Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 14-июлундагы № 31
“Айыл чарба багытындагы жер салыгынын ордун толуктоо үчүн Республикалык бюджеттен максаттуу трансферт аркылуу келген акча каражатын 2022-жылдын бюджетине кошумча пайдалануу жөнүндө”
Айыл чарба багытындагы жер салыгынын ордун толуктоо үчүн Республикалык бюджеттен максаттуу трансферт аркылуу келген 133 000 сомду максаттуу түрдө пайдалануу максатында, айыл өкмөтүнүн бул маселе боюнча берген сунушун ар тараптан карап чыгып, Жаргылчак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз сессиясы токтом кылат.
Жаргылчак айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджетине Республикалык бюджеттен трансферт катары келип түшкөн 133 000 сом акча каражаты Ак-Терек айылынын электр чубалгыларын алуу үчүн чыгымдалсын.
№ | Иш-чара | Функционалдык классификация | Элемент | Сумма Сом менен |
1 | Ак-Терек айылынын электр чубалгыларын алуу | 70629 ЖКХ | 31122290 | 133 000 сом |
Баардыгы: 133 000 сом | ||||
2. Жаргылчак айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Н.К.Ишебаевге акча каражатын максаттуу чыгымдоо милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Акматовго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин пландоо, бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге тапшырылсын.
Төрага |
| Т.Д. Кызалаков |