Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 12-декабрындагы № 50
“Бал Шире” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ж.У.Деркембаеванын кайрылуусу жөнүндө”
“Бал Шире” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ж.У. Деркембаеванын 2022-жылга ишкананын келишим боюнча 500 000 сомдук ижара акысын 200 миң сомго түшүрүп төлөөгө макулдук берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып, Жаргылчак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 13 - сессиясы токтом кылат.
1. “Бал Шире” муниципалдык ишканасынын 2022-жыл үчүн Жаргылчак айыл өкмөтүнүн жана Ж.У. Деркембаеванын ортосунда түзүлгөн келишим боюнча төлөнүүчү 500 000 сомдук ижара акысын 200 000 сомго түшүрүп төлөөгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Акматовго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге милдеттендирилсин.
Төрага |
| Т.Д. Кызалаков |