Сравнение редакций…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-мартындагы № 136 токтомуна) |
"Тунгуч" онлайн-мектеби жөнүндө УБАКТЫЛУУ ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. "Тунгуч" онлайн-мектеби жөнүндө убактылуу жобо (мындан ары - Убактылуу жобо) "Тунгуч" онлайн-мектеби тарабынан ишке ашырылуучу билим берүү процессинин максаттарын жана милдеттерин, уюштуруу тартибин аныктайт жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган акысыз негизги жалпы жана орто жалпы билим алуу укугун ишке ашыруу үчүн шарттарды түзөт.
2. "Тунгуч" онлайн-мектеби билим берүү уюму (мындан ары - онлайн-мектеп) өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарын, кодекстерин жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын чечимдерин жана ушул Убактылуу жобону жетекчиликке алат.
3. Онлайн-мектептин толук аталышы:
1) мамлекеттик тилде: "Тунгуч" онлайн-мектеби" мекемеси;
2) расмий тилде: учреждение "Онлайн-школа "Тунгуч".
Кыскартылган аталышы:
1) мамлекеттик тилде: онлайн-мектеп;
2) расмий тилде: онлайн-школа.
Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 68.
4. Онлайн-мектеп мамлекеттик менчик формасы менен мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жак болуп саналат, штампы, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, өз алдынча балансы, алыш-бериш эсеби бар.
5. Онлайн-мектеп мамлекеттик жана расмий тилдерде онлайн-окутууну уюштурат. Окууну ийгиликтүү аяктап жана бүтүрүүчү экзамендерди тапшырган онлайн-мектептин бүтүрүүчүлөрү Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык билим берүү жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документ (күбөлүк, аттестат) алышат.
6. Ушул Убактылуу жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
асинхрондук окутуу - онлайн-окутуу формасы, мында педагог менен билим алуучулар реалдуу убакытта эмес, алдын ала даярдалган окуу материалдары жана тапшырмалар аркылуу өз ара аракеттенет, бул билим алуучуларга кошумча билим берүү материалын аларга ыңгайлуу убакта жана өзүнүн жеке темпинде окууга мүмкүндүк берет;
синхрондук окутуу - онлайн-окутуу формасы, мында педагог менен билим алуучулар билим берүү порталы аркылуу реалдуу убакытта өз ара аракеттенет, окуу иш-чаралары маалыматтарды видео жана аудио аркылуу берүүнү пайдалануу менен бардык катышуучулар үчүн бир убакта өткөрүлөт;
маалыматтык технологиялар - маалыматты издөө, чогултуу, сактоо, колдонуу, берүү жана таратуу процесстери, методдору;
билим берүү платформасы (портал) - адамдардын чексиз чөйрөсүнө Интернет тармагы аркылуу анын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга жана автоматташтырылган режимде билим берүү, практикалык милдеттерди чечүүгө мүмкүндүк берген, өзгөчө класстагы автоматташтырылган маалыматтык система;
билим берүү контенти - окутууга жана билимди, көндүмдөрдү жана компетенцияларды өнүктүрүүгө багытталган ар түрдүү материалдар жана ресурстар, алар электрондук окуу китептери, макалалар, тексттер, видео сабактар, интерактивдүү модулдар, подкасттар, лабораториялык иштер, вебинарлар жана көптөгөн башка түрлөрдө болушу мүмкүн;
онлайн-окутуу - Интернет тармагында санариптик технологияларды колдонууга негизделген, педагог менен билим алуучулардын түздөн-түз байланышысыз аралыктан окууга мүмкүндүк берүүчү окутуу процессин уюштуруу ыкмасы;
онлайн-мектеп - онлайн-окутуу формасында билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү билим берүү уюму;
стриминг - окутуу процесси жүрүп жаткан убакта маалыматтык системанын жана башка байланыш каражаттарынын мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу менен реалдуу убакытта педагог менен билим алуучулардын ортосундагы түз байланышты болжолдогон сабактарды онлайн-берүү;
санариптик билим берүү ресурстары - окула турган дисциплиналар жана (же) модулдар боюнча интерактивдүү формада окутууну камсыз кылган дидактикалык материалдар: фото сүрөттөр, видеофрагменттер, статикалык жана динамикалык моделдер, виртуалдык реалдуулук жана интерактивдүү моделдештирүү объекттери, аудио материалдар жана башка электрондук окуу материалдары.
2-глава. Онлайн-мектептин максаттары, милдеттери жана принциптери
7. Онлайн-окутуунун максаты бардыгы, анын ичинде ден соолугунун абалынан, географиялык, физикалык, финансылык же башка себептерден улам Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте билим алуу мүмкүнчүлүгү жоктор үчүн жеткиликтүү билим берүүнү камсыз кылуу, ошондой эле инновациялык ыкмаларга дем берүү, иштеп чыгуу жана билим берүүгө киргизүү үчүн санариптик технологияларды жана окутуу методикаларын пайдалануу менен билим берүүнүн натыйжалуулугун жана жагымдуулугун жогорулатуу болуп саналат.
8. Онлайн-мектептин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) билим алуучуларга заманбап санариптик технологияларды колдонуу менен синхрондук жана асинхрондук окутуу формасында билим берүү программаларын өздөштүрүү мүмкүнчүлүгүн берүү;
2) жетишкендиктерди баалоо жана билим берүүнүн сапатын контролдоо системасын уюштуруу, анын ичинде тестирлөөлөрдү, аттестацияларды жана аралыктан форматта окутуунун натыйжаларына мониторинг жүргүзүү;
3) билим берүү процессинин катышуучуларынын ортосунда билим, тажрыйба жана колдоо менен алмашууга өбөлгө түзгөн билим алуучулар менен педагогдордун онлайн-коомдоштугун түзүү;
4) билим берүү программаларын жана долбоорлорун биргеликте иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн башка билим берүү уюмдары жана мамлекеттик органдар менен өнөктөштүк мамилелерди түзүү.
9. Онлайн-мектепти уюштуруунун негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) онлайн-мектептин билим берүү порталынын, электрондук почтанын, онлайн-сабактардын ж.б. жардамы менен билим берүү процессинин бардык катышуучуларынын дайыма өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгүн билдирген интерактивдүүлүк принциби;
2) билим берүү процессинин катышуучуларына алар үчүн зарыл болгон темпте жана бардыгы үчүн ыңгайлуу убакытта иштөөгө мүмкүндүк берүүчү ийкемдүүлүк принциби;
3) билим алуучулардын окуудагы жетишкендиктерин баалоонун оперативдүүлүгү жана объективдүүлүгү принциби;
4) билим алуучуларга алардын турган жерине карабастан билим берүү программаларын өздөштүрүү мүмкүнчүлүгүн берүү принциби;
5) предметтер боюнча билим берүү программаларын ишке ашыруунун, ошондой эле билим алуучулардын билим берүү программаларынын мазмунунун милдеттүү минимумун өздөштүрүүсүнүн толуктугун камсыз кылуу принциби.
3-глава. Билим берүү процессин сунуштоо боюнча онлайн-мектепке коюлган талаптар
10. Негизги жалпы жана орто жалпы билим берүү программаларын ишке ашырган онлайн-мектепке төмөнкүдөй талаптар белгиленет:
1) онлайн-окутууну уюштуруу үчүн маалыматтык-технологиялык инфраструктуранын болушу - туруктуу тармактык байланыш, сервердик жабдуулар, маалыматтарды сактоо системасы, киберкоопсуздук системаларынын иштеши, Интернет тармагына туташууну камсыз кылуучу байланыш каналдары, билим алуучунун ким экендигин идентификациялоо үчүн аутентификация системалары, ордун алмаштырууларды аныктоо системасы;
2) билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасынын иштеши, анын ичинде веб-сайтты, билим берүү порталын, билим берүү ресурстарынын жыйындысын камтыган окутууну башкаруу платформасы;
3) эл аралык стандарттарга (ISO/IEC 27001:2022; Маалыматтык коопсуздук, киберкоопсуздук жана жеке маалыматтарды коргоо - Маалыматтык коопсуздуктун менеджмент системасы) ылайык билим берүү уюмунун иштелип чыккан маалыматтык коопсуздук саясатынын негизинде системалардын маалыматтык коопсуздугун жана маалыматтарды коргоону камсыз кылуу;
4) билим берүү ресурстары менен окуу процессин, онлайн-курстардын иштешин уюштуруу (курстун түзүмдөштүрүлгөн дизайны, окутуунун түзүлүүчү натыйжаларынын картасы, баалоо системасынын спецификациясы, баалоо көрсөткүчтөрүнүн жана критерийлеринин сыпаттамасы);
5) билим алуучулардын билим берүү порталына жана окуу, маалымдама жана методикалык материалдар жайгаштырылган маалыматтык системаларга, тестирлөө системасына жана ачык санариптик ресурстарга, булактарга жеткиликтүүлүгү;
6) билим берүү платформаларын колдонуу аркылуу билим берүү кызматтарын көрсөтүү боюнча санариптик сервистердин болушу: окуу сабактарынын жана экзамендердин ырааттамасы, билим алуучулардын окуудагы жетишкендиктерин контролдоонун бардык түрлөрү, өзүн өзү баалоо системасы, электрондук китепкана, документ жүгүртүү ж.б.;
7) өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар билим алуучуларды онлайн-окутуу үчүн шарттарды түзүү;
8) ички сапатты камсыз кылуу системасына ылайык билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатына мониторинг жүргүзүү системасынын болушу.
4-глава. Онлайн-мектепти башкаруу
11. Онлайн-мектепти башкаруу Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана ушул Убактылуу жобого ылайык жүргүзүлөт.
12. Онлайн-мектептин директору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына конкурстук тандоо тартибинде белгиленгенге ылайык өткөрүлүүчү конкурстун жыйынтыгы боюнча кызмат ордуна дайындалат.
13. Директордун баш ийүүсүндө окуу-тарбия иштери боюнча, техникалык колдоо боюнча орун басарлар жана онлайн-мектептин максаттарын жана милдеттерин биргеликте ишке ашыруучу башка тиешелүү кызматкерлер болот. Онлайн-мектептин кызматкерлерин дайындоо жана бошотуу директор тарабынан ишке ашырылат.
14. Онлайн-мектептин директору:
1) педагогикалык кызматкерлер менен биргеликте онлайн-мектепти өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктайт жана ишке ашырат;
2) жарандардын негизги жалпы жана орто жалпы билим алууга болгон муктаждыгын канааттандырат;
3) мамлекеттик органдарда жана башка уюмдарда онлайн-мектептин укуктарын жана кызыкчылыктарын көрсөтөт жана коргойт;
4) педагогдорду тандоону жана жайгаштырууну жүргүзөт;
5) педагогдор менен биргеликте окуу планын ишке ашырат;
6) белгиленген билим берүү программасынын чегинде билим алуучулардын билим алуусунун жеткиликтүүлүгүн жана сапатын камсыз кылат;
7) педагогикалык курамдын квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик өсүшү үчүн шарттарды түзөт;
8) мамлекеттик үлгүдөгү билим берүү жөнүндө документтерди берүүнү уюштурат жана билим берүү жөнүндө документтерди даярдоо үчүн берилген бүтүрүүчүлөр жөнүндө маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат;
9) финансылык-чарбалык ишти жетектейт жана контролдойт;
10) гранттардын жана инвестициялардын, анын ичинде кошумча билим берүү кызмат көрсөтүүлөрү боюнча кирешелерден түшкөн каражаттардын натыйжалуу пайдаланылышын контролдойт жана жеке жоопкерчилик тартат;
11) материалдык-техникалык базаны эсепке алууну жана анын сакталышын, коопсуздук техникасынын талаптарынын сакталышын, онлайн-мектептин педагогикалык курамынын, кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыз кылат жана алар боюнча жоопкерчилик тартат;
12) кызматтык милдеттерине жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жана эмгек чөйрөсүндөгү мыйзамдарына, ошондой эле ушул Убактылуу жобого ылайык ыйгарым укуктарын ишке ашырат.
5-глава. Билим берүү процессинин катышуучуларынын укуктары жана милдеттери
15. Онлайн-мектеп төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) даттанууларын жана дооматтарын караган комиссия түзүүгө;
2) мурдагы класстын негизги жалпы билим берүү программасын өздөштүрбөгөн, тесттерди же экзамендерди тапшыра албаган билим алуучуларды онлайн-мектептин кийинки классында окууга жол бербөөгө;
3) башка билим алуучуларга, педагогдорго кемсинтүүчү мамиле кылган билим алуучуларга, ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлүнүн) онлайн-мектептин администрациясынын, педагогдорунун жана билим алуучуларынын ортосундагы сый мамиленин жалпы саясатына каршы келген туура эмес же кемсинтүүчү жүрүм-туруму үчүн чараларды көрүүгө;
4) онлайн-мектептин негизги жалпы же орто жалпы билим берүүсүн аяктай элек адамга белгиленген үлгүдөгү маалымкатты берүүгө.
16. Онлайн-мектеп төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) билим берүү процессин квалификациялуу педагогдор жана техникалык персонал менен колдоону камсыз кылууга;
2) билим алуучуларга окуу программасына ылайык билим берүү платформасына чектөөсүз жетүү мүмкүнчүлүгүн берүүгө;
3) окуу үчүн санариптик чөйрөнүн коопсуздугун камсыз кылууга, анын ичинде билим алуучулардын жеке маалыматтарын коргоого;
4) онлайн-окутууну өтүү үчүн зарыл болгон билим берүү ресурстарын толук көлөмдө берүүгө;
5) сабактардын жазууларын, билим алуучулар аткарган үй тапшырмаларын алар онлайн-мектепте окууну аяктагандан кийин эки жыл бою сактоого;
6) ар кандай билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде ар түрдүү курстарды, предметтерди жана кошумча активдүүлүктөрдү берүүгө;
7) билим алуучу үчүн зарыл болгон жабдууга техникалык талаптарды билим берүү порталында жайгаштырууга;
8) жүрүм-турум жана бири-бирине сый мамиле кылуу кодексин билим берүү порталында жайгаштырууга;
9) шифрлөө жана коргоо методдорунун жардамы менен колдонуучулар жөнүндө маалыматты коргоону камсыз кылууга;
10) колдонуучулардын бардык маалыматтарын шифрлөөгө жана авторизациялоо деңгээлдери боюнча аларга жеткиликтүүлүктү чектөөгө.
17. Онлайн-мектептин педагогу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) окуу программаларын, окутуунун формаларын жана методдорун эркин тандоого;
2) новатордук методдорду жана ыкмаларды түзүүгө жана колдонууга, илимий-педагогикалык эксперимент жүргүзүүгө, алдынкы педагогикалык тажрыйбаны практикага киргизүүгө;
3) новатордук методдорду түзүүнү колдоого, колдонууга жана педагогикалык ишке киргизүүгө;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жеке педагогикалык иш жүргүзүүгө;
5) категориясын жогорулатуу максатында мөөнөтүнөн мурда аттестациядан өтүүгө;
6) беш жылда бир жолудан кем эмес белгиленген тартипте квалификациясын жогорулатууга;
7) жашы жете электердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого;
8) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык айкалыштыруу боюнча иштөө укугун пайдаланууга;
9) онлайн-мектепти башкарууга катышууга.
18. Онлайн-мектептин педагогу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Интернет тармагына туташуу жана окуу процессин уюштуруу үчүн маалыматтык-коммуникациялык технологияларды жана телекоммуникациялык байланыш каражаттарын тез колдонуу көндүмдөрүнө ээ болууга;
2) зарыл болгон учурда иш программаларына тематикалык пландоо бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө (зарыл болгон учурда бөлүмдөрдү, темаларды өздөштүрүү кезектүүлүгүн алмаштырат);
3) колдонулуучу иш формалары, өз алдынча иштин түрлөрү, катышкан сабактарды эсепке алуу ыкмалары жана формалары, контролдоонун түрлөрү жана формалары, окутуу үчүн техникалык каражаттар тууралуу маалыматтарды онлайн-мектептин жетекчилигинин кароосуна берүүгө;
4) билим берүү ресурстарын колдонуу менен санариптик чөйрөдө окуу программаларын өздөштүрүү боюнча билим алуучулар менен ишти уюштурууга;
5) окуу материалдарын тандоого, билим алуучулар үчүн зарыл болгон билим берүү ресурстарын жана тапшырмаларды түзүүгө;
6) билим алуучулар менен кайтарым байланышты, анын ичинде аткарылган иштерге рецензияларды (оозеки же аудио) жөнөтүү аркылуу камсыз кылууга;
7) онлайн-консультацияларды өткөрүүгө;
8) билим алуучулардын окуу материалдарын өздөштүрүү процессин контролдоого;
9) жетишкендиктерди учурдагы контролдоо үчүн материалдарды даярдоого;
10) окуу программаларын өздөштүрүүнүн сапатын учурдагы жана аралыктан контролдоого;
11) билим берүү процессине катышып жаткан билим алуучулардын санын күн сайын эсепке алууга;
12) электрондук журналды (электрондук күндөлүктү) жүргүзүүгө;
13) билим алуучулардын билим берүү программасын өздөштүрүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө ата-энелерге (мыйзамдуу өкүлдөргө) жана онлайн-мектептин жетекчилигине маалымдоого.
19. Онлайн-мектептин директору, анын орун басарлары жана педагогдор төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартат:
1) билим берүү процессин уюштуруу жана билим берүү программаларын сапаттуу ишке ашырылышын камсыз кылуу;
2) окуу предметтеринин иштелип чыккан (оңдолгон) иш программаларынын сапаты;
3) сунушталган жана иштелип чыккан билим берүү ресурстарынын сапаты;
4) билим алуучулардын окуу процессине катышуусу;
5) окуу предметтеринин иш программаларын өздөштүрүүнү контролдоону уюштуруу;
6) ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) менен өз ара аракеттенүү;
7) билим алуучулардын билим алуудагы жетишкендиктерин жеке эсепке алуу;
8) электрондук журналды жүргүзүү.
20. Онлайн-мектептин билим алуучулары төмөнкүлөргө укуктуу:
1) окутуунун кандай болбосун этабында онлайн-мектепке кабыл алынууга жана негизги жалпы жана орто жалпы билим алууга;
2) онлайн-окутуунун иштелип чыккан мамлекеттик билим берүү стандарттарынын деңгээлинде билим берүү программаларынын алкагында негизги жалпы жана орто жалпы билим алууга;
3) эгерде билим алуучу жүйөлүү себеп боюнча онлайн-сабакка катыша албай калса, онлайн-сабактын жазууларын көрүүгө;
4) билим берүү ресурстарынын базасын колдонууга;
5) негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүнү аяктагандан кийин мамлекеттик үлгүдөгү билим берүү жөнүндө документтерди өз убагында алууга;
6) тиешелүү класстын негизги жалпы билим берүү программаларын толук өздөштүргөн учурда кийинки класска көчүрүлүүгө;
7) Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык бүтүрүү экзамендерин ийгиликтүү тапшырган учурда мамлекеттик үлгүдөгү билим берүү жөнүндө документти (күбөлүк, аттестат) алууга;
8) арыздын негизинде кандай болбосун башка жалпы билим берүү уюмуна которулууга.
21. Онлайн-мектептин билим алуучусу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) бекитилген окуу планына, иштөө режимине жана сабактардын ырааттамасына ылайык билим берүү программаларын ак ниет өздөштүрүүгө;
2) окуу материалын өздөштүрүү деңгээли (онлайн-тестирлөө аркылуу аныкталат) жөнүндө маалыматты өз убагында берүүгө, алынган тапшырмаларды педагогго текшерүүгө жөнөтүүгө;
3) сабактардын ырааттамасына ылайык дайындалган убакта онлайн-сабактарга катышууга, тапшырмаларды тапшыруу мөөнөттөрүн сактоого;
4) өз убактысын пландоого, ар бир сабакка алдын ала даяр болууга;
5) билим берүү платформасы аркылуу педагогдор жана башка билим алуучулар менен өз ара аракеттенүүгө, талкууларга катышууга жана эгерде талап кылынса топтук долбоорлордо кызматташууга;
6) компьютерде, Интернет тармагында жана онлайн-окутуу үчүн зарыл болгон башка техникалык инструменттерде иштөө үчүн көндүмдөргө ээ болууга;
7) онлайн-класста жүрүм-турум жана этика эрежелерин сактоого, анын ичинде педагогдорго жана башка билим алуучуларга сый мамиле кылууга, ошондой эле санариптик чөйрөдөгү купуялуулук жана коопсуздук эрежелерин сактоого.
22. Билим алуучулардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) төмөнкүлөргө укуктуу:
1) онлайн-мектепти тандоого жана балдарын окууну улантуу үчүн окутуунун кандай болбосун этабында ага жөнөтүүгө, ошондой эле онлайн-окутуунун (онлайн же гибриддик форма ж.б.) формасын тандоого;
2) билим алуучулардын мамлекеттик билим берүү стандарттарынын алкагында негизги жалпы жана орто жалпы билим алуусуна болгон укуктарынын сакталышын талап кылууга;
3) балдарынын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого.
23. Билим алуучулардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) билим алуучунун тиешелүү окуу ордун уюштурууга (ызы-чуудан жана онлайн-окутуу процессине тоскоол болуучу сырткы таасирлерден обочолонгон жарык жай), милдеттүү түрдө камерасы, микрофону, кулакчындары бар, Интернет тармагына туруктуу чыгуучу компьютер менен камсыз кылууга. Билим алуучунун компьютеринде камера жана үн күйгүзүлгөнүн текшерүүгө, эгерде камера жана үн өчүк болсо, билим алуучу сабактан четтетилиши мүмкүн, эгерде бошотуу берилбесе;
2) онлайн-мектептин белгиленген иштөө режимине жана сабактардын ырааттамасына ылайык онлайн-окутууга катышууну камсыз кылууга;
3) билим алуучу тарабынан тапшырмалардын аткарылышын жана алардын педагогго жөнөтүлүшүн контролдоого;
4) билим алуучунун ооруп калгандыгы же анын айыккандыгы жөнүндө педагогго дароо маалымдоого;
5) окутуу убагында балдардын физикалык жана психикалык ден соолугу жөнүндө дайыма кам көрүүгө;
6) билим алуучунун жетишкендиктери жөнүндө маалыматка ээ болуу үчүн билим берүү порталын колдонууга, ага мөөнөттөрдү сактоого жардам берүүгө;
7) зарыл болгон материалдар, анын ичинде онлайн-мектептин талабы боюнча электрондук окуу китептери менен камсыздоо аркылуу билим алуучуга колдоо көрсөтүүгө;
8) эгерде билим алуучу сабакка катыша албаган учурда, билим берүү порталындагы жоктугу жөнүндө форманы пайдалануу менен педогогго кабарлоого жана белгиленген формага ылайык жоктугунун себебин кеңири баяндоого тийиш.
6-глава. Онлайн-мектепке кызматкерлерди кабыл алуу
24. Онлайн-мектепке ишке кабыл алуу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
25. Онлайн-мектепте педагогикалык ишке соттуулугу же тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу медициналык каршы көрсөткүчтөрү бар адамдарга жол берилбейт.
7-глава. Онлайн-мектептин билим алуучуларын кабыл алуу, көчүрүү жана окуудан чыгаруу тартиби
26. Онлайн-мектепке кабыл алууда жынысы, расасы, улуту, тили, теги, динге болгон мамилеси, ишенимдери, коомдук уюмдарга (бирикмелерге) таандыктыгы, ден соолугунун абалы, социалдык абалы боюнча чектөөлөргө жол берилбейт.
27. Онлайн-мектепке турган жерине карабастан, онлайн-окутуу аркылуу негизги жалпы жана орто жалпы билим алууга каалоосун билдирген Кыргыз Республикасынын бардык жарандары кабыл алынат.
28. Кайрылмандар, чет мамлекеттерде жашаган этностук кыргыздар, ошондой эле чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендеш статусун алган чет өлкөлүк жарандар үчүн онлайн-мектепте окууга Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей шарттар белгиленет.
29. Класстарга онлайн-окууга кабыл алуу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) арызы боюнча жүзөгө ашырылат жана жыл сайын 20-августка чейин онлайн-мектептин билим берүү порталы аркылуу онлайн-каттоо формасында жүргүзүлөт.
30. Онлайн-окутуу формасында окуу процессин уюштурууга билим алуучунун ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлүнүн) макулдугу документтик түрдө ырасталат (ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлүнүн) жазуу жүзүндөгү арызынын болушу).
Колдонуучуларды идентификациялоо жана аутентификациялоо, ошондой эле билим алуучунун жеке кабинетине жана анын маалыматтарына жеткиликтүүлүккө мониторинг жана аудит жүргүзүү жол-жоболору "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдери менен жөнгө салынат жана билим берүү чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
31. Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) билим алуучунун маалыматтарынын коопсуздугун коргоо жана жеке кабинетин түзүү максатында ким экендигин милдеттүү түрдө верификациялоо менен электрондук почта же уюлдук телефон номери аркылуу онлайн-каттоодон өтүүсү зарыл, анда "Түндүк" электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан алынган электрондук документтер жайгаштырылат: баланын туулгандыгы тууралуу электрондук күбөлүк, ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) биринин электрондук паспорту.
Онлайн-каттоодон кийин колдонуучулар үчүн жеткиликтүүлүк деңгээлдери түзүлөт:
1) билим алуучулар үчүн - бардык билим берүү материалдарына жана бааларын карап чыгууга жеткиликтүүлүк;
2) педагогдор үчүн - курстарды башкарууга жана бааларды коюуга жеткиликтүүлүк;
3) администраторлор үчүн - билим берүү платформасынын жөндөөлөрүн өзгөртүүгө жана бардык колдонуучулардын иш-аракеттерин көзөмөлдөөгө жеткиликтүүлүк.
Билим алуучунун жеке кабинетинде билим алуучунун жана ата-эненин (мыйзамдуу өкүлдүн) ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтерден тышкары, төмөнкүлөр толтурулуп жана жайгаштырылат:
1) милдеттүү түрдө невропатологдун же балдар психиатрынын корутундусу бар баланын ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкатты (окуу программасын жана сабактардын режимин аныктоо үчүн) тиркөө менен онлайн-мектепке биринчи жолу тапшырууга ата-эненин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) онлайн-мектептин директорунун атына арызынын формасы;
2) билим алуучунун мурда окуган жеринен өздүк делосунун сканерленген варианты, ата-эненин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) бардык байланыш маалыматтары, e-mail, уюлдук телефон номерлери, жашаган жеринин дареги, иштеген жери;
3) стандарттуу окутуу формасынан онлайн-окутууга өткөн билим алуучуну кабыл алуу учурунда, жеке кабинетте билим алуучу ал боюнча мурдагы билим берүү уюмунан өткөн сканерленген маалыматты да тиркөө зарыл.
Жеке кабинетте билим алуучунун бардык документтери менен ийгиликтүү катталышы билим алуучуну онлайн-мектепке кабыл алуу жана жеке кабинетке аны кабыл алуу жөнүндө буйрукту жүктөө үчүн негиз болуп саналат.
32. Кабыл алууда онлайн-мектеп ата-энелерди (мыйзамдуу өкүлдөрдү) ушул Убактылуу жобо, окуу планы, онлайн-окутууну уюштуруу мөөнөттөрү, иштөө режими, сабактардын ырааттамасы, зарыл болгон учурда онлайн-мектептин ишин регламенттеген башка документтер менен да тааныштырууга милдеттүү.
33. Онлайн-мектепке кабыл алуу тууралуу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) арыздары электрондук өздүк делодо милдеттүү түрдө сакталууга тийиш.
34. Онлайн-мектепке кабыл алуу директордун электрондук түрдө түзүлгөн буйругу менен таризделет, ал билим алуучунун электрондук жеке кабинетине киргизилет жана билим алуучу үчүн билим берүү материалдарына жана башка билим берүү процесстерине жетүү мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн негиз болуп саналат.
35. Билим алуучу кабыл алынгандан кийин билим берүү платформасына кирүү үчүн логин жана пароль алат. Колдонуучулардын аттары жана билим берүү платформасы үчүн паролдор үчүнчү жактарга берилбейт. Кандай болбосун кыянаттык менен пайдалануу жеткиликтүүлүк эрежелерин бузуу катары каралат жана билим алуучуну билим берүү уюмунан чыгарууга алып келиши мүмкүн.
36. Билим алуучулардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) кийинки окуу жылына окуу ордун камсыз кылуу үчүн ар бир окуу жылынын аягында каттоосун жаңылап турууга тийиш.
37. Онлайн-мектепте билим алуучуларды класстан класска көчүрүү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жалпы талаптарына ылайык иштелип чыккан онлайн-мектептин ички тартибинин негизинде жүргүзүлөт.
38. Көчүрүүнүн жалпы принциптери:
1) кийинки класска көчүрүү окуу жылы аяктагандан кийин, учурдагы класстын билим берүү программасын ийгиликтүү өздөштүргөн шартта жүзөгө ашырылат;
2) программаны өздөштүрүү орто аралык аттестациядан өтүү менен ырасталат, анын жыйынтыктары көчүрүү үчүн негиз болот;
3) предметтерди тереңдетилген окуу классына которуу же мектепти алмаштыруу сыяктуу өзгөчө учурларда, кошумча жол-жоболор, анын ичинде мектептин администрациясы менен макулдашуу жана зарыл болгон учурда белгиленген экзамендерди тапшыруу каралышы мүмкүн.
39. Онлайн-мектептен чыгаруу үчүн негиздер:
1) билим алуучу, анын ата-энеси (мыйзамдуу өкүлү) тарабынан билим берүү платформасын укуксуз пайдалануу жана кирүү эрежелерин бузуу;
2) онлайн-мектептин ченемдерин жана эрежелерин кыянаттык менен пайдалануу;
3) бир чейректе 10дон ашык синхрондук сабакты жүйөсүз себептер боюнча калтыруу;
4) онлайн-класста жүрүм-турум жана этика эрежелерин системалуу бузуу, анын ичинде педагогдорго жана башка билим алуучуларга сыйлабаган мамиле кылуу;
5) өз каалоосу.
Окуудан чыгаруу үчүн негиз пайда болгон учурда билим алуучуга жана анын ата-энесине (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) 7 жумуш күндүн ичинде себебин көрсөтүү жана абалды оңдоого убакыт берүү менен электрондук почтага жазуу жүзүндөгү кабарлоо жөнөтүлөт. Кабарлоодо ага чейин бузууну четтетүү зарыл болгон дата көрсөтүлөт.
40. Онлайн-мектептен чыгуу билим берүү платформасындагы "Чыгуу жөнүндө форма" модулу аркылуу таризделет, анда ата-энеси (мыйзамдуу өкүлү) тарабынан билим алуучу кетүүчү датага чейин бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен билим алуучунун онлайн-мектептен кетүүсүнүн себеби көрсөтүлүүсү зарыл.
41. Эгерде бузуулар белгиленген мөөнөттө четтетилбесе, онлайн-мектептин администрациясы билим алуучуну окуудан чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алат. Чечим жазуу жүзүндө таризделет жана ага мектептин директору же ыйгарым укуктуу адам кол коёт.
42. Билим алуучу жана анын ата-энеси (мыйзамдуу өкүлдөрү) окуудан чыгаруу жөнүндө чечимге кабарлоону алган учурдан тартып 7 жумуш күндүн ичинде апелляция берүүгө укуктуу. Апелляцияны онлайн-мектептин администрациясынын өкүлдөрүнөн жана педагогдордон турган атайын комиссия карайт. Комиссиянын чечими акыркы болуп саналат жана андан ары даттанууга тийиш эмес.
43. Билим алуучу окуудан чыгарылганда анын жеке кабинетиндеги маалыматтар (билим алуучунун сканерленген өздүк делосу, окуу учурундагы жетишкендиктеринин электрондук табели) онлайн-мектептин директорунун мөөрү жана колу менен күбөлөндүрүлөт жана ата-энесине (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) берилет жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жана архив жөнүндө мыйзамдарында каралган мөөнөттөрдө сакталат.
Билим алуучулар жана алардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) окуудан чыгарылган датага чейин класстык жана жыйынтыктоочу иштер жөнүндө маалыматтарды сактап калуу үчүн билим алуучунун бардык иштерин көчмө түзүлүштөргө жүктөп алууга милдеттүү.
44. Билим алуучу окуудан чыгарылгандан кийин онлайн-мектеп Кыргыз Республикасынын билим берүү жана архив жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте билим алуучунун маалыматтарын сактайт.
8-глава. Билим берүү процесси
45. Окуу жылы билим алуучу окуу жылынын ичинде башка билим берүү уюмдарынан которулган учурлардан тышкары, 1-сентябрдан тартып башталат.
46. Негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүнүн окуу жылынын узактыгы мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациялоо мезгилин эсепке албаганда, 30-34 жумадан кем эмести түзөт.
47. Окуу жылынын ичинде каникулдардын узактыгы Базистик окуу планына жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык жылына үч жолу 9 календардык күндөн кем эмести жана окуу жылы аяктагандан кийин 8 жумадан кем эмести түзөт.
48. Онлайн-мектепте онлайн-сабактардын узактыгы электрондук окуу материалдарын өздөштүрүү темпине жараша белгиленет. Сабактар ырааттамага ылайык өткөрүлөт.
49. Жылдык (педагогдордун календардык-тематикалык пландары) жана окуу планы онлайн-мектептин директору тарабынан бекитилет.
50. Онлайн-мектепте онлайн-сабактардын узактыгы билим алуучулардын жаш курагына, предметке жана билим берүү методикасына жараша өзгөрүшү мүмкүн.
51. Онлайн-мектептин билим берүү порталы (веб-сайт) Интернет тармагында атайын онлайн-окутуунун баракчасын билдирет. Сайттын ачык бөлүгүндө онлайн-мектеп, анын миссиясы, билим берүү программалары, окуу процесси жана билим алуучуларды каттоо тууралуу жалпы маалыматтар камтылган.
52. Сайт аркылуу мектептин администрациясы, педагогдор, билим алуучулар жана алардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) үчүн кирүүнүн ар кандай деңгээлдерин сунуштоочу онлайн-мектептин билим берүү платформасына кирүү ишке ашырылат.
53. Билим берүү платформасы онлайн-мектептин негизги инструменти болуп саналат жана билим берүү ресурстарына жеткиликтүүлүктү камсыздоодо, билим алуучулар менен өз ара аракеттенүүдө жана окуу процессин башкарууда негизги ролду ойнойт.
54. Билим берүү контенти модулдардан жана видео сабактардан турган курстар түрүндө уюштурулат, алардын ар бири үчүн тексттик файлдар, видео роликтер, анимациялар, тесттер, подкасттар түрүндө жана башка түрлөрдө билим берүү материалдары түзүлөт.
55. Ар бир билим берүү контенти алынган билимди текшерүү үчүн тесттерди жана интерактивдүү тапшырмаларды камтышы мүмкүн.
56. Билим берүү платформасы төмөнкү функцияларды аткарат:
1) окуу процессин башкаруу, анын ичинде ырааттамаларды түзүү, сабактарды пландаштыруу, бааларды коюу, билим алуучулардын жетишкендиктерин көзөмөлдөө жана отчетторду түзүү;
2) бааларды автоматтык же кол менен методу аркылуу коюу;
3) окуу материалдарына, анын ичинен электрондук окуу китептерине, видео сабактарга, интерактивдүү сабактарга, тесттерге жана өз алдынча окуу үчүн кошумча материалдарга жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү;
4) экрандагыларды, кийин көрүү үчүн сабактардын жазууларын бөлүшүү мүмкүнчүлүгү менен билим алуучулар менен педагогдордун ортосунда баарлашуу үчүн чат функциясынын жардамы менен видео сабактарды колдоо;
5) топтук жана практикалык сабактар менен виртуалдык класстарды түзүү;
6) билим алуучулардын тесттердин жана практикалык тапшырмалардын жыйынтыктарынын панелин көрүүсү, анда баалар, тапшырмаларды аткаруудагы прогресстер жана алардын жетишкендиктери чагылдырылат;
7) ата-энелерге (мыйзамдуу өкүлдөргө) ата-энелер блогуна өзүнчө кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү, ал аркылуу ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) балдарынын окуу процессин контролдоо, мектептин администрациясы жана техникалык колдоо менен байланышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
57. Педагогдор билим берүү платформасы аркылуу билим алуучулардын активдүүлүгүнө байкоо жүргүзүп, катышуу жана ресурстарды колдонуу боюнча маалыматтарды талдай алышат, бул билим берүү процессин оптималдаштырууга жана анын натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.
58. Билим алуучулардын билимин баалоо системасы жооптордун варианттарын тандоо менен тесттик тапшырмаларды автоматтык түрдө текшерүүнү карайт, кеңири жооптор менен тапшырмалар педагогдор тарабынан бааланууга тийиш.
59. Сабактардын ырааттамасы белгиленген графикке ылайык түзүлөт. Сабактардагы билим алуучулардын саны 25 адамдан кем болбошу керек.
60. Онлайн-мектептеги класстардын саны жарандардын берилген арыздарынын санына жана онлайн-окутуу үчүн түзүлгөн шарттарга жараша болот.
61. Синхрондук окутуу форматындагы сабактар жаздырылып алынат жана зарыл болгон учурда көрүү үчүн билим алуучуларга билим берүү порталында берилет.
62. Онлайн-мектеп тарабынан өтүлбөй калган сабактар (мисалы, педагог менен техникалык байланыштын бузулушунан, маалыматтык системанын иштебей калышынан, педагогдун ооруп калышынан улам) онлайн-мектептин администрациясы тарабынан педагогду алмаштыруу же ошол сабак үчүн өзүнчө убакытты дайындоо менен камсыз кылынат.
63. Онлайн-мектеп төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) билим алуучулар менен онлайн-мектептин педагогдорунун өз ара аракеттенүү форматын аныктоо максатында билим алуучуларда онлайн-окутууну уюштуруу үчүн зарыл болгон жабдуулардын (компьютер, планшет, ноутбук, Интернет тармагына чыгуу мүмкүнчүлүгү, уюлдук байланыш) болушуна мониторинг жүргүзүүнү;
2) билим берүү ишин уюштурууну (онлайн-мектеп иштөө режимин белгилейт, окуу планына ылайык ар бир окуу күнүнө сабактардын ырааттамасын түзөт. Сабактардын ырааттамасы класстар боюнча дифференциацияны карайт жана сабакты өткөрүү убактысын 45 мүнөткө чейин аныктайт, билим берүү ресурстарын аныктайт, Интернет тармагында иштөөнү камсыз кылат);
3) билим алуучуларга жана алардын ата-энелерине (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) билим берүү программаларын ишке ашыруу жөнүндө маалымдоону, анын ичинен сабактардын ырааттамасы, окуу предметтери боюнча учурдагы жана орто аралык контролдоо, консультацияларды өткөрүү графиги менен тааныштырууну;
4) окуу предметтеринин иш программаларына түзөтүүлөрдү киргизүүнү контролдоону;
5) орто аралык аттестация өткөрүү формалары жана мөөнөттөрү боюнча окуу планына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү, зарыл болгон учурда окуу предметтерине бөлүнгөн сааттардын санына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
6) педагогикалык курамдын жыйналыштарын өткөрүүнү, анда билим берүү программаларына киргизилген өзгөртүүлөр (окуу планы, иш программалары боюнча) тууралуу чечимдер кабыл алынат;
7) билим берүү программаларына өзгөртүүлөрдү бекитүү жөнүндө буйруктун долбоорун даярдоону;
8) онлайн-мектептин ишин, анын ичинен билим берүү процессинин натыйжалуулугун жана коюлган максаттарга жетүүсүн талдоону;
9) ата-энелерге (мыйзамдуу өкүлдөргө) реалдуу убакыт же онлайн режимде консультация берүүнү;
10) колдонуучулар өз суроолоруна жооп ала турган чат-ботту, шашылыш линияны колдоо системасынын иштешин камсыздоону;
11) билим берүү процессине катышкан билим алуучулардын саны жөнүндө маалыматты күн сайын чогултууну;
12) билим берүүнүн сапатын жана иштин натыйжалуулугун жакшыртуу үчүн зарыл болгон башкаруучулук чечимдерди өз убагында кабыл алууну.
64. Аныкталган убакытта билим алуучулардын катышуусун талап кылган сабактардын ырааттамасы билим берүү порталында жайгаштырылат.
65. Билим алуучулар сабактан тышкаркы убакта ар кандай девайстардан өз алдынча окуу үчүн жеткиликтүү болгон булут же башка билим берүү ресурстарында жайгаштырылган окуу материалдарына жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.
9-глава. Маалыматтык чөйрөнүн купуялуулугу жана коопсуздугу
66. Онлайн-окутуунун катышуучулары жөнүндө жеке маалыматтардын купуялуулук режимин сактоо үчүн билим алуучулардын жеке маалыматтарын кармоочу катары онлайн-мектептин администрациясы жоопкерчилик тартат.
67. Билим алуучулар Интернет тармагындагы билим берүү ресурстарын өз сабактарынын чегинде колдоно алышат. Мында ата-энелерге (мыйзамдуу өкүлдөргө) көргөн контентин талаптагыдай контролдоону камсыз кылуу жоопкерчилиги жүктөлөт.
68. Билим алуучуларга шилтемелерди, логиндерди же социалдык тармактардагы аккаунттарын башка билим алуучулар менен бөлүшүүгө тыюу салынат.
69. Жеке мүнөздөгү маалыматты чогултуу Кыргыз Республикасынын санарип чөйрөдө укуктук жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарына ылайык онлайн-мектепте ички колдонуу үчүн гана жүргүзүлөт.
70. Билим алуучунун жеке маалыматтарын иштеп чыгуу билим алуучунун ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлүнүн) баланын жеке маалыматтарын иштеп чыгууга макулдугун алган шартта гана жана макулдук алынган максаттар үчүн гана жүргүзүлөт. Он төрт жашка толгон билим алуучулар Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген аракетке жөндөмдүүлүктүн алкагында өз укуктарын жүзөгө ашырууда жана милдеттерин аткарууда өздөрүнүн жеке маалыматтарын иштеп чыгууга өз алдынча макулдук берүүгө укуктуу.
71. Жеке маалыматтар ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) өзү тарабынан же ишенимдүү өкүл аркылуу берилет. Алардын макулдугу Кыргыз Республикасынын санарип чөйрөдө укуктук жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарына ылайык кол коюлган электрондук документ формасында берилиши керек.
72. Ата-эне (мыйзамдуу өкүл) өз баласын онлайн-мектепке кабыл алууга каттоодо ата-эне (мыйзамдуу өкүл) өз баласынын жазылган сабактарга (эгерде микрофон жана веб-камера колдонулса) катышуусуна макулдук берет. Сабактардын жазууларын онлайн-мектептин башка билим алуучулары жана педагогдору үчүнчү жактарга берүү укугусуз көрө алышат.
73. Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) зарыл болгон учурларда милдеттүү түрдө невропатологдун же балдар психиатрынын корутундусу бар баланын ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкатты билим алуучунун жеке кабинетине жүктөөдө ден соолугунун абалына тиешелүү маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук берет.
74. Онлайн-мектеп ата-эне (мыйзамдуу өкүл) жана анын баласы жөнүндө жеке маалыматтарды административдик мониторинг, эсепке алуу, пландоо, окуу программасын жана экзамендерди контролдоо, экзамендердин жыйынтыктарын жарыялоо, маалымкаттарды берүү, билим берүү максатында жана мектепти натыйжалуу башкаруу жана анын персоналынын жана билим алуучуларынын бакубаттыгы үчүн зарыл болгон башка максаттарда талдоо жүргүзүү үчүн гана пайдаланат.
75. Билим алуучунун жеке маалыматтары онлайн-мектептин администрациясы тарабынан мыйзамсыз жетүүдөн, толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн жана жок кылуудан корголот жана бүткүл окуу мөөнөтүнүн ичинде сакталат.
76. Белгилүү бир жеке маалыматтар (билим алуучунун өздүк делосу) аларга болгон практикалык керектөө бүткөндөн кийин архивдик документ статусуна же Кыргыз Республикасынын билим берүү жана архив жөнүндө мыйзамдарында каралган башка статуска ээ болуу менен туруктуу сактоодо калат.
77. Жеке маалыматтар, алардын көлөмү жана иштелип чыгуучу жеке маалыматтардын категориялары, жеке маалыматтардын субъекттеринин категориялары жана жеке маалыматтарды чогултуу максаты үчүн зарыл башка маалыматтар "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдери менен жөнгө салынат жана билим берүү чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
78. Онлайн-мектептин администрациясы билим алуучулар билим берүү платформасынын мүмкүнчүлүктөрүн тиешелүү максаттарда пайдалануусу үчүн бардык коопсуздук чараларын камсыз кылат жана мында ал кандай болбосун укуксуз пайдалануу үчүн жоопкерчилик тартат. Атайлап кыянаттык менен пайдалануу онлайн-мектептин ченемдерин жана эрежелерин бузуу катары каралат, бул текшерүү объекти болушу жана билим алуучуну онлайн-мектептен чыгарууга алып келиши мүмкүн.
79. Онлайн-мектептин администрациясынын билим алуучулардын өздүк делосуна, ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) жөнүндө маалыматтарга жетүүсүн башкаруу саясаты, колдонуучуларды идентификациялоо жана аутентификациялоо механизмдери, ошондой эле жеке маалыматтарды коргоону жана алардын белгиленген максаттардын алкагында гана колдонулушун кепилдеген жеткиликтүүлүккө мониторинг жана аудит жүргүзүү жол-жоболору ушул Убактылуу жобонун 30-пунктунда каралган акт менен бекитилет.
10-глава. Онлайн-мектепти каржылоо жана мүлкү
80. Онлайн-мектептин мүлкү мамлекеттик менчик болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген, ушул Убактылуу жободо белгиленген максаттар үчүн пайдаланылат.
81. Онлайн-мектепти күтүүгө чыгымдарды каржылоо Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин тийиштүү жылдарга каражаттарынын чегинде, жалпы билим берүү уюмдарында кечки жана сырттан окуу формаларынын уюштуруу түзүмдөрүн оптималдаштыруунун натыйжасында бошогон каражаттардын алкагында жүзөгө ашырылат.
82. Онлайн-мектеп кошумча каржылоо булактарын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган бюджеттен тышкаркы иштен түшкөн каражаттарды, инвестицияларды, гранттарды пайдаланууга укуктуу.
83. Онлайн-мектеп белгиленген тартипте финансылык каражаттардын эсебин жана отчеттуулукту жүргүзөт, статистикалык, бухгалтердик жана башка отчетторду даярдоону жана тиешелүү органдарга берүүнү камсыз кылат.
|
| 1-тиркеме |
|
|
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-мартындагы № 136 токтому менен бекитилди) |
"Тунгуч" онлайн-мектеби жөнүндө убактылуу жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июнундагы № 409 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Онлайн-мектептин максаттары, милдеттери жана принциптери
3-глава. Билим берүү процессин сунуштоо боюнча онлайн-мектепке коюлган талаптар
4-глава. Онлайн-мектепти башкаруу
5-глава. Билим берүү процессинин катышуучуларынын укуктары жана милдеттери
6-глава. Онлайн-мектепке кызматкерлерди кабыл алуу
7-глава. Онлайн-мектептин билим алуучуларын кабыл алуу, көчүрүү жана окуудан чыгаруу тартиби
8-глава. Билим берүү процесси
9-глава. Маалыматтык чөйрөнүн купуялуулугу жана коопсуздугу
10-глава. Онлайн-мектепти каржылоо жана мүлкү
1-глава. Жалпы жоболор
1. "Тунгуч" онлайн-мектеби жөнүндө убактылуу жобо (мындан ары - Убактылуу жобо) "Тунгуч" онлайн-мектеби тарабынан ишке ашырылуучу билим берүү процессинин максаттарын жана милдеттерин, уюштуруу тартибин аныктайт жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган акысыз негизги жалпы жана орто жалпы билим алуу укугун ишке ашыруу үчүн шарттарды түзөт.
2. "Тунгуч" онлайн-мектеби билим берүү уюму (мындан ары - онлайн-мектеп) өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарын, кодекстерин жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын чечимдерин жана ушул Убактылуу жобону жетекчиликке алат.
3. Онлайн-мектептин толук аталышы:
1) мамлекеттик тилде: "Тунгуч" онлайн-мектеби" мекемеси;
2) расмий тилде: учреждение "Онлайн-школа "Тунгуч".
Кыскартылган аталышы:
1) мамлекеттик тилде: онлайн-мектеп;
2) расмий тилде: онлайн-школа.
Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 68.
4. Онлайн-мектеп мамлекеттик менчик формасы менен мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жак болуп саналат, штампы, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, өз алдынча балансы, алыш-бериш эсеби бар.
5. Онлайн-мектеп мамлекеттик жана расмий тилдерде онлайн-окутууну уюштурат. Окууну ийгиликтүү аяктап жана бүтүрүүчү экзамендерди тапшырган онлайн-мектептин бүтүрүүчүлөрү Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык билим берүү жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документ (күбөлүк, аттестат) алышат.
6. Ушул Убактылуу жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
асинхрондук окутуу - онлайн-окутуу формасы, мында педагог менен билим алуучулар реалдуу убакытта эмес, алдын ала даярдалган окуу материалдары жана тапшырмалар аркылуу өз ара аракеттенет, бул билим алуучуларга кошумча билим берүү материалын аларга ыңгайлуу убакта жана өзүнүн жеке темпинде окууга мүмкүндүк берет;
синхрондук окутуу - онлайн-окутуу формасы, мында педагог менен билим алуучулар билим берүү порталы аркылуу реалдуу убакытта өз ара аракеттенет, окуу иш-чаралары маалыматтарды видео жана аудио аркылуу берүүнү пайдалануу менен бардык катышуучулар үчүн бир убакта өткөрүлөт;
маалыматтык технологиялар - маалыматты издөө, чогултуу, сактоо, колдонуу, берүү жана таратуу процесстери, методдору;
билим берүү платформасы (портал) - адамдардын чексиз чөйрөсүнө Интернет тармагы аркылуу анын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга жана автоматташтырылган режимде билим берүү, практикалык милдеттерди чечүүгө мүмкүндүк берген, өзгөчө класстагы автоматташтырылган маалыматтык система;
билим берүү контенти - окутууга жана билимди, көндүмдөрдү жана компетенцияларды өнүктүрүүгө багытталган ар түрдүү материалдар жана ресурстар, алар электрондук окуу китептери, макалалар, тексттер, видео сабактар, интерактивдүү модулдар, подкасттар, лабораториялык иштер, вебинарлар жана көптөгөн башка түрлөрдө болушу мүмкүн;
онлайн-окутуу - Интернет тармагында санариптик технологияларды колдонууга негизделген, педагог менен билим алуучулардын түздөн-түз байланышысыз аралыктан окууга мүмкүндүк берүүчү окутуу процессин уюштуруу ыкмасы;
онлайн-мектеп - онлайн-окутуу формасында билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү билим берүү уюму;
стриминг - окутуу процесси жүрүп жаткан убакта маалыматтык системанын жана башка байланыш каражаттарынын мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу менен реалдуу убакытта педагог менен билим алуучулардын ортосундагы түз байланышты болжолдогон сабактарды онлайн-берүү;
санариптик билим берүү ресурстары - окула турган дисциплиналар жана (же) модулдар боюнча интерактивдүү формада окутууну камсыз кылган дидактикалык материалдар: фото сүрөттөр, видеофрагменттер, статикалык жана динамикалык моделдер, виртуалдык реалдуулук жана интерактивдүү моделдештирүү объекттери, аудио материалдар жана башка электрондук окуу материалдары.
2-глава. Онлайн-мектептин максаттары,
милдеттери жана принциптери
7. Онлайн-окутуунун максаты бардыгы, анын ичинде ден соолугунун абалынан, географиялык, физикалык, финансылык же башка себептерден улам Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте билим алуу мүмкүнчүлүгү жоктор үчүн жеткиликтүү билим берүүнү камсыз кылуу, ошондой эле инновациялык ыкмаларга дем берүү, иштеп чыгуу жана билим берүүгө киргизүү үчүн санариптик технологияларды жана окутуу методикаларын пайдалануу менен билим берүүнүн натыйжалуулугун жана жагымдуулугун жогорулатуу болуп саналат.
8. Онлайн-мектептин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) билим алуучуларга заманбап санариптик технологияларды колдонуу менен синхрондук жана асинхрондук окутуу формасында билим берүү программаларын өздөштүрүү мүмкүнчүлүгүн берүү;
2) жетишкендиктерди баалоо жана билим берүүнүн сапатын контролдоо системасын уюштуруу, анын ичинде тестирлөөлөрдү, аттестацияларды жана аралыктан форматта окутуунун натыйжаларына мониторинг жүргүзүү;
3) билим берүү процессинин катышуучуларынын ортосунда билим, тажрыйба жана колдоо менен алмашууга өбөлгө түзгөн билим алуучулар менен педагогдордун онлайн-коомдоштугун түзүү;
4) билим берүү программаларын жана долбоорлорун биргеликте иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн башка билим берүү уюмдары жана мамлекеттик органдар менен өнөктөштүк мамилелерди түзүү;
5) билим алуучуларды республикалык жана эл аралык деңгээлдеги олимпиадаларга даярдоо, олимпиадалык резервди түзүү максатында тереңдетилген деңгээлдеги предметтер боюнча онлайн-окутууну уюштуруу,онлайн-форматта методикалык, консультациялык жана машыктыруу ишин камсыз кылуу;
6) санариптик билим берүү технологияларын, онлайн-платформаларды, билимди аралыктан контролдоону жана жыйынтыктоочу аттестацияны колдонуу менен мамлекеттик, расмий жана чет тилдерди кошо алганда, тил курстары боюнча, анын ичинде базалык, тереңдетилген жана интенсивдүү программалар форматында онлайн-окутууну уюштуруу жана ишке ашыруу;
7) башка жалпы билим берүү уюмдарынын билим алуучуларына мындай билим берүү уюмдарында тийиштүү педагогикалык кадрлар жок же жетишсиз болгон учурда билим алуучуларды окутуунун жана баалоонун натыйжаларын билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик маалыматтык системаларга, анын ичинде "Күндөлүк" автоматташтырылган маалыматтык системасына өткөрүп берүүнү жана аталган натыйжаларды жалпы билим берүү уюмдары тарабынан таанууну камсыз кылуу менен онлайн-форматта айрым окуу предметтерине, курстарга жана (же) модулдарга жеткиликтүүлүктү берүү.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июнундагы № 409 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Онлайн-мектепти уюштуруунун негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) онлайн-мектептин билим берүү порталынын, электрондук почтанын, онлайн-сабактардын ж.б. жардамы менен билим берүү процессинин бардык катышуучуларынын дайыма өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгүн билдирген интерактивдүүлүк принциби;
2) билим берүү процессинин катышуучуларына алар үчүн зарыл болгон темпте жана бардыгы үчүн ыңгайлуу убакытта иштөөгө мүмкүндүк берүүчү ийкемдүүлүк принциби;
3) билим алуучулардын окуудагы жетишкендиктерин баалоонун оперативдүүлүгү жана объективдүүлүгү принциби;
4) билим алуучуларга алардын турган жерине карабастан билим берүү программаларын өздөштүрүү мүмкүнчүлүгүн берүү принциби;
5) предметтер боюнча билим берүү программаларын ишке ашыруунун, ошондой эле билим алуучулардын билим берүү программаларынын мазмунунун милдеттүү минимумун өздөштүрүүсүнүн толуктугун камсыз кылуу принциби.
3-глава. Билим берүү процессин сунуштоо боюнча
онлайн-мектепке коюлган талаптар
10. Негизги жалпы жана орто жалпы билим берүү программаларын ишке ашырган онлайн-мектепке төмөнкүдөй талаптар белгиленет:
1) онлайн-окутууну уюштуруу үчүн маалыматтык-технологиялык инфраструктуранын болушу - туруктуу тармактык байланыш, сервердик жабдуулар, маалыматтарды сактоо системасы, киберкоопсуздук системаларынын иштеши, Интернет тармагына туташууну камсыз кылуучу байланыш каналдары, билим алуучунун ким экендигин идентификациялоо үчүн аутентификация системалары, ордун алмаштырууларды аныктоо системасы;
2) билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасынын иштеши, анын ичинде веб-сайтты, билим берүү порталын, билим берүү ресурстарынын жыйындысын камтыган окутууну башкаруу платформасы;
3) эл аралык стандарттарга (ISO/IEC 27001:2022; Маалыматтык коопсуздук, киберкоопсуздук жана жеке маалыматтарды коргоо - Маалыматтык коопсуздуктун менеджмент системасы) ылайык билим берүү уюмунун иштелип чыккан маалыматтык коопсуздук саясатынын негизинде системалардын маалыматтык коопсуздугун жана маалыматтарды коргоону камсыз кылуу;
4) билим берүү ресурстары менен окуу процессин, онлайн-курстардын иштешин уюштуруу (курстун түзүмдөштүрүлгөн дизайны, окутуунун түзүлүүчү натыйжаларынын картасы, баалоо системасынын спецификациясы, баалоо көрсөткүчтөрүнүн жана критерийлеринин сыпаттамасы);
5) билим алуучулардын билим берүү порталына жана окуу, маалымдама жана методикалык материалдар жайгаштырылган маалыматтык системаларга, тестирлөө системасына жана ачык санариптик ресурстарга, булактарга жеткиликтүүлүгү;
6) билим берүү платформаларын колдонуу аркылуу билим берүү кызматтарын көрсөтүү боюнча санариптик сервистердин болушу: окуу сабактарынын жана экзамендердин ырааттамасы, билим алуучулардын окуудагы жетишкендиктерин контролдоонун бардык түрлөрү, өзүн өзү баалоо системасы, электрондук китепкана, документ жүгүртүү ж.б.;
7) өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар билим алуучуларды онлайн-окутуу үчүн шарттарды түзүү;
8) ички сапатты камсыз кылуу системасына ылайык билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатына мониторинг жүргүзүү системасынын болушу.
4-глава. Онлайн-мектепти башкаруу
11. Онлайн-мектепти башкаруу Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана ушул Убактылуу жобого ылайык жүргүзүлөт.
12. Онлайн-мектептин директору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына конкурстук тандоо тартибинде белгиленгенге ылайык өткөрүлүүчү конкурстун жыйынтыгы боюнча кызмат ордуна дайындалат.
13. Директордун баш ийүүсүндө окуу-тарбия иштери боюнча, техникалык колдоо боюнча орун басарлар жана онлайн-мектептин максаттарын жана милдеттерин биргеликте ишке ашыруучу башка тиешелүү кызматкерлер болот. Онлайн-мектептин кызматкерлерин дайындоо жана бошотуу директор тарабынан ишке ашырылат.
14. Онлайн-мектептин директору:
1) педагогикалык кызматкерлер менен биргеликте онлайн-мектепти өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктайт жана ишке ашырат;
2) жарандардын негизги жалпы жана орто жалпы билим алууга болгон муктаждыгын канааттандырат;
3) мамлекеттик органдарда жана башка уюмдарда онлайн-мектептин укуктарын жана кызыкчылыктарын көрсөтөт жана коргойт;
4) педагогдорду тандоону жана жайгаштырууну жүргүзөт;
5) педагогдор менен биргеликте окуу планын ишке ашырат;
6) белгиленген билим берүү программасынын чегинде билим алуучулардын билим алуусунун жеткиликтүүлүгүн жана сапатын камсыз кылат;
7) педагогикалык курамдын квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик өсүшү үчүн шарттарды түзөт;
8) мамлекеттик үлгүдөгү билим берүү жөнүндө документтерди берүүнү уюштурат жана билим берүү жөнүндө документтерди даярдоо үчүн берилген бүтүрүүчүлөр жөнүндө маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат;
9) финансылык-чарбалык ишти жетектейт жана контролдойт;
10) гранттардын жана инвестициялардын, анын ичинде кошумча билим берүү кызмат көрсөтүүлөрү боюнча кирешелерден түшкөн каражаттардын натыйжалуу пайдаланылышын контролдойт жана жеке жоопкерчилик тартат;
11) материалдык-техникалык базаны эсепке алууну жана анын сакталышын, коопсуздук техникасынын талаптарынын сакталышын, онлайн-мектептин педагогикалык курамынын, кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыз кылат жана алар боюнча жоопкерчилик тартат;
12) кызматтык милдеттерине жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жана эмгек чөйрөсүндөгү мыйзамдарына, ошондой эле ушул Убактылуу жобого ылайык ыйгарым укуктарын ишке ашырат.
5-глава. Билим берүү процессинин катышуучуларынын
укуктары жана милдеттери
15. Онлайн-мектеп төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) даттанууларын жана дооматтарын караган комиссия түзүүгө;
2) мурдагы класстын негизги жалпы билим берүү программасын өздөштүрбөгөн, тесттерди же экзамендерди тапшыра албаган билим алуучуларды онлайн-мектептин кийинки классында окууга жол бербөөгө;
3) башка билим алуучуларга, педагогдорго кемсинтүүчү мамиле кылган билим алуучуларга, ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлүнүн) онлайн-мектептин администрациясынын, педагогдорунун жана билим алуучуларынын ортосундагы сый мамиленин жалпы саясатына каршы келген туура эмес же кемсинтүүчү жүрүм-туруму үчүн чараларды көрүүгө;
4) онлайн-мектептин негизги жалпы же орто жалпы билим берүүсүн аяктай элек адамга белгиленген үлгүдөгү маалымкатты берүүгө.
16. Онлайн-мектеп төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) билим берүү процессин квалификациялуу педагогдор жана техникалык персонал менен колдоону камсыз кылууга;
2) билим алуучуларга окуу программасына ылайык билим берүү платформасына чектөөсүз жетүү мүмкүнчүлүгүн берүүгө;
3) окуу үчүн санариптик чөйрөнүн коопсуздугун камсыз кылууга, анын ичинде билим алуучулардын жеке маалыматтарын коргоого;
4) онлайн-окутууну өтүү үчүн зарыл болгон билим берүү ресурстарын толук көлөмдө берүүгө;
5) сабактардын жазууларын, билим алуучулар аткарган үй тапшырмаларын алар онлайн-мектепте окууну аяктагандан кийин эки жыл бою сактоого;
6) ар кандай билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде ар түрдүү курстарды, предметтерди жана кошумча активдүүлүктөрдү берүүгө;
7) билим алуучу үчүн зарыл болгон жабдууга техникалык талаптарды билим берүү порталында жайгаштырууга;
8) жүрүм-турум жана бири-бирине сый мамиле кылуу кодексин билим берүү порталында жайгаштырууга;
9) шифрлөө жана коргоо методдорунун жардамы менен колдонуучулар жөнүндө маалыматты коргоону камсыз кылууга;
10) колдонуучулардын бардык маалыматтарын шифрлөөгө жана авторизациялоо деңгээлдери боюнча аларга жеткиликтүүлүктү чектөөгө.
17. Онлайн-мектептин педагогу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) окуу программаларын, окутуунун формаларын жана методдорун эркин тандоого;
2) новатордук методдорду жана ыкмаларды түзүүгө жана колдонууга, илимий-педагогикалык эксперимент жүргүзүүгө, алдынкы педагогикалык тажрыйбаны практикага киргизүүгө;
3) новатордук методдорду түзүүнү колдоого, колдонууга жана педагогикалык ишке киргизүүгө;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жеке педагогикалык иш жүргүзүүгө;
5) категориясын жогорулатуу максатында мөөнөтүнөн мурда аттестациядан өтүүгө;
6) беш жылда бир жолудан кем эмес белгиленген тартипте квалификациясын жогорулатууга;
7) жашы жете электердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого;
8) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык айкалыштыруу боюнча иштөө укугун пайдаланууга;
9) онлайн-мектепти башкарууга катышууга.
18. Онлайн-мектептин педагогу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Интернет тармагына туташуу жана окуу процессин уюштуруу үчүн маалыматтык-коммуникациялык технологияларды жана телекоммуникациялык байланыш каражаттарын тез колдонуу көндүмдөрүнө ээ болууга;
2) зарыл болгон учурда иш программаларына тематикалык пландоо бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө (зарыл болгон учурда бөлүмдөрдү, темаларды өздөштүрүү кезектүүлүгүн алмаштырат);
3) колдонулуучу иш формалары, өз алдынча иштин түрлөрү, катышкан сабактарды эсепке алуу ыкмалары жана формалары, контролдоонун түрлөрү жана формалары, окутуу үчүн техникалык каражаттар тууралуу маалыматтарды онлайн-мектептин жетекчилигинин кароосуна берүүгө;
4) билим берүү ресурстарын колдонуу менен санариптик чөйрөдө окуу программаларын өздөштүрүү боюнча билим алуучулар менен ишти уюштурууга;
5) окуу материалдарын тандоого, билим алуучулар үчүн зарыл болгон билим берүү ресурстарын жана тапшырмаларды түзүүгө;
6) билим алуучулар менен кайтарым байланышты, анын ичинде аткарылган иштерге рецензияларды (оозеки же аудио) жөнөтүү аркылуу камсыз кылууга;
7) онлайн-консультацияларды өткөрүүгө;
8) билим алуучулардын окуу материалдарын өздөштүрүү процессин контролдоого;
9) жетишкендиктерди учурдагы контролдоо үчүн материалдарды даярдоого;
10) окуу программаларын өздөштүрүүнүн сапатын учурдагы жана аралыктан контролдоого;
11) билим берүү процессине катышып жаткан билим алуучулардын санын күн сайын эсепке алууга;
12) электрондук журналды (электрондук күндөлүктү) жүргүзүүгө;
13) билим алуучулардын билим берүү программасын өздөштүрүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө ата-энелерге (мыйзамдуу өкүлдөргө) жана онлайн-мектептин жетекчилигине маалымдоого.
19. Онлайн-мектептин директору, анын орун басарлары жана педагогдор төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартат:
1) билим берүү процессин уюштуруу жана билим берүү программаларын сапаттуу ишке ашырылышын камсыз кылуу;
2) окуу предметтеринин иштелип чыккан (оңдолгон) иш программаларынын сапаты;
3) сунушталган жана иштелип чыккан билим берүү ресурстарынын сапаты;
4) билим алуучулардын окуу процессине катышуусу;
5) окуу предметтеринин иш программаларын өздөштүрүүнү контролдоону уюштуруу;
6) ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) менен өз ара аракеттенүү;
7) билим алуучулардын билим алуудагы жетишкендиктерин жеке эсепке алуу;
8) электрондук журналды жүргүзүү.
20. Онлайн-мектептин билим алуучулары төмөнкүлөргө укуктуу:
1) окутуунун кандай болбосун этабында онлайн-мектепке кабыл алынууга жана негизги жалпы жана орто жалпы билим алууга;
2) онлайн-окутуунун иштелип чыккан мамлекеттик билим берүү стандарттарынын деңгээлинде билим берүү программаларынын алкагында негизги жалпы жана орто жалпы билим алууга;
3) эгерде билим алуучу жүйөлүү себеп боюнча онлайн-сабакка катыша албай калса, онлайн-сабактын жазууларын көрүүгө;
4) билим берүү ресурстарынын базасын колдонууга;
5) негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүнү аяктагандан кийин мамлекеттик үлгүдөгү билим берүү жөнүндө документтерди өз убагында алууга;
6) тиешелүү класстын негизги жалпы билим берүү программаларын толук өздөштүргөн учурда кийинки класска көчүрүлүүгө;
7) Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык бүтүрүү экзамендерин ийгиликтүү тапшырган учурда мамлекеттик үлгүдөгү билим берүү жөнүндө документти (күбөлүк, аттестат) алууга;
8) арыздын негизинде кандай болбосун башка жалпы билим берүү уюмуна которулууга.
21. Онлайн-мектептин билим алуучусу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) бекитилген окуу планына, иштөө режимине жана сабактардын ырааттамасына ылайык билим берүү программаларын ак ниет өздөштүрүүгө;
2) окуу материалын өздөштүрүү деңгээли (онлайн-тестирлөө аркылуу аныкталат) жөнүндө маалыматты өз убагында берүүгө, алынган тапшырмаларды педагогго текшерүүгө жөнөтүүгө;
3) сабактардын ырааттамасына ылайык дайындалган убакта онлайн-сабактарга катышууга, тапшырмаларды тапшыруу мөөнөттөрүн сактоого;
4) өз убактысын пландоого, ар бир сабакка алдын ала даяр болууга;
5) билим берүү платформасы аркылуу педагогдор жана башка билим алуучулар менен өз ара аракеттенүүгө, талкууларга катышууга жана эгерде талап кылынса топтук долбоорлордо кызматташууга;
6) компьютерде, Интернет тармагында жана онлайн-окутуу үчүн зарыл болгон башка техникалык инструменттерде иштөө үчүн көндүмдөргө ээ болууга;
7) онлайн-класста жүрүм-турум жана этика эрежелерин сактоого, анын ичинде педагогдорго жана башка билим алуучуларга сый мамиле кылууга, ошондой эле санариптик чөйрөдөгү купуялуулук жана коопсуздук эрежелерин сактоого.
22. Билим алуучулардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) төмөнкүлөргө укуктуу:
1) онлайн-мектепти тандоого жана балдарын окууну улантуу үчүн окутуунун кандай болбосун этабында ага жөнөтүүгө, ошондой эле онлайн-окутуунун (онлайн же гибриддик форма ж.б.) формасын тандоого;
2) билим алуучулардын мамлекеттик билим берүү стандарттарынын алкагында негизги жалпы жана орто жалпы билим алуусуна болгон укуктарынын сакталышын талап кылууга;
3) балдарынын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого.
23. Билим алуучулардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) билим алуучунун тиешелүү окуу ордун уюштурууга (ызы-чуудан жана онлайн-окутуу процессине тоскоол болуучу сырткы таасирлерден обочолонгон жарык жай), милдеттүү түрдө камерасы, микрофону, кулакчындары бар, Интернет тармагына туруктуу чыгуучу компьютер менен камсыз кылууга. Билим алуучунун компьютеринде камера жана үн күйгүзүлгөнүн текшерүүгө, эгерде камера жана үн өчүк болсо, билим алуучу сабактан четтетилиши мүмкүн, эгерде бошотуу берилбесе;
2) онлайн-мектептин белгиленген иштөө режимине жана сабактардын ырааттамасына ылайык онлайн-окутууга катышууну камсыз кылууга;
3) билим алуучу тарабынан тапшырмалардын аткарылышын жана алардын педагогго жөнөтүлүшүн контролдоого;
4) билим алуучунун ооруп калгандыгы же анын айыккандыгы жөнүндө педагогго дароо маалымдоого;
5) окутуу убагында балдардын физикалык жана психикалык ден соолугу жөнүндө дайыма кам көрүүгө;
6) билим алуучунун жетишкендиктери жөнүндө маалыматка ээ болуу үчүн билим берүү порталын колдонууга, ага мөөнөттөрдү сактоого жардам берүүгө;
7) зарыл болгон материалдар, анын ичинде онлайн-мектептин талабы боюнча электрондук окуу китептери менен камсыздоо аркылуу билим алуучуга колдоо көрсөтүүгө;
8) эгерде билим алуучу сабакка катыша албаган учурда, билим берүү порталындагы жоктугу жөнүндө форманы пайдалануу менен педогогго кабарлоого жана белгиленген формага ылайык жоктугунун себебин кеңири баяндоого тийиш.
6-глава. Онлайн-мектепке
кызматкерлерди кабыл алуу
24. Онлайн-мектепке ишке кабыл алуу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
25. Онлайн-мектепте педагогикалык ишке соттуулугу же тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу медициналык каршы көрсөткүчтөрү бар адамдарга жол берилбейт.
7-глава. Онлайн-мектептин билим алуучуларын кабыл алуу,
көчүрүү жана окуудан чыгаруу тартиби
26. Онлайн-мектепке кабыл алууда жынысы, расасы, улуту, тили, теги, динге болгон мамилеси, ишенимдери, коомдук уюмдарга (бирикмелерге) таандыктыгы, ден соолугунун абалы, социалдык абалы боюнча чектөөлөргө жол берилбейт.
27. Онлайн-мектепке турган жерине карабастан, онлайн-окутуу аркылуу негизги жалпы жана орто жалпы билим алууга каалоосун билдирген Кыргыз Республикасынын бардык жарандары кабыл алынат.
28. Кайрылмандар, чет мамлекеттерде жашаган этностук кыргыздар, ошондой эле чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендеш статусун алган чет өлкөлүк жарандар үчүн онлайн-мектепте окууга Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей шарттар белгиленет.
29. Класстарга онлайн-окууга кабыл алуу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) арызы боюнча жүзөгө ашырылат жана жыл сайын 20-августка чейин онлайн-мектептин билим берүү порталы аркылуу онлайн-каттоо формасында жүргүзүлөт.
30. Онлайн-окутуу формасында окуу процессин уюштурууга билим алуучунун ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлүнүн) макулдугу документтик түрдө ырасталат (ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлүнүн) жазуу жүзүндөгү арызынын болушу).
Колдонуучуларды идентификациялоо жана аутентификациялоо, ошондой эле билим алуучунун жеке кабинетине жана анын маалыматтарына жеткиликтүүлүккө мониторинг жана аудит жүргүзүү жол-жоболору "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдери менен жөнгө салынат жана билим берүү чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
31. Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) билим алуучунун маалыматтарынын коопсуздугун коргоо жана жеке кабинетин түзүү максатында ким экендигин милдеттүү түрдө верификациялоо менен электрондук почта же уюлдук телефон номери аркылуу онлайн-каттоодон өтүүсү зарыл, анда "Түндүк" электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан алынган электрондук документтер жайгаштырылат: баланын туулгандыгы тууралуу электрондук күбөлүк, ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) биринин электрондук паспорту.
Онлайн-каттоодон кийин колдонуучулар үчүн жеткиликтүүлүк деңгээлдери түзүлөт:
1) билим алуучулар үчүн - бардык билим берүү материалдарына жана бааларын карап чыгууга жеткиликтүүлүк;
2) педагогдор үчүн - курстарды башкарууга жана бааларды коюуга жеткиликтүүлүк;
3) администраторлор үчүн - билим берүү платформасынын жөндөөлөрүн өзгөртүүгө жана бардык колдонуучулардын иш-аракеттерин көзөмөлдөөгө жеткиликтүүлүк.
Билим алуучунун жеке кабинетинде билим алуучунун жана ата-эненин (мыйзамдуу өкүлдүн) ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтерден тышкары, төмөнкүлөр толтурулуп жана жайгаштырылат:
1) милдеттүү түрдө невропатологдун же балдар психиатрынын корутундусу бар баланын ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкатты (окуу программасын жана сабактардын режимин аныктоо үчүн) тиркөө менен онлайн-мектепке биринчи жолу тапшырууга ата-эненин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) онлайн-мектептин директорунун атына арызынын формасы;
2) билим алуучунун мурда окуган жеринен өздүк делосунун сканерленген варианты, ата-эненин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) бардык байланыш маалыматтары, e-mail, уюлдук телефон номерлери, жашаган жеринин дареги, иштеген жери;
3) стандарттуу окутуу формасынан онлайн-окутууга өткөн билим алуучуну кабыл алуу учурунда, жеке кабинетте билим алуучу ал боюнча мурдагы билим берүү уюмунан өткөн сканерленген маалыматты да тиркөө зарыл.
Жеке кабинетте билим алуучунун бардык документтери менен ийгиликтүү катталышы билим алуучуну онлайн-мектепке кабыл алуу жана жеке кабинетке аны кабыл алуу жөнүндө буйрукту жүктөө үчүн негиз болуп саналат.
32. Кабыл алууда онлайн-мектеп ата-энелерди (мыйзамдуу өкүлдөрдү) ушул Убактылуу жобо, окуу планы, онлайн-окутууну уюштуруу мөөнөттөрү, иштөө режими, сабактардын ырааттамасы, зарыл болгон учурда онлайн-мектептин ишин регламенттеген башка документтер менен да тааныштырууга милдеттүү.
33. Онлайн-мектепке кабыл алуу тууралуу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) арыздары электрондук өздүк делодо милдеттүү түрдө сакталууга тийиш.
34. Онлайн-мектепке кабыл алуу директордун электрондук түрдө түзүлгөн буйругу менен таризделет, ал билим алуучунун электрондук жеке кабинетине киргизилет жана билим алуучу үчүн билим берүү материалдарына жана башка билим берүү процесстерине жетүү мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн негиз болуп саналат.
35. Билим алуучу кабыл алынгандан кийин билим берүү платформасына кирүү үчүн логин жана пароль алат. Колдонуучулардын аттары жана билим берүү платформасы үчүн паролдор үчүнчү жактарга берилбейт. Кандай болбосун кыянаттык менен пайдалануу жеткиликтүүлүк эрежелерин бузуу катары каралат жана билим алуучуну билим берүү уюмунан чыгарууга алып келиши мүмкүн.
36. Билим алуучулардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) кийинки окуу жылына окуу ордун камсыз кылуу үчүн ар бир окуу жылынын аягында каттоосун жаңылап турууга тийиш.
37. Онлайн-мектепте билим алуучуларды класстан класска көчүрүү Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин жалпы талаптарына ылайык иштелип чыккан онлайн-мектептин ички тартибинин негизинде жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июнундагы № 409 токтомунун редакциясына ылайык)
38. Көчүрүүнүн жалпы принциптери:
1) кийинки класска көчүрүү окуу жылы аяктагандан кийин, учурдагы класстын билим берүү программасын ийгиликтүү өздөштүргөн шартта жүзөгө ашырылат;
2) программаны өздөштүрүү орто аралык аттестациядан өтүү менен ырасталат, анын жыйынтыктары көчүрүү үчүн негиз болот;
3) предметтерди тереңдетилген окуу классына которуу же мектепти алмаштыруу сыяктуу өзгөчө учурларда, кошумча жол-жоболор, анын ичинде мектептин администрациясы менен макулдашуу жана зарыл болгон учурда белгиленген экзамендерди тапшыруу каралышы мүмкүн.
39. Онлайн-мектептен чыгаруу үчүн негиздер:
1) билим алуучу, анын ата-энеси (мыйзамдуу өкүлү) тарабынан билим берүү платформасын укуксуз пайдалануу жана кирүү эрежелерин бузуу;
2) онлайн-мектептин ченемдерин жана эрежелерин кыянаттык менен пайдалануу;
3) бир чейректе 10дон ашык синхрондук сабакты жүйөсүз себептер боюнча калтыруу;
4) онлайн-класста жүрүм-турум жана этика эрежелерин системалуу бузуу, анын ичинде педагогдорго жана башка билим алуучуларга сыйлабаган мамиле кылуу;
5) өз каалоосу.
Окуудан чыгаруу үчүн негиз пайда болгон учурда билим алуучуга жана анын ата-энесине (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) 7 жумуш күндүн ичинде себебин көрсөтүү жана абалды оңдоого убакыт берүү менен электрондук почтага жазуу жүзүндөгү кабарлоо жөнөтүлөт. Кабарлоодо ага чейин бузууну четтетүү зарыл болгон дата көрсөтүлөт.
40. Онлайн-мектептен чыгуу билим берүү платформасындагы "Чыгуу жөнүндө форма" модулу аркылуу таризделет, анда ата-энеси (мыйзамдуу өкүлү) тарабынан билим алуучу кетүүчү датага чейин бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен билим алуучунун онлайн-мектептен кетүүсүнүн себеби көрсөтүлүүсү зарыл.
41. Эгерде бузуулар белгиленген мөөнөттө четтетилбесе, онлайн-мектептин администрациясы билим алуучуну окуудан чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алат. Чечим жазуу жүзүндө таризделет жана ага мектептин директору же ыйгарым укуктуу адам кол коёт.
42. Билим алуучу жана анын ата-энеси (мыйзамдуу өкүлдөрү) окуудан чыгаруу жөнүндө чечимге кабарлоону алган учурдан тартып 7 жумуш күндүн ичинде апелляция берүүгө укуктуу. Апелляцияны онлайн-мектептин администрациясынын өкүлдөрүнөн жана педагогдордон турган атайын комиссия карайт. Комиссиянын чечими акыркы болуп саналат жана андан ары даттанууга тийиш эмес.
43. Билим алуучу окуудан чыгарылганда анын жеке кабинетиндеги маалыматтар (билим алуучунун сканерленген өздүк делосу, окуу учурундагы жетишкендиктеринин электрондук табели) онлайн-мектептин директорунун мөөрү жана колу менен күбөлөндүрүлөт жана ата-энесине (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) берилет жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жана архив жөнүндө мыйзамдарында каралган мөөнөттөрдө сакталат.
Билим алуучулар жана алардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) окуудан чыгарылган датага чейин класстык жана жыйынтыктоочу иштер жөнүндө маалыматтарды сактап калуу үчүн билим алуучунун бардык иштерин көчмө түзүлүштөргө жүктөп алууга милдеттүү.
44. Билим алуучу окуудан чыгарылгандан кийин онлайн-мектеп Кыргыз Республикасынын билим берүү жана архив жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте билим алуучунун маалыматтарын сактайт.
8-глава. Билим берүү процесси
45. Окуу жылы билим алуучу окуу жылынын ичинде башка билим берүү уюмдарынан которулган учурлардан тышкары, 1-сентябрдан тартып башталат.
46. Негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүнүн окуу жылынын узактыгы мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациялоо мезгилин эсепке албаганда, 30-34 жумадан кем эмести түзөт.
47. Окуу жылынын ичинде каникулдардын узактыгы Базистик окуу планына жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык жылына үч жолу 9 календардык күндөн кем эмести жана окуу жылы аяктагандан кийин 8 жумадан кем эмести түзөт.
48. Онлайн-мектептеги онлайн-сабактардын узактыгы электрондук окуу материалдарын өздөштүрүү темпине жараша белгиленет.
Онлайн-мектептеги онлайн-сабактардын узактыгы билим алуучулардын жашына, предметине жана билим берүү методикасына жараша өзгөрүп турушу мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июнундагы № 409 токтомунун редакциясына ылайык)
49. Жылдык (педагогдордун календардык-тематикалык пландары) жана окуу пландары онлайн-мектептин директору тарабынан бекитилет. Сабактар ырааттамага ылайык өткөрүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июнундагы № 409 токтомунун редакциясына ылайык)
50. Онлайн-мектеп билим берүү процессин уюштуруу моделин (предметтик, тьютордук, аралаш жана башка моделдер) өз алдынча аныктайт жана ишке ашырат, анын ичинде билим берүү контентин иштеп чыгуучулар менен коштоочу педагогдордун (тьюторлордун) ортосунда функцияларды бөлүштүрөт, мында мындай модель пилоттук долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө анын максаттарын жана милдеттерин сактоо шартында, ушул Убактылуу жобого өзгөртүүлөрдү киргизбестен оңдолушу жана такталышы мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июнундагы № 409 токтомунун редакциясына ылайык)
51. Онлайн-мектептин билим берүү порталы (веб-сайт) Интернет тармагында атайын онлайн-окутуунун баракчасын билдирет. Сайттын ачык бөлүгүндө онлайн-мектеп, анын миссиясы, билим берүү программалары, окуу процесси жана билим алуучуларды каттоо тууралуу жалпы маалыматтар камтылган.
52. Сайт аркылуу мектептин администрациясы, педагогдор, билим алуучулар жана алардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) үчүн кирүүнүн ар кандай деңгээлдерин сунуштоочу онлайн-мектептин билим берүү платформасына кирүү ишке ашырылат.
53. Билим берүү платформасы онлайн-мектептин негизги инструменти болуп саналат жана билим берүү ресурстарына жеткиликтүүлүктү камсыздоодо, билим алуучулар менен өз ара аракеттенүүдө жана окуу процессин башкарууда негизги ролду ойнойт.
54. Билим берүү контенти модулдардан жана видео сабактардан турган курстар түрүндө уюштурулат, алардын ар бири үчүн тексттик файлдар, видео роликтер, анимациялар, тесттер, подкасттар түрүндө жана башка түрлөрдө билим берүү материалдары түзүлөт.
55. Ар бир билим берүү контенти алынган билимди текшерүү үчүн тесттерди жана интерактивдүү тапшырмаларды камтышы мүмкүн.
56. Билим берүү платформасы төмөнкү функцияларды аткарат:
1) окуу процессин башкаруу, анын ичинде ырааттамаларды түзүү, сабактарды пландаштыруу, бааларды коюу, билим алуучулардын жетишкендиктерин көзөмөлдөө жана отчетторду түзүү;
2) бааларды автоматтык же кол менен методу аркылуу коюу;
3) окуу материалдарына, анын ичинен электрондук окуу китептерине, видео сабактарга, интерактивдүү сабактарга, тесттерге жана өз алдынча окуу үчүн кошумча материалдарга жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү;
4) экрандагыларды, кийин көрүү үчүн сабактардын жазууларын бөлүшүү мүмкүнчүлүгү менен билим алуучулар менен педагогдордун ортосунда баарлашуу үчүн чат функциясынын жардамы менен видео сабактарды колдоо;
5) топтук жана практикалык сабактар менен виртуалдык класстарды түзүү;
6) билим алуучулардын тесттердин жана практикалык тапшырмалардын жыйынтыктарынын панелин көрүүсү, анда баалар, тапшырмаларды аткаруудагы прогресстер жана алардын жетишкендиктери чагылдырылат;
7) ата-энелерге (мыйзамдуу өкүлдөргө) ата-энелер блогуна өзүнчө кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү, ал аркылуу ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) балдарынын окуу процессин контролдоо, мектептин администрациясы жана техникалык колдоо менен байланышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
57. Педагогдор билим берүү платформасы аркылуу билим алуучулардын активдүүлүгүнө байкоо жүргүзүп, катышуу жана ресурстарды колдонуу боюнча маалыматтарды талдай алышат, бул билим берүү процессин оптималдаштырууга жана анын натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.
58. Билим алуучулардын билимин баалоо системасы жооптордун варианттарын тандоо менен тесттик тапшырмаларды автоматтык түрдө текшерүүнү карайт, кеңири жооптор менен тапшырмалар педагогдор тарабынан бааланууга тийиш.
59. Сабактардын ырааттамасы белгиленген графикке ылайык түзүлөт. Сабактардагы билим алуучулардын саны 25 адамдан кем болбошу керек.
60. Онлайн-мектептеги класстардын саны жарандардын берилген арыздарынын санына жана онлайн-окутуу үчүн түзүлгөн шарттарга жараша болот.
601. Онлайн-мектеп билим алуучуларды олимпиадалык резервге даярдоо үчүн предметтер боюнча онлайн-окутууну ишке ашыруучу атайын класстарды, топторду же билим берүү агымдарын, анын ичинде жеке жана топтук интенсивдүү сабактарды, онлайн-жыйындарды жана машыгуу турларын түзүүгө укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июнундагы № 409 токтомунун редакциясына ылайык)
602. Онлайн-мектеп билим алуучулардын даярдык деңгээлин жана окутуу максаттарын эске алуу менен мамлекеттик, расмий жана чет тилдер боюнча онлайн-курстарды ишке ашыруу үчүн өзүнчө класстарды, окуу топторун же билим берүү агымдарын түзүүгө укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июнундагы № 409 токтомунун редакциясына ылайык)
61. Синхрондук окутуу форматындагы сабактар жаздырылып алынат жана зарыл болгон учурда көрүү үчүн билим алуучуларга билим берүү порталында берилет.
62. Онлайн-мектеп тарабынан өтүлбөй калган сабактар (мисалы, педагог менен техникалык байланыштын бузулушунан, маалыматтык системанын иштебей калышынан, педагогдун ооруп калышынан улам) онлайн-мектептин администрациясы тарабынан педагогду алмаштыруу же ошол сабак үчүн өзүнчө убакытты дайындоо менен камсыз кылынат.
63. Онлайн-мектеп төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) билим алуучулар менен онлайн-мектептин педагогдорунун өз ара аракеттенүү форматын аныктоо максатында билим алуучуларда онлайн-окутууну уюштуруу үчүн зарыл болгон жабдуулардын (компьютер, планшет, ноутбук, Интернет тармагына чыгуу мүмкүнчүлүгү, уюлдук байланыш) болушуна мониторинг жүргүзүүнү;
2) билим берүү ишин уюштурууну (онлайн-мектеп иштөө режимин белгилейт, окуу планына ылайык ар бир окуу күнүнө сабактардын ырааттамасын түзөт. Сабактардын ырааттамасы класстар боюнча дифференциацияны карайт жана синхрондук сабакты өткөрүү убактысын 45 мүнөткө чейин аныктайт, билим берүү ресурстарын аныктайт, Интернет тармагында иштөөнү камсыз кылат);
21) билим алуучуларды олимпиадалык резервге даярдоо үчүн предметтер боюнча онлайн-окутууну уюштурууну, анын ичинде тереңдетилген онлайн-сабактарды, машыгуу тесттерин, консультацияларды жана башка билим берүү иш-чараларын синхрондук жана асинхрондук формаларда өткөрүүнү;
22) тил курстары боюнча онлайн-окутууну уюштурууну, анын ичинде онлайн-сабактарды, сүйлөшүү практикасын, интерактивдүү көнүгүүлөрдү, тилдик интенсивдерди, тестирлөөнү жана учурдагы жана жыйынтыктоочу контролдоонун башка формаларын синхрондук жана асинхрондук формаларда өткөрүүнү;
23) педагогикалык максатка ылайыктуулугуна, билим алуучулардын жашына жана окутуунун тандалып алынган моделине жараша асинхрондук сабактардын форматын, узактыгын жана мезгилдүүлүгүн аныктоону, мында билим берүү процесси агымдык сабактар формасында синхрондук сабактарды пайдалануу менен артыкчылыктуу түрдө асинхрондук форматта ишке ашырылат;
3) билим алуучуларга жана алардын ата-энелерине (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) билим берүү программаларын ишке ашыруу жөнүндө маалымдоону, анын ичинен сабактардын ырааттамасы, окуу предметтери боюнча учурдагы жана орто аралык контролдоо, консультацияларды өткөрүү графиги менен тааныштырууну;
4) окуу предметтеринин иш программаларына түзөтүүлөрдү киргизүүнү контролдоону;
5) орто аралык аттестация өткөрүү формалары жана мөөнөттөрү боюнча окуу планына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү, зарыл болгон учурда окуу предметтерине бөлүнгөн сааттардын санына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
6) педагогикалык курамдын жыйналыштарын өткөрүүнү, анда билим берүү программаларына киргизилген өзгөртүүлөр (окуу планы, иш программалары боюнча) тууралуу чечимдер кабыл алынат;
7) билим берүү программаларына өзгөртүүлөрдү бекитүү жөнүндө буйруктун долбоорун даярдоону;
8) онлайн-мектептин ишин, анын ичинен билим берүү процессинин натыйжалуулугун жана коюлган максаттарга жетүүсүн талдоону;
9) ата-энелерге (мыйзамдуу өкүлдөргө) реалдуу убакыт же онлайн режимде консультация берүүнү;
10) колдонуучулар өз суроолоруна жооп ала турган чат-ботту, шашылыш линияны колдоо системасынын иштешин камсыздоону;
11) билим берүү процессине катышкан билим алуучулардын саны жөнүндө маалыматты күн сайын чогултууну;
12) билим берүүнүн сапатын жана иштин натыйжалуулугун жакшыртуу үчүн зарыл болгон башкаруучулук чечимдерди өз убагында кабыл алууну.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июнундагы № 409 токтомунун редакциясына ылайык)
64. Аныкталган убакытта билим алуучулардын катышуусун талап кылган сабактардын ырааттамасы билим берүү порталында жайгаштырылат.
65. Билим алуучулар сабактан тышкаркы убакта ар кандай девайстардан өз алдынча окуу үчүн жеткиликтүү болгон булут же башка билим берүү ресурстарында жайгаштырылган окуу материалдарына жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.
9-глава. Маалыматтык чөйрөнүн
купуялуулугу жана коопсуздугу
66. Онлайн-окутуунун катышуучулары жөнүндө жеке маалыматтардын купуялуулук режимин сактоо үчүн билим алуучулардын жеке маалыматтарын кармоочу катары онлайн-мектептин администрациясы жоопкерчилик тартат.
67. Билим алуучулар Интернет тармагындагы билим берүү ресурстарын өз сабактарынын чегинде колдоно алышат. Мында ата-энелерге (мыйзамдуу өкүлдөргө) көргөн контентин талаптагыдай контролдоону камсыз кылуу жоопкерчилиги жүктөлөт.
68. Билим алуучуларга шилтемелерди, логиндерди же социалдык тармактардагы аккаунттарын башка билим алуучулар менен бөлүшүүгө тыюу салынат.
69. Жеке мүнөздөгү маалыматты чогултуу Кыргыз Республикасынын санарип чөйрөдө укуктук жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарына ылайык онлайн-мектепте ички колдонуу үчүн гана жүргүзүлөт.
70. Билим алуучунун жеке маалыматтарын иштеп чыгуу билим алуучунун ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлүнүн) баланын жеке маалыматтарын иштеп чыгууга макулдугун алган шартта гана жана макулдук алынган максаттар үчүн гана жүргүзүлөт. Он төрт жашка толгон билим алуучулар Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген аракетке жөндөмдүүлүктүн алкагында өз укуктарын жүзөгө ашырууда жана милдеттерин аткарууда өздөрүнүн жеке маалыматтарын иштеп чыгууга өз алдынча макулдук берүүгө укуктуу.
71. Жеке маалыматтар ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) өзү тарабынан же ишенимдүү өкүл аркылуу берилет. Алардын макулдугу Кыргыз Республикасынын санарип чөйрөдө укуктук жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарына ылайык кол коюлган электрондук документ формасында берилиши керек.
72. Ата-эне (мыйзамдуу өкүл) өз баласын онлайн-мектепке кабыл алууга каттоодо ата-эне (мыйзамдуу өкүл) өз баласынын жазылган сабактарга (эгерде микрофон жана веб-камера колдонулса) катышуусуна макулдук берет. Сабактардын жазууларын онлайн-мектептин башка билим алуучулары жана педагогдору үчүнчү жактарга берүү укугусуз көрө алышат.
73. Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) зарыл болгон учурларда милдеттүү түрдө невропатологдун же балдар психиатрынын корутундусу бар баланын ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкатты билим алуучунун жеке кабинетине жүктөөдө ден соолугунун абалына тиешелүү маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук берет.
74. Онлайн-мектеп ата-эне (мыйзамдуу өкүл) жана анын баласы жөнүндө жеке маалыматтарды административдик мониторинг, эсепке алуу, пландоо, окуу программасын жана экзамендерди контролдоо, экзамендердин жыйынтыктарын жарыялоо, маалымкаттарды берүү, билим берүү максатында жана мектепти натыйжалуу башкаруу жана анын персоналынын жана билим алуучуларынын бакубаттыгы үчүн зарыл болгон башка максаттарда талдоо жүргүзүү үчүн гана пайдаланат.
75. Билим алуучунун жеке маалыматтары онлайн-мектептин администрациясы тарабынан мыйзамсыз жетүүдөн, толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн жана жок кылуудан корголот жана бүткүл окуу мөөнөтүнүн ичинде сакталат.
76. Белгилүү бир жеке маалыматтар (билим алуучунун өздүк делосу) аларга болгон практикалык керектөө бүткөндөн кийин архивдик документ статусуна же Кыргыз Республикасынын билим берүү жана архив жөнүндө мыйзамдарында каралган башка статуска ээ болуу менен туруктуу сактоодо калат.
77. Жеке маалыматтар, алардын көлөмү жана иштелип чыгуучу жеке маалыматтардын категориялары, жеке маалыматтардын субъекттеринин категориялары жана жеке маалыматтарды чогултуу максаты үчүн зарыл башка маалыматтар "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдери менен жөнгө салынат жана билим берүү чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
78. Онлайн-мектептин администрациясы билим алуучулар билим берүү платформасынын мүмкүнчүлүктөрүн тиешелүү максаттарда пайдалануусу үчүн бардык коопсуздук чараларын камсыз кылат жана мында ал кандай болбосун укуксуз пайдалануу үчүн жоопкерчилик тартат. Атайлап кыянаттык менен пайдалануу онлайн-мектептин ченемдерин жана эрежелерин бузуу катары каралат, бул текшерүү объекти болушу жана билим алуучуну онлайн-мектептен чыгарууга алып келиши мүмкүн.
79. Онлайн-мектептин администрациясынын билим алуучулардын өздүк делосуна, ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) жөнүндө маалыматтарга жетүүсүн башкаруу саясаты, колдонуучуларды идентификациялоо жана аутентификациялоо механизмдери, ошондой эле жеке маалыматтарды коргоону жана алардын белгиленген максаттардын алкагында гана колдонулушун кепилдеген жеткиликтүүлүккө мониторинг жана аудит жүргүзүү жол-жоболору ушул Убактылуу жобонун 30-пунктунда каралган акт менен бекитилет.
10-глава. Онлайн-мектепти
каржылоо жана мүлкү
80. Онлайн-мектептин мүлкү мамлекеттик менчик болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген, ушул Убактылуу жободо белгиленген максаттар үчүн пайдаланылат.
81. Онлайн-мектепти күтүүгө чыгымдарды каржылоо Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин тийиштүү жылдарга каражаттарынын чегинде, жалпы билим берүү уюмдарында кечки жана сырттан окуу формаларынын уюштуруу түзүмдөрүн оптималдаштыруунун натыйжасында бошогон каражаттардын алкагында жүзөгө ашырылат.