Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 27-октябрындагы № 38
“Жаргылчак айыл аймагындагы кооператив жана дыйкан чарба жерлерин органикалык аймакка өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө”
Жаргылчак айыл аймагынын кооператив жана дыйкан чарба жерлерин органикалык аймакка өткөрүүгө макулдук берүү максатында Жаргылчак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 12 сессиясы токтом кылат:
1. Жаргылчак айыл аймагындагы кооператив жана дыйкан чарба жерлерин органикалык аймакка өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Кооператив жана дыйкан чарба жерлеринин органикалык аймакка өтүүгө тиешелүү иш кагаздары менен иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Төлөков У.П. тапшырылсын.
3. Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Акматовго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге милдеттендирилсин.
Төрага |
| Т.Д. Кызалаков |