Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2025-жыл 29-январы №4
Жайыт акыны бекитүү жөнүндө
Үч-Терек жайыт комитетинин бюджетин көтөрүү жана учурдагы инфляцияны эске алуу менен жайыт акыны жогорулатуу боюнча, жайыт адиси К.Сыргабаевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап, 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 386 токтому менен бекитилген «Жайыттарды пайдалануу үчүн акы белгилөө тартиби жөнүндө Типтүү Жобону» негиздеп, Үч-Терек айылдык кенешинин IX чакырылышынын кезектеги V сессиясы токтом кылат:
1. Үч-Терек айылдык кенешинин 2024-жылдын 01-февралындагы №205 «Үч-Терек айылдык кенешинин 2022-жылдын 23-декабрындагы №127 «Жайыт акыны көтөрүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Үч-Терек айыл өкмөтүндө жайыт акы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн тургундары үчүн жандык малга 25 сом, ири мүйүздүү бодо малга жана жылкыга 130 сом болуп белгиленсин.
3. Жайыт акы тарифтери башка айыл өкмөттөрдөн келген малчылар үчүн ири мүйүздүү бодо малга 170 сом, жылкыга 200 сом, торпок жана кулунга 70 сом, жандык малга 50 сом, козу, улакка 20 сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Жаңы бекитилген жайыт акы тарифи менен иш алып баруу жана жайыт пайдалануучулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жайыт адиси К.Сыргабаевке милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
6. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, жооптуу катчы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | Г.Маленов |