Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги VII сессиясынын
2025-жылдын 06-февралы №13
Токтогул шаарынын аймагында 2024-жылы аткарылган иштер боюнча мэрдин отчетун угуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына жана Токтогул шаардык кеңешинин Регламентине ылайык, 2024-жыл ичинде аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, калкты социалдык жактан коргоо программаларын жүзөгө ашыруу, башка жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү, бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы боюнча Токтогул шаарынын мэри Б.Д.Максутбаевдин отчету “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын 04.02.2025-жылдагы жыйналышында каралып, жыйынтыгы сессияга сунушталган.
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги VII сессиясы, токтом кылат:
1. 2024-жыл ичинде Токтогул шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү калкты социалдык жактан коргоо программаларынын алкагында аткарылган иштер жөнүндө Токтогул шаарынын мэри Б.Д.Максутбаевдин отчету жалпысынан канааттандырарлык деп табылсын.
2. Токтогул шаарынын мэриясынын алдындагы “Ыңгайлуу шарт” МИ, “Токтогул Суу Канал” өндүрүштүк-эксплуатациялык ишканаларынын натыйжалуу иш жүргүзүүсү боюнча депутаттар тарабынан айтылган сунуштардын негизинде кошумча иш аракеттер көрүлсүн.
3. Токтомдун жалпы аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, КР ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү багытында иш алып баруу жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | С.Т.Кылданов |