Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXXVI СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 5-августу №226/36-5
Токмок шаары, 3-кичирайонундагы түштүк-чыгыш тарабында жайгашкан аянты
7,954 га жер тилкесинин зоналдык категориясын Р-2 зонасынан П-1 зонасына
которууга жана “Токмок шаарынын курулуш жана жерди пайдалануу
эрежелеринин” 25-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 31-июлундагы №1-22/2486 катынын жана Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиянын протоколунун, ошондой эле Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын протоколунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Токмок ш. курулуш жана жерди пайдалануу эрежелеринин” 25-беренесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
-Токмок шаары, 3-кичирайонундагы түштүк-чыгыш тарабында жайгашкан аянты 7,954 га жер тилкесинин зоналдык категориясын Р-2 (рекреациялык-ландшафтык аймактардын зонасы) зонасынан П-1 (өнөр жай зонасы) зонасына которулсун.
2.Бул токтом Токмок шаардык кеңешинин сайтына жарыялансын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.М.Сансызбаев |