Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги VII сессиясынын
2025-жылдын 06-февралы №16
Токтогул шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2024-жылга аткарылышын, 2025-жылга бюджеттин түзүлүшүнүн болжолун кароо, бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына жана Бюджеттик Кодекске ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Д.Максутбаевдиннин 28.01.2025-жылдагы № 01-18/166 сунушу Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын 04.02.2025-жылдагы жыйналышында каралып, жыйынтыкталды.
Жогоруда аталган туруктуу комиссиянын корутундусун, угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги VII сессиясы, токтом кылат:
1. 2024-жылга Токтогул шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү жалпы 211024,6 миң сомго (атайын каражаттарды, республикалык бюджеттен түшкөн каражаттарды кошкондо) аткарылгандыгы белгиленсин (1-Тиркеме).
Анын ичинен: Жергиликтүү салык, салыктык эмес жыйымдар 107376,0 миң сом, атайын каражаттар 20160,4 миң сом, башка булактардан которуу жолу менен -83488,2 миң сом;
2. Чыгаша бөлүгү жалпы 183 262,3 миң сом, анын ичинен жергиликтүү бюджет 112793,3 миң сом, атайын каражат 19520,5 миң сом, республикалык бюджеттен түшкон каражаттан 50948,5 миң сом өлчөмүндө аткарылгандыгы белгиленсин (2-Тиркеме).
Жыл аягында 20149,5 миң сом республикалык бюджетке кайтарылгандыгы эске алынсын.
3. 2025-2027-жылдарга жергиликтүү бюджеттин түзүлүшү жалпысынан жактырылсын, 2025-жылга Токтогул шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн болжолу жалпысынан 131 729,1 миң сом өлчөмүндө бекитилсин (3-Тиркеме).
Анын ичинен төмөндөгүлөр эске алынсын:
Жергиликтүү салык, салыктык эмес жыйымдар – 105 329,1 миң сом;
Атайын каражат – 26 400,0 миң сом;
4. 2025-жылдын чыгаша бөлүгү ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык бекитилсин.
5. Жогоруда бекитилген акча каражаттарын чыгымдоо багыттары ушул токтомдун 5-тиркемесинде ачыкталып берилгендиги белгиленсин, 4-5-Тиркемелер так аткарууга алынсын.
6. Сырттан инвестиция,гранттарды тартуу максатында кошумча иш аракеттер жүргүзүлсүн.
7. Токтогул шаардык мэриясынын 1% резервдик фондунун жалпы көлөмү 1043,4 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
8. Жергиликтүү бюджеттин киреше булагын түзүүчү салыктык жана салыктык эмес жыйымдардын топтолушун катуу көзөмөлгө алуу, бекитилген жергиликтүү бюджеттин каражаттарын бөлүнгөн багыттарга, максаттуу пайдалануу шаар мэринин (Б.Д.Максутбаев) жана ФЭБ башчысынын (Э.Сооронбекова) жоопкерчилигинде экендиги баса белгиленсин.
9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (Н.Нурканов) тапшырылсын.
10. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
11. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, КР ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү багытында иш алып баруу жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
12. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | С.Т.Кылданов |
Тиркеме № 01
Токтогул шаарынын бюджетинин (АТР кийин) киреше бөлүгүнүн
2024-жылдын 12 айына аткарылышы боюнча маалымат
(миң сом)
№ | Киреше булактары | 2024 -жылга бекитилген план | 2024-жылдын 12 айына план | Факт. аткарылганы 2024-жыл 12 ай (мин сом) | Айырма (+,-) бекитилген планга | Такталган планга салыштыр малуу% |
| |
1 | Салык агенти төлөөчү киреше салыгы | 78474,0 | 78474,0 | 81546,9 | 3072,9 | 103,9% |
| |
2 | Чакан ишкердик субьектери үчүн бирдиктүү салык |
|
| 181,4 | 181,4 |
|
| |
3 | Патенттин негизинде алынуучу салык | 6730,0 | 6730,0 | 2408,3 | 4321,7 | 35,7% |
| |
4 | Кыймылсыз мүлккө салык | 228,0 | 228,0 | 280,1 | 52,1 | 122,8% |
| |
5 | Транспорттук каражаттарына салык | 3396,0 | 3396,0 | 4272,1 | 876,1 | 128,7% |
| |
6 | Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы | 1578,0 | 1578,0 | 1724,1 | 146,1 | 109,2% |
| |
7 | Айыл чарбасына багытталган жер салыгы |
|
| 63,7 | 63,7 |
|
| |
8 | Айыл чарбасына багытталбаган жер салыгы | 5370,0 | 5370,0 | 6522,5 | 1152,5 | 121,4% |
| |
9 | Роялти | 932,4 | 932,4 | 1309,8 | 377,4 | 140,4% |
| |
10 | Лицензия | 5021,3 | 5021,3 | 5709,3 | 688,0 | 282,4% |
| |
11 | Калктуу пунктардагы ичиндеги жерлердин ижара акысы | 900,0 | 900,0 | 1002,6 | 102,6 | 111,4% |
| |
12 | Жайыт акы | 750,0 | 750,0 | 1084,0 | 334,0 | 144,5% |
| |
13 | Аренда ФПС | 700,0 | 700,0 | 843,9 | 143,9 | 120,5% |
| |
14 | Алкоголдук ичимдиктерден лицензиясынан | 50,0 | 50,0 | 90,0 | 40,0 | 180,0% |
| |
15 | Жергиликтуу маанидеги жерлердин инфратүзүмүн жакшыртууга |
|
| 337,3 | 337,3 |
|
| |
| Баардыгы | 104129,7 | 104129,7 | 107376,0 |
| 103,1% |
| |
| Атайын каражат | 26455,0 | 26455,0 | 20160,4 | 6294,6 | 76,2% |
| |
16 | Республикалык бюджеттен анын ичинен: |
|
| 83488,2 |
|
|
| |
Экономист статистин эмгек акысы 680,8 |
| |||||||
Клуб, Бибилотеканын эмгек акысы 2270,2 |
| |||||||
Жолдорду асфальттоого 50000,0 |
| |||||||
Ген планга -12696,5 |
| |||||||
Выпадения -1230,0 |
| |||||||
Дем берүүчү грант-7663,9 |
| |||||||
Акылай б/б эмгек акы маянасы 1447,8 |
| |||||||
Компенсацияга электр энергияга-7499,0 |
| |||||||
| Жалпы киреше | 130584,7 | 130584,7 | 127536,4 |
|
|
| |
Төрага: С.Т.Кылданов