Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 18-марты № 59
"Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 5, 461-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-статьянын тогузунчу жана он биринчи абзацтарында "жоготуунун" деген сөз "токтотуунун" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 5-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-статья. Кыргыз Республикасынын жарандары
Кыргыз Республикасынын жарандары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө карата Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар адамдар;
2) ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган адамдар;
3) Кыргыз ССРинде төрөлгөн жана 1974-жылдын үлгүсүндөгү паспорту менен Кыргыз ССРнин же Кыргыз Республикасынын аймагында документтештирилген, туулгандан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жана башка мамлекеттин жарандыгына таандыктыгы жөнүндө арыз бербеген адамдар.";
3) 12-статьяда:
а) 1-3-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ата-энеси, же жалгыз атасы, же энеси бала туулган учурда Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналса, чек арага чектеш мамлекеттин жарандыгын кошпогондо, бала туулган жерине жана балада чет мамлекеттин жарандыгы бар экендигине карабастан, Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналат.
2. Туулгандыгы боюнча чет өлкөлүк жарандыкты алган балага карата баланын ата-энеси Кыргыз Республикасынын жарандыгынан баш тартуу жөнүндө биргелешкен жазуу жүзүндөгү арыз берген жагдайды кошпогондо, туулган учуруна карата ата-энесинин бири Кыргыз Республикасынын жараны, ал эми экинчиси чет өлкөлүк жаран болуп эсептелген бала Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналат.
3. Туулган учуруна карата ата-энесинин бири Кыргыз Республикасынын жараны болгон, ал эми экинчиси жарандыгы жок адам же ал төрөлгөн учурда белгисиз болсо, бала туулган жерине карабастан Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналат.";
б) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Ата-энеси же жалгыз атасы, же энеси этностук кыргыздар болуп саналган чет өлкөлүк жарандар болгон Кыргыз Республикасынын аймагында төрөлгөн бала Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналат.";
в) төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү. Ушул статьянын ченемдери жашы жеткен жана чет өлкөлүк жарандар болуп саналган адамдарга жайылтылбайт.";
4) 14-статьяда:
а) 1-бөлүктүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) Кыргыз ССРинде, Кыргыз Республикасында төрөлсө жана/же мурдагы СССРдин жарандыгы болсо;";
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4) ата-энесинин экөөсү тең, же жалгыз атасы, же энеси чет өлкөлүк жаран болгон этностук кыргыздардын баласы - ата-энесинин биринин арызы боюнча жана ата-энесинин экинчисинин жазуу жүзүндөгү макулдугу болгондо.";
в) 5-бөлүктө:
- биринчи абзацтагы биринчи сүйлөм төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Чет мамлекеттин жарандыгы бар Кыргыз Республикасынын мурдагы жарандары Кыргыз Республикасынын жарандыгын калыбына келтирүүдө жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө өтүнүч менен кайрылууга укуктуу.";
- экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Чет мамлекеттин жарандыгы жок жана жарандыгы жок адамдар деп таанылган Кыргыз Республикасынын мурдагы жарандары Кыргыз Республикасынын жарандыгын калыбына келтирүүдө Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган мөөнөтү жөнүндө шарттарды көрсөтпөстөн жана 13-статьяда жана ушул статьянын 1-бөлүгүндө каралган шарттарды сактабастан, мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрдө кабыл алынат.";
г) 6-бөлүктүн экинчи сүйлөмүндө "башка мамлекеттин жарандыгынан баш тартуусун көрсөтүү менен" деген сөздөр алып салынсын;
5) 16-статьянын 1-пунктунда "мамлекеттик" деген сөз "улуттук" деген сөзгө алмаштырылсын;
6) 24-статьяда:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ушул Мыйзамдын 26-статьясында каралган учурларды кошпогондо, адамдын Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуусу ал адамдын ыктыярдуу эрк-ниетинин негизинде, мындай адамдын башка жарандыгы бар болсо же адам башка мамлекеттин жарандыгын алганына кепилдик берилсе, жалпы тартипте жүзөгө ашырылат.";
6) 2-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 3-бөлүктө "жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте" деген сөздөр алып салынсын;
7) 25-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"25-статья. Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгаруудан баш тартуунун негиздери
Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгууга төмөнкүдөй учурларда жол берилбейт:
1) эгерде Кыргыз Республикасынын жаранынын мамлекеттин алдында аткарылбаган милдеттенмелери же Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык же жеке жактардын кызыкчылыктары менен байланышкан мүлктүк милдеттенмелери болсо;
2) эгерде Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан кылмыш иши боюнча айыпталуучу катары тартылса же ага карата мыйзамдуу күчүнө кирген жана аткарууга тийиш болгон соттун айыптоочу өкүмү болсо;
3) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун кызыкчылыктарына карама-каршы келген учурда.";
8) 26-статьянын 2-бөлүгүндө:
а) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан баш тартуу жөнүндө нотариалдык күбөлөндүрүлгөн арыз болгондо чет мамлекеттин компетенттүү органынан ошол мамлекеттин жарандыгын алгандыгы жөнүндө маалымат түшкөн учурда;";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
"2-1) туулгандыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган, Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуунун натыйжасында Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирген ишти жүргүзгөн, же чет мамлекеттин аракеттеги аскердик кызматында, укук коргоо органдарында же атайын кызмат органдарында кызматта турган учурда;";
9) 31-статьяда:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселелери боюнча арыздар Кыргыз Республикасынын Президентинин атына жазылат жана калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына берилет.";
б) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Баланын же иш-аракетке жөндөмсүз адамдын жарандыгын өзгөртүү жөнүндө арыз алардын ата-энелери же башка мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан берилет.";
в) 6-бөлүктө "жоготуу" деген сөз "токтотуу" деген сөзгө алмаштырылсын;
10) 34-статьяда:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери Кыргыз Республикасынын жарандыгынын маселелери боюнча арыз ээсинин жеке өзү берген бардык арыздарын кабыл алууга милдеттүү.";
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы же жарандык маселелери боюнча арыздарды тариздөөнү жүргүзгөн тиешелүү дипломатиялык өкүлчүлүк же консулдук мекеме улуттук коопсуздук органдары жана ички иштер органдары менен макулдашуунун жыйынтыгында алар боюнча өзүнүн жүйөлөнгөн жана негизделген корутундусун чыгарат.";
в) 4-бөлүктүн экинчи абзацында "мамлекеттик" деген сөз "улуттук" деген сөзгө алмаштырылсын;
11) 37-статьянын 3-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул Мыйзамдын 26-статьясында көрсөтүлгөн адамдар Кыргыз Республикасынын Президенти кабыл алуучу чечимге ылайык Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготот.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 21-мартындагы № 21 (3677) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |