Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 12-декабрындагы № 47
“Жаргылчак айыл аймагындагы мектептер жана бала бакчанын профсоюз уюмдарынын кайрылуусун кайра кароо жөнүндө”
Айыл аймагындагы мектептер жана бала бакчанын профсоюз уюмдарынын кайрылуусун карап чыгып, Жаргылчак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 13 сессиясы токтом кылат:
1. Жаргылчак айыл аймагынындагы мектеп жана бала бакча мугалимдеринин коммуналдык төлөмдөрүнө 273 000 сом акча каражаты төлөнүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тиешелүү иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Ишебаевге тапшырылсын.
3. Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Акматовго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге милдеттендирилсин.
Төрага |
| Т.Д. Кызалаков |