Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 14-июлундагы № 32
“ЭлКат” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан оптикалык чубалгыларды тартуу үчүн темир-бетон байланыш таянычтарын орнотуу жөнүндө”
“ЭлКат” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан “Кумтөр Голд Компании” ишканасынын үзгүлтүксүз интернет байланышын камсыз кылуу максатында оптикалык чубалгыларды тартуу үчүн Жаргылчак айыл аймагына тиешелүү сырт өрөөнүндөгү жайыт жерге темир-бетон байланыш таянычтарын орнотууга уруксат алуу боюнча “ЭлКат” жоопкерчилиги чектелген коомунун катынын негизинде жана ишкананын менеджери Т.Кайыковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жаргылчак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз сессиясы токтом кылат.
1. Сырт өрөөнүндөгү Жаргылчак айыл аймагына тиешелүү жайыт жери менен “ЭлКат” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан оптикалык чубалгыларды тартуу үчүн темир-бетон байланыш таянычтарын орнотууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге жана айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси У.П.Төлөковго милдеттендирилсин.
Төрага |
| Т.Д. Кызалаков |