Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 27-октябрындагы № 43
“Кичи-Жаргылчак айылынын маданият үйүн (клубун) капиталдык ремонттон өткөрүүнү дем берүүчү грант аркылуу ишке ашырууга айыл өкмөтүнүн жергидликтүү бюджетинен өздүк салым каражатын бөлүп берүү жөнүндө”
“Жаргылчак айыл өкмөтүнүн Кичи-Жаргылчак айылынындагы маданият үйүн (клубун) капиталдык ремонттон өткөрүүнү дем берүүчү грант аркылуу ишке ашырууга айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен өздүк салым каражатын бөлүп берүү максатында Жаргылчак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 12 сессиясы токтом кылат.
1. Кичи-Жаргылчак айылынын маданият үйүн (клубун) долбоор боюнча капиталдык ремонттон өткөрүүнү дем берүүчү грант аркылуу ишке ашырууга айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен сметада каралган сумманын 26% өлчөмүндөгү өздүк салым каражатын бөлүп каржылоого макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге милдеттендирилсин.
Төрага |
| Т.Д. Кызалаков |