Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 27-октябрындагы № 42
“Айыл өкмөтүнүн аймагында турак-жай курулуш кооперативдерине жер участокторун бөлүп берүү боюнча жана жер комиссиясы курамын депутаттардан кошуп түзүү жөнүндө”
“Жаргылчак айыл аймагында турак-жай курулуш кооперативдерине жер участокторун бөлүп берүү боюнча жана жер комиссиясы курамына айылдык кеңештин депутаттарынан кошуп түзүү максатында Жаргылчак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 12 сессиясы токтом кылат:
1. Айыл өкмөтүнүн аймагында турак-жай курулуш кооперативдерине жер участокторун бөлүп берүү боюнча жана жер комиссиясы курамына айылдык кеңешинин депутаттарынан макулдашуунун негизинде куралсын.
2. Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Акматовго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге милдеттендирилсин.
Төрага |
| Т.Д. Кызалаков |