Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын
кезектеги VII сессиясынын
2025-жылдын 06-февралы №19
Бөкөнбаев көчөсүнө жөө адамдар басуучу жол куруу боюнча долбоорго өздүк салым үчүн каражат бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексине” ылайык, 2025-жылы Токтогул шаарынын Бөкөнбаев атындагы көчөсүнүн күн чыгыш тарабына жөө адамдар басуучу жол куруу боюнча долбоорду республикалык бюджеттен берилүүчү дем берүүчү (үлүштүк) гранттын эсебинен ишке ашыруу жөнүндө Токтогул шаарынын мэри Б.Д.Максутбаевдин 28.01.2025-жылдагы №01-18/166 сунушу, “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын 04.02.2025-жылдагы жыйналышында каралып, жыйынтыкталды.
Жогоруда аталган туруктуу комиссиянын корутундусун, угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги VII сессиясы, токтом кылат:
1. Туруктуу комиссиянын чечими жалпысынан колдоого алынгандыгы белгиленсин.
2. Ага ылайык, Бөкөнбаев атындагы көчөнүн күн чыгыш тарабына жөө адамдар басуучу жол куруу боюнча долбоордун жалпы наркы 2 911 000 сом болгондугу эске алынсын, долбоордун наркынын 25%, 727 750 сом жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым катары бөлүнүп берилсин.
3. Бул долбоорду ишке ашыруда каражаттардын максаттуу пайдаланылышын, белгиленген иштердин өз мөөнөтүндө, сапаттуу бүтүшүн камсыздоо боюнча жоопкерчилик Токтогул шаарынын мэрине (Б.Д.Максутбаев) жүктөлсүн.
4. Аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын (Н.Нурканов).
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, КР ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү багытында иш алып баруу жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: |
С.Т.Кылданов |