Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXXVI СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 5-августу №225/36-5
Токмок шаары, Советский көчөсү (Бишкек-Нарын-Торугарт түндүк жолу)
дарегинде жайгашкан коомдук даараткананы Токмок шаарынын Муниципалдык
менчик башкармалыгынын балансына кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 29-июлундагы №1-22/2427 кайрылуусун карап чыгып, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Токмок шаары, Советский көчөсү (Бишкек-Нарын-Торугарт түндүк жолу) дарегинде жайгашкан коомдук даараткананы Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына кабыл алууга макулдук берилсин.
2.Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.М.Сансызбаев |