Редакцияот 17.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Сайдыкум айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги XVIII - сессиясы

 

2023-жылдын  17-апрелиндеги 

 Сайдыкум айыл өкмөтүнүн  Аркалык айылындагы муниципалдык менчиктеги  жерге пайдалануу укугу жөнүндө мамлекеттик  акт алуу жөнүндө

 

Сайдыкум айыл  өкмөтүнүн   Аркалык  айылындагы   муниципалдык   менчиктеги 3-02-05-1003-0050 сыр белгиси менен катталган жалпы аянты 10000,0 м кв болгон жер тилкесинин ичинен бөлүнгөн жер тилкеси 3-02-05-1003-0130 сыр белгилери менен катталган жалпы 4000,0 м кв жер тилкесин бириктирип, мамлекеттик акт алуу маселеси жөнүндөгү Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XVIII  сессиясы,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Аркалык айылынын муниципалдык менчиктеги бош жаткан жер тилкеси 3-02-05-1003-0050 сыр белгиси менен катталган жалпы аянты 6000,0 м кв  жана муниципалдык  менчиктеги  жер тилкесинин  ичинен  бөлүнгөн 3-02-05-1003-0130 сыр белгиси менен катталган 4000,0 м кв жер тилкелери кошулуп, бириктирилип, мектеп курууга мыйзамдаштырылып берилсин.

2. Бириктирилген 10000,0 м кв муниципалдык жер аянтын мектеп курууга мыйзамдаштырып, мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана мөөнөтсүз мөөнөтү көрсөтүлбөгөн мамлекеттик акты алуу жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк   боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

  

Сайдыкум айылдык Кеңешинин төрагасынын

убактылуу милдетин аткаруучу:    

 

 

                   А.Ж.Маматсаева