Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 27-октябрындагы № 41
“Чоң-Жаргылчак айылындагы 835,55 м2 жер тилкесин жана 2020510040034 идентификациялык кодундагы 121,64 м2 имаратты кыргыз улуттук “Манас” театрынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө”
Жаргылчак айыл аймагынын Чоң-Жаргылчак айылындагы 835,55 кв.м жер тилкесин жана 2020510040034 идентификациялык кодундагы 121,64 кв.м имаратты Кыргыз улуттук “Манас” театрынын балансына өткөрүп берүү максатында Жаргылчак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 12- сессиясы токтом кылат:
1. Чоң-Жаргылчак айылындагы 835,55 кв.м жер тилкесин жана 2020510040034 идентификациялык кодундагы 121,64 кв.м имаратты Кыргыз улуттук “Манас” театрынын балансына өткөрүлүп берилсин.
2. Жер аянтын аныктап, Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тиешелүү иш кагаздары менен иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Төлөков У.П. тапшырылсын.
3. Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Акматовго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге милдеттендирилсин.
Төрага |
| Т.Д. Кызалаков |