Загрузка документа…
КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын I-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 27-ноябры №1/1
Куйручук-Кызарт айылдык кеңештин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын №2/2-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен токтом кылат:
1. Эсептөө комиссиясынын Куйручук-Кызарт айылдык кеңештин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын 27- ноябрындагы №2/2-протоколу бекитилсин;
2. Уланбек уулу Жыргалбек Куйручук-Кызарт айылдык кеңештин төрагасы болуп шайлангандыгы таанылсын;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Уланбек уулу Жыргалбек |