Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги VII сессиясынын
2025-жылдын 06-февралы №15
01.01.2025-жылга карата Токтогул шаарынын мэриясынын негизги
жана атайын эсебинде калган акча каражатынын калдыгын
бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына жана Бюджеттик Кодекске ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Д.Максутбаевдиннин 28.01.2025-жылдагы № 01-18/166 сунушу Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын 04.02.2025-жылдагы жыйналышында каралып, жыйынтыкталды.
Жогоруда аталган туруктуу комиссиянын корутундусун, угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги VII сессиясы, токтом кылат:
1. 01.01.2025-жылга карата жалпы 8160,9 миң сом, анын ичинен негизги эсептен 6987,9 миң сом, жайыт акысынан 346,8 миң сом, атайын каражаттан 34,9 миң сом (аппарат), ата-энелерден чогултулуучу каражаттан 791,3 миң сом калгандыгы белгиленсин.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн 8160,9 миң сом акча каражаты төмөндөгү багыттарга бөлүштүрүлүп, чыгымдалсын:
· Негизги эсептен калдык: 6987,9 миң сом, анын ичинен:
Мэриянын аппаратына
Статья 2215 4176,5 миң сом - муниципалдык тапшырыктарга;
Статья 2221 1153,2 миң сом - Токтогул шаарына тиешелүү ички жолдорду шагылдоого жана тегиздөөгө;
Статья 2222 334,7 миң сом - мэриянын аппаратына канц, чарба товар алууга;
Статья 2231 300,0 миң сом - Н.Бримкулов мектебинин электр энергиясын төлөөгө;
Статья 2721 200,0 миң сом – карышкыр, чөө жырткычтарын атып жок кылууга сый акыга;
Статья 3111 823,5 миң сом – “Кубай” жоопкерчилиги чектелген коомго 75 орунду балдар бакчасында кошумча жасаган курулуш иштерине төлөөгө;
Жалпы: 6987,9 миң сом
Жайыттарга:
Статья 2215 346,8 миң сом - жайыттарга байланышкан иштерге;
· Атайын каражаттан калдык:
Статья 2215 34,9 мин сом – муниципалдык тапшырыктарга;
Балдар бакчасына
Статья 2218 791,3 миң сом – тамак аш чыгымына;
3. Бул токтомдун аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Д.Максутбаев), ФЭБ башчысына (Э.Сооронбекова) милдеттендирилсин.
4. Аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын (Н.Нурканов).
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, КР ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү багытында иш алып баруу жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | С.Т.Кылданов |