Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 27-октябрындагы № 34
“Жеңиш айылында логистикалык борбор ачууга макулдук берүү жөнүндө”
“Жаргылчак айыл аймагынын Жеңиш айылынын жашоочусу Т.Т.Шаршеевдин аймак жашоочуларынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө болуусу үчүн элди жумуш менен камсыздоо жана айылдардагы алма-өрүк продукцияларын сактоого логистикалык борбор ачууга, Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунан долбоор аркылуу жардам суроо иштерине Жаргылчак айыл өкмөтүнөн кепилдик кат жазып берүүсү жөнүндө уруксаат сурап жазылган кайрылуусун карап чыгып, макулдук берүү максатында Жаргылчак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 12 сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондуна долбоор аркылуу кайрылуусуна керектүү кепилдик катын Жаргылчак айыл өкмөтүнүн атынан жазып берүүгө макулдук берилсин.
2. Кыргыз-Россия фонду менен долбоор аркылуу иш жүргүзүүгө тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана коюулуучу күрөөсүн (залогун) Шаршеев Таштан Токтосуновичтин өзүнүн атынан даярдоо тапшырылсын.
3. Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Акматовго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге милдеттендирилсин.
Төрага |
| Т.Д. Кызалаков |