Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 12-декабрындагы № 51
“Райондук салык башкармалыгынын каты жөнүндө”
Мамлекеттик салык кызматынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз району боюнча башкармалыгынын Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин колдонууга киргизүү” жөнүндөгү 2022-жылдын 18-январындагы 2-пунктуна ылайык 1-январынан тартып мүлк салыгын киргизүү жөнүндө катын карап чыгып, Жаргылчак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 13 - сессиясы токтом кылат.
1. Аймакта калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында эмес жерлерге таандык болгон жер участокторунун аянтынын бир чарчы метринин базалык салыктык наркы (БНС) зоналдык 1.2 коэффициенти менен белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тиешелүү иштерди алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси Мамытов А.С. тапшырылсын.
3. Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Акматовго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге милдеттендирилсин.
Төрага |
| Т.Д. Кызалаков |