Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 27-октябрындагы № 37
“Баткен кагылышуусунда жарадар болгон Жеңиш айылынын жашоочусу Үсөнбеков Жакшылыкка жардам катары акча каражатын берүү жөнүндө”
Жаргылчак айыл аймагынын Жеңиш айылынын жашоочусу Ж.Үсөнбеков жөнүндө Жаргылчак айыл өкмөтүнүн ВУС кызматкери Ж.Мамыровдун билдирүүсүн карап талкуулап чыгып, Баткен кагылышуусунда жарадар болгон Жеңиш айылынын жашоочусу Үсөнбеков Жакшылыкка жардам катары акча каражатын берүү максатында Жаргылчак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 12 сессиясы токтом кылат:
1. Жениш айылынын тургуну Ж.Үсөнбековдун дарылануусуна жардам катары айыл өкмөтүнүн бюджетинин эконом болгон каражатынын эсебинен бир жүз миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Акматовго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге милдеттендирилсин.
Төрага |
| Т.Д. Кызалаков |