Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги VII сессиясынын
2025-жылдын 06-февралы №14
Токтогул шаар аймагынын 2025-2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Токтогул шаарынын 2025-2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планы Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын 04.02.2025-жылдагы жыйналышында каралып, жыйынтыгы сессияга сунушталган.
Жогоруда аталган туруктуу комиссиянын корутундусун жана депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги VII сессиясы, токтом кылат:
1. 2025-2027-жылдарга Токтогул шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планы жалпысынан жактырылгандыгы белгиленсин, тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркелет).
2. 2025-2027-жылдарга пландалган иштерди аткаруу, сырткы жана ички инвестиция тартуу багытында натыйжалуу иштер жүргүзүлсүн.
3. Токтогул шаарынын коомчулугуна, шаардык кеңешинин депутаттарына ушул токтом менен бекитилген өнүгүү программасынын алкаганда аткарылган иштер боюнча ар бир жарым жылда 1 (бир) жолу отчет берип туруу Токтогул шаарынын мэрине милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына (Н.Нурканов, А.Жолдошбеков, Н.Асанбеков, Ч.Иманбаев) тапшырылсын.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, КР ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү багытында иш алып баруу жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | С.Т.Кылданов |