Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 12-декабрындагы № 52
“Аймактагы ГСВ жана ФАПтарга акча каражатын бөлүүгө макулдук берүү жөнүндө”
“Жаргылчак айыл аймагынын ҮДТ врачы Кысанова Назгүлдүн медицина кызматкерлерине планшет жана кызматтык унаасына күйүүчү май алууга акча каражатын бөлүп берүүнү сурап жазган кайрылуусун карап чыгып, макулдук берүү максатында Жаргылчак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 13 сессиясы токтом кылат:
1. Аймактагы ҮДТ жана ФАПтардын кызматкерлерине планшет жана күйүүчү май алууга 2023-жылкы бюжеттен 150 000 сом акча каражаты берилсин .
2. 2023-жылга жергиликтүү бюджетти кароодо токтомдун негизинде иш алып баруу жагы айылдык кеңештин пландоо, бюджет жана финансы иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Акматовго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге милдеттендирилсин.
Төрага |
| Т.Д. Кызалаков |