевага жүктөлсүн.
6. Аталган токтомду расмий веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Ж.Шайдиевага жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Төрөбеков |