Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 27-октябрындагы № 39
“Жаргылчак айыл аймагында катуу тиричилик калдыктарын төгүүчү жайларга жер аянтарын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө”
Аймактагы айылдарга катуу тиричилик калдыктарын төгүүчү жайларын ачууга жер аянтарын бөлүп берүүгө макулдук берүү максатында Жаргылчак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 12 сессиясы токтом кылат:
1. Жаргылчак айыл аймагынында катуу тиричилик калдыктарын төгүүчү жайларын ачуу үчүн Жеңиш айылынын жерди пайдалануу картасындагы № 713 контурунан – 0.80га, Ак-Терек айылынын жерди пайдалануу картасындагы № 1842 контурунан-0.70га жер аянтына, Кичи-Жаргылчак айылынын жерди пайдалануу картасындагы № 3271 контурунан-0.80га жер аянтына жана Чоң-Жаргылчак айылынын жерди пайдалануу картасынын № 1248 контурунан 0.60га жер аянтына макулдук берилсин.
2. Жер аянтын аныктап, Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тиешелүү иш кагаздары менен иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Төлөков У.П. тапшырылсын.
3. Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Акматовго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге милдеттендирилсин.
Төрага |
| Т.Д. Кызалаков |