Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-мартындагы № 138 токтому менен бекитилди) |
Жүргүнчүлөр тууралуу алдын ала маалымат жана жүргүнчүлөрдү
каттоо жазуулары жөнүндө маалымат системасы
тууралуу жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Жүргүнчүлөр тууралуу алдын ала маалымат жана жүргүнчүлөрдү каттоо жазуулары жөнүндө маалымат системасы тууралуу жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасында жүргүнчүлөр тууралуу алдын ала маалымат жана жүргүнчүлөрдү каттоо жазуулары жөнүндө маалымат системасынын иштөө тартибин жана оператордун, транспорттук системанын субъекттеринин жана алуучулардын ортосундагы маалыматтык өз ара аракеттенүүнү уюштурууну аныктайт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй аныктамалар колдонулат:
API/PNR системасы - API/PNR-маалыматын иштеп чыгуу, кабыл алуу жана сактоо боюнча байланыш каражаттарынын жана башка мүлктүн программалык-аппараттык комплекси.
API-маалыматы - каттамга тийиштүү болгон маалыматтардан жана ар бир өзүнчө жүргүнчүгө же экипаж мүчесүнө тийиштүү маалыматтардан турган жүргүнчүлөр тууралуу алдын ала маалымат.
PNR-маалыматы - жүргүнчү же анын атынан брондолгон ар бир жол жүрүүгө карата транспорттук системанын субъекттери түзгөн жүргүнчүнү каттоо жазуулары тууралуу маалымат.
Транспорттук системанын субъекттери - операторго API/PNR маалыматын өткөрүп берүүчү авиаташуучулар, темир жол ташуучулары, автомобилдик ташуучулар.
Авиаташуучулар - Кыргыз Республикасына(нан) эл аралык жана Кыргыз Республикасындагы ички аба жүргүнчүлөрдү ташууларды ишке ашыруучу авиакомпаниялар, ошондой эле туруксуз (чартердик) каттамдарды (жүк ташуучу жана жүргүнчүлөр) ишке ашыруучу авиакомпаниялар жана адамдар.
Темир жол ташуучулары - Кыргыз Республикасына(нан) жүргүнчүлөрдү эл аралык ташуу боюнча ишти жүзөгө ашыруучу темир жол транспорт уюмдары.
Автомобилдик ташуучулар - Кыргыз Республикасына (андан) үзгүлтүксүз каттам автомобиль транспортунда жүргүнчүлөргө эл аралык ташуулар боюнча кызматтарды көрсөтүүчү юридикалык жактар.
Оператор - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борбору.
Алуучулар - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети.
3. API/PNR системасын түзүү жана иштетүү төмөнкүдөй негизги принциптердин негизинде ишке ашырылат:
1) жеке маалыматты камтыган маалыматты автоматташтырып иштеп чыгууда жарандардын конституциялык укуктарын сактоо, анын ичинде маалыматтын купуялуулугун камсыздоо;
2) маалыматтык өз ара аракеттенүүчү катышуучулардын иштеп жаткан жана жаңы түзүлүүчү маалыматтык системасынын маалыматтык өз ара аракеттенүүсүнүн технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу;
3) маалыматтык өз ара аракеттенүүчү катышуучулардын ишинде жүргүзүлүүчү административдик, уюштуруучулук жана башка өзгөрүүлөрдөн API/PNR системасынын технологиялык көз карандысыздыгын камсыздоо.
4. API/PNR системасынын маалымат базасы транспорттук системанын субъекттери берген API/PNR-маалыматынын негизинде бирдиктүү маалымат базасы катары оператор тарабынан түзүлөт.
5. Системаны каржылоо республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
2-глава. API/PNR системасынын маалыматтык
өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу
6. API/PNR системасынын маалыматтык өз ара аракеттенүүчү катышуучулары оператор, транспорттук системанын субъекттери жана алуучулар болуп саналат.
7. Транспорттук системанын субъекттери операторго API/PNR- маалыматын автоматташтырып өткөрүп берүүнү камсыздайт.
8. Оператор өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык жана өз компетенциясынын чегинде:
1) API/PNR-маалыматын алууну, иштеп чыгууну жана колдонууну ишке ашырат;
2) ушул Жободо белгиленген учурларда алуучуларга API/PNR-маалыматын берет;
3) API/PNR-маалыматын сактоону камсыздайт;
4) API/PNR системасын киргизүүнү, жакшыртууну жана техникалык коштоону ишке ашырат;
5) API/PNR системасынын иштөөсүн жана аны эксплуатациялоону камсыздайт;
6) зарыл болгон учурда API/PNR-малыматын өткөрүп берүүдөгү технологиялык жана башка талаптарга тактоолорду киргизет;
7) транспорттук системанын субъекттеринин API/PNR-маалыматын берүү мезгилин аныктайт (брондоо процессинде, каттоо процессинде, жол жүрүү документин (билет) сатып алуу процессинде, учкандан жана чыгып кеткенден кийин);
8) API/PNR системасын түзүүнү жана жүргүзүүнү уюштуруучулук, техникалык, методикалык жана башка жактан камсыздоону ишке ашырат;
9) киберкоопсуздукту камсыздоо, жеке маалыматты коргоо жана электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык API/PNR системасынын маалымат коопсуздугун жана киберкоопсуздугун камсыздайт.
9. Оператор API/PNR системасында маалыматтык өз ара аракеттенүүнү уюштуруу боюнча төмөнкүдөй технологиялык жана башка талаптарды тактайт:
1) маалыматтык-техникалык коштоонун ыкмалары жана схемалары;
2) колдонулуучу маалымат берүү каналдары, коштоо каражаттары жана ыгына келтирүү параметрлери;
3) маалыматтык өз ара аракеттенүү режимине жана мезгилдүүлүгүнө талаптар;
4) алынуучу жана берилүүчү маалыматтын курамы жана протоколдору;
5) маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн коопсуздугун камсыздоо тартиби;
6) тараптардын укуктары жана милдеттери;
7) штаттан тышкаркы абалдарда иш-аракеттердин тартиби;
8) маалыматтык өз ара аракеттенүүнү уюштурууга ыйгарым укуктуу кызмат адамдары.
10. Жеке жакка API/PNR-маалыматын оператор тарабынан берүү үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
1) укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштү же өндүрүштү жүргүзүү;
2) бул адамга карата контрчалгындоо, чалгындоо жана ыкчам-издөө иш-чараларын өткөрүү.
11. Алуучулар алынган API/PNR-маалыматын коопсуздукту камсыздоо, кылмыштарды жана укук бузууларды ачуу жаатында өздөрүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашыруу жана жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында колдонушат.
12. API/PNR-маалыматы оператор тарабынан конкреттүү негиздемени көрсөтүү менен алуучулардын жазуу жүзүндөгү суроо-талабынын негизинде берилет.
3-глава. API/PNR-маалыматынын курамына
жана операторго өткөрүп берүүгө талаптар
13. API-маалыматы операторго маалыматтын негизги жана кызматтык блогу түрүндө берилет.
14. Расписание же расписаниеге өзгөртүүлөр тууралуу маалыматтар макулдашылган форматта алмашуу файлы түрүндө өткөрүлүп берүүгө тийиш.
15. Авиаташуучулар API/PNR-маалыматын ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык курамда берет.
16. Темир жол ташуучулары API/PNR-маалыматы ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык курамда берет.
17. Автомобилдик ташуучулар API/PNR-маалыматы ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык курамда берет.
18. API/PNR-маалыматын өткөрүп берүү API/PNR системасынын шлюзу аркылуу ишке ашырылат, ага кошулууну транспорттук системанын субъекттери камсыздайт.
Оператор транспорттук системанын субъекттерине системанын шлюзуна кошулуунун тийиштүү параметрлерин берет.
19. Маалыматты өткөрүп берүү үчүн ачык же атайын корголгон байланыш интернет-каналдары колдонулат. Маалыматты өткөрүп берүү үчүн негизги жана резервдик өткөрүп берүү каналдары түзүлөт. Негизги байланыш каналынын иштебей калгандыгы аныкталгандан кийин 15 мүнөттүн ичинде резервдик каналга өтүү мүмкүндүгү камсыздалууга тийиш. Каналдын маалыматты өткөрүп берүү мүмкүндүгү 512 Кбит/с төмөн болбошу керек.
20. Башкарууда, соодада жана транспортто электрондук маалымат алмашуу үчүн маалыматтарды өткөрүп берүү Бириккен Улуттар Уюмунун ЭДИФАКТ (EDIFACT - Electronic Data Interchange for Administration, Commerce and Transport) форматында жүргүзүлөт. Транспорттук системанын субъекттеринин маалыматтык-коммуникациялык системаларынан маалыматтарды өткөрүп берүү процессинде билдирүүлөр талаасын коддоодо тийиштүү эл аралык же тармактык маалымдамалар жана классификаторлор колдонулууга тийиш. Транспорттук системанын субъекттери менен оператордун ортосундагы макулдашуу боюнча маалыматтарды өткөрүп берүүнүн башка форматы орнотулушу мүмкүн.
21. Транспорттук системанын субъекттери жол жүрүү документтеринде жазылган жана Эл аралык жарандык авиация уюмунун Doc 9303 документинде камтылган, өзгөчөлүктөргө жооп берген, машина окуй турган формадагы жүргүнчүлөрдүн API/PNR-маалыматын, ошондой эле паспорттун транслитерациясын өткөрүп берет.
22. Авиаташуучулар API/PNR-маалыматын операторго Бириккен Улуттар Уюмунун ЭДИФАКТ стандартынын PAXLST (Эл аралык жарандык авиация уюму иштеп чыккан билдирүүнүн форматы) билдирүү формасында электрондук ыкма менен өткөрүп берет.
23. API/PNR-маалыматын берүү үчүн транспорттук системанын субъекттеринин колдонуудагы маалыматтык-коммуникациялык инфратүзүмү колдонулат.
24. Транспорттук системанын субъекттери тарабынан API/PNR-маалыматын электрондук түрдө өткөрүп берүүдө операторго бланктагы жүргүнчүлөр ведомостун берүү талап кылынбайт.
4-глава. API/PNR системасынын маалыматтык коопсуздугу
менен киберкоопсуздугун камсыздоо боюнча талаптар
25. API/PNR системасын иштетүүнүн алкагында маалыматтарды коргоону камсыздоо жеке маалыматты коргоо жана киберкоопсуздукту камсыздоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
26. Оператор, транспорттук системанын субъекттери жана маалымат алуучулар жүргүнчүлөр тууралуу жеке маалыматты топтоодо, сактоодо, иштеп чыгууда жана өткөрүп берүүдө "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
27. Алуучуларга API/PNR-маалыматы аларга жүктөлгөн функцияларды аткарууга зарыл болгон көлөмдө берилет.
28. API/PNR системасынын оператору маалыматтар түшкөн датадан тартып 5 жылдын ичинде алынган маалыматтарды сактайт.
29. Транспорттук системанын субъекттери маалымат берилген датадан тартып 7 календардык күн өткөндөн кийин жүргүнчүлөр тууралуу өткөрүп берилген API/PNR-маалыматын жок кылууга милдеттүү.
30. Транспорт системасынын субъекттеринин маалыматтык-коммуникациялык системасы жеке маалыматты коргоо жана киберкоопсуздукту камсыздоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
31. Маалыматтарды өткөрүп берүүнүн коопсуздугун камсыздоо үчүн транспорттук системанын субъекттеринин маалыматтык-коммуникациялык системалары оператор тарабынан аныкталуучу VPN протоколу боюнча API/PNR системасынын операторунун шлюзуна кошулуу мүмкүндүгүн камсыздоого тийиш.
5-глава. Кошумча жоболор
32. Ушул Жободо бекитилген эрежелер менен талаптарды бузуу Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 439-беренесинде каралган жоопкерчиликке алып келет.
33. Бул Жобо ЕАЭБ мыйзамдарында каралган укуктарга жана милдеттерге жайылтылбайт.
| Жүргүнчүлөр тууралуу алдын ала маалымат жана жүргүнчүлөрдү каттоо жазуулары жөнүндө маалымат системасы тууралуу жобого 1-тиркеме |
Авиаташуучулар үчүн API/PNR-маалыматынын курамы
1. Авиаташуучулар API-маалыматынын негизги блогундагы төмөнкү маалыматтарды операторго өткөрүп берет:
- фамилиясы (жүргүнчүнүн, экипаждын мүчөсүнүн);
- аты;
- атасынын аты (бар болсо) же экинчи аты;
- туулган күнү;
- жарандыгы;
- жынысы;
- жол жүрүү документинин (паспорт же башка расмий жол жүрүү документинин) түрү жана номери;
- жол жүрүү документин (паспорт же башка расмий жол жүрүү документин) берген мамлекет же орган;
- жол жүрүү документинин (паспорт же башка расмий жол жүрүү документинин) жарактуулук мөөнөтүнүн аяктаган датасы;
- чыгуу пункту (эл аралык коддоо боюнча);
- баруу пункту (эл аралык коддоо боюнча);
- аба кемесинин учкан датасы жана убактысы;
- аба ташууларын иш жүзүндө аткарган ташуучунун аталышы же коду;
- каттамдын номери;
- аба кемесинин келген датасы жана убактысы.
2. Ушул тиркеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарга кошумча төмөнкү маалыматтар берилиши мүмкүн:
- аба кемесинин ичиндеги жүргүнчүнүн орду;
- жүк тууралуу маалымат;
- жүргүнчүнүн аты жазылган локатордун номери (же уникалдуу идентификатор).
3. Өткөрүлүп берилүүчү маалыматтын кызматтык блогунун курамына төмөнкү маалыматтар (талаалар) кирүүгө тийиш:
- TIMESTAMP - ташуучунун автоматташтырылган системасына окуяны каттоо датасы жана убактысы;
- API-NUMBER оператору тарабынан белгиленген версиянын номери.
4. Авиаташуучулар төмөнкү PNR-маалыматын операторго өткөрүп берет:
- жүргүнчүнүн фамилиясы;
- аты;
- туулган күнү;
- жынысы;
- ал боюнча ташуу документи (билет) таризделген ким экендигин күбөлөндүргөн документтин түрү;
- ал боюнча ташуу документи (билет) таризделген ким экендигин күбөлөндүргөн документтин номери;
- жарандыгы;
- аба ташууларын иш жүзүндө аткарган ташуучунун аталышы же коду;
- чыгуу пункту (эл аралык коддоо боюнча);
- баруу пункту (эл аралык коддоо боюнча);
- каттамдын номери;
- каттамдын чыккан датасы жана убактысы;
- жүргүнчүнүн баруу маршруту (маршрутту өзгөртүү таржымалын кошкондо);
- PNR-маалыматынын көрсөткүчүнүн коду;
- ташуу документинин уникалдуу номери;
- PNR-маалымат жазуусундагы жүргүнчүлөрдүн саны жана ушул жүргүнчүлөрдүн фамилиясы, аты, атасынын аты;
- аба кемесиндеги суралган (иш жүзүндөгү) орундар тууралуу маалымат (бар болсо);
- жыйынтык наркы;
- төлөө формасы (накталай төлөм, накталай эмес төлөм, анын ичинде электрондук төлөм, төлөм (банк) картасынын номери, ошондой эле банктын аталышы);
- брондоо классынын аталышы жана (же) коду;
- брондоо статусунун коду (маршруттун участоктору боюнча);
- орто аралык конуу каралган каттамдар үчүн орго аралык конуу пункттары (эл аралык коддоо боюнча);
- даталар тууралуу маалымат (PNR-маалыматы түзүлгөн дата, брондоо датасы, PNR-маалыматы акыркы жолу өзгөртүлгөн дата, ташуу документин тариздөө датасы, каттамга акыркы брондоо датасы);
- ташуу документин тариздөө убактысы;
- ташуу документин тариздеген агенттиктин/ташуучунун маалыматы жана коду;
- жүк, колго алып жүрүүчү жүк тууралуу маалымат (орундун саны, салмагы, жүк биркасынын номери; колго алып жүрүүчү жүктүн салмагы);
- каттоо тууралуу маалымат (контролдук каттоо номери, каттоо боюнча агенттин идентификатору, каттоо түркүгүнүн номери, каттоо убактысы, отурган номери);
- каттамдын келген датасы жана убактысы тууралуу маалымат;
- жүргүнчүнүн учууга келбегендиги тууралуу маалымат.
| Жүргүнчүлөр тууралуу алдын ала маалымат жана жүргүнчүлөрдү каттоо жазуулары жөнүндө маалымат системасы тууралуу жобого 2-тиркеме |
Темир жол ташуучулары үчүн API/PNR-маалыматынын курамы
1. Темир жол ташуучулар төмөнкү API-маалыматтарды операторго өткөрүп берет:
- жүргүнчүнүн фамилиясы;
- аты;
- атасынын аты (бар болсо) же экинчи аты;
- туулган күнү;
- жарандыгы;
- жынысы;
- жүргүнчүнүн ким экендигин күбөлөндүргөн документтин түрү жана номери;
- жүргүнчүнүн ким экендигин күбөлөндүргөн документтин жарактуу мөөнөтү аяктаган дата;
- чыгуу станциясы;
- баруу станциясы;
- поезддин чыккан датасы жана убактысы;
- вагондун мамлекетке таандыктыгы;
- поезддин номери;
- поезддин келген датасы жана убактысы.
2. Темир жол ташуучулар төмөнкү PNR-маалыматтарды операторго өткөрүп берет:
- жүргүнчүнүн фамилиясы;
- аты;
- туулган күнү;
- жынысы;
- ал боюнча жол жүрүү документи (билет) таризделген ким экендигин күбөлөндүргөн документтин түрү жана номери;
- ал боюнча жол жүрүү документи (билет) таризделген ким экендигин күбөлөндүргөн документтин номери;
- жарандыгы;
- вагондун, поезддин мамлекетке таандыктыгы;
- чыгуу станциясы;
- баруу станциясы;
- поезддин номери;
- поезддин чыккан датасы жана убактысы;
- жол жүрүү документинин уникалдуу номери;
- жыйынтык наркы;
- төлөө формасы (накталай, накталай эмес, анын ичинде электрондук төлөм);
- PNR-маалыматын түзүү датасы жөнүндө маалымат;
- жол жүрүү документинин (билеттин) маалыматы;
- билет таризделген терминалдын коду.
| Жүргүнчүлөр тууралуу алдын ала маалымат жана жүргүнчүлөрдү каттоо жазуулары жөнүндө маалымат системасы тууралуу жобого 3-тиркеме |
Автомобилдик ташуучулары үчүн API/PNR-маалыматынын
курамы
1. Автомобилдик ташуучулар төмөнкү API-маалыматтарды операторго өткөрүп берет:
- фамилиясы (жүргүнчүнүн);
- аты;
- атасынын аты (бар болсо) же экинчи аты;
- жарандыгы;
- жүргүнчүнүн ким экендигин күбөлөндүргөн документтин түрү жана номери, документтин жарактуулук мөөнөттөрү;
- билетти берген орган;
- чыгуу пункту;
- баруу пункту;
- автомобилдик транспорт каражатынын чыккан датасы жана убактысы;
- ташуучу уюмунун аталышы;
- автомобилдик транспорттун номери;
- автомобилдик транспорт келген датасы жана убактысы;
- транспорт каражатынын паспорту, техникалык паспорту, транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк жана тиешелүү типтеги транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо белгиси.
2. Автомобилдик ташуучулар төмөнкү PNR-маалыматтарды операторго өткөрүп берет:
- жүргүнчүнүн фамилиясы;
- аты;
- жарандыгы;
- транспорттук ташууну иш жүзүндө аткарган ташуучунун аталышы;
- чыгуу пункту;
- баруу пункту;
- автомобилдик транспорттун номери;
- каттамдын чыккан күнү жана убактысы;
- билеттин уникалдуу номери;
- жыйынтык наркы;
- төлөө формасы (накталай төлөм, накталай эмес төлөм, анын ичинде электрондук төлөм);
- орто аралык отургузуу каралган каттамдар үчүн орто аралык отургузуу пункттары;
- билетти тариздөө датасы;
- билетти тариздөө убактысы;
- билетти тариздөөчү адамдын маалыматтары;
- жүк жана кол жүк тууралуу маалымат (орундун саны);
- каттоо тууралуу маалымат (билеттин номери, отурган номери);
- каттамдын келген датасы жана убактысы тууралуу маалымат.