Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 27-октябрындагы № 46
“Жениш айылынын тургуну Дүйшеев Азамат Аскарбековичтин кайрылуусу жөнүндө”
“Жаргылчак айыл аймагынын Жениш айылынын тургуну Дүйшеев А.А аялы Сансызбаева Э.К даарылануусуна жардам сурап кайрылуусун карап чыгып, жардам берүү максатында Жаргылчак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 12 сессиясы токтом кылат.
1. Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен Сансызбаева Э.К даарылануусуна 70 000 (жетимиш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Акматовго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге милдеттендирилсин.
Төрага |
| Т.Д. Кызалаков |